Катталуу, бет 547
-
وَالَّذِينَ جَاءُوا مِنْ بَعْدِهِمْ يَقُولُونَ رَبَّنَا اغْفِرْ لَنَا وَلِإِخْوَانِنَا الَّذِينَ سَبَقُونَا بِالْإِيمَانِ وَلَا تَجْعَلْ فِي قُلُوبِنَا غِلًّا لِلَّذِينَ آمَنُوا رَبَّنَا إِنَّكَ رَءُوفٌ رَحِيمٌ
Алардан (Мухажирлер жана ансарлардан куралган абалкы мусулман үммөтүнөн) кийин келген адамдар (дуба-тилектеринде мындай) дешет: «Оо, Раббибиз! Бизди жана бизден мурда ыйман менен өткөн (диндеги) бир туугандарыбызды кечире көр! Биздин жүрөгүбүзгө ыймандуу адамдарга карата жек көрүүнү салба! Оо, Раббибиз! Өзүң Ырайымдуу, Боорукерсиң!
59:10 -
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ نَافَقُوا يَقُولُونَ لِإِخْوَانِهِمُ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ لَئِنْ أُخْرِجْتُمْ لَنَخْرُجَنَّ مَعَكُمْ وَلَا نُطِيعُ فِيكُمْ أَحَدًا أَبَدًا وَإِنْ قُوتِلْتُمْ لَنَنْصُرَنَّكُمْ وَاللَّهُ يَشْهَدُ إِنَّهُمْ لَكَاذِبُونَ
(Оо, Мухаммад!) Мунафык адамдарга карабайсыңбы, китеп ээлеринен болгон каапыр өнөктөштөрүнө келип: «Эгер силер (Мединадан) чыгарылсаңар, биз дагы силер менен бирге чыгабыз! Силер(ге зыян жеткирүү) жөнүндө эч качан, эч кимге моюн сунбайбыз! Эгер силерге согуш ачылса, албетте жардам беребиз!» дешет. Бирок, алардын анык жалганчы экенине Аллах күбө!
59:11 -
لَئِنْ أُخْرِجُوا لَا يَخْرُجُونَ مَعَهُمْ وَلَئِنْ قُوتِلُوا لَا يَنْصُرُونَهُمْ وَلَئِنْ نَصَرُوهُمْ لَيُوَلُّنَّ الْأَدْبَارَ ثُمَّ لَا يُنْصَرُونَ
Эгер алар чыгарылса, (мунафыктар) алар менен бирге чыкпайт жана эгер өлтүрүлүп жатса да эч жардам беришпейт. Жардам берген күндө деле артына карап качышмак жана (аларга Аллахтан) жардам берилбей калмак.
59:12 -
لَأَنْتُمْ أَشَدُّ رَهْبَةً فِي صُدُورِهِمْ مِنَ اللَّهِ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَفْقَهُونَ
(Оо, ыйман жоокерлери! Алардын сепилдерин курчап турганыңарда) алардын жүрөктөрүнө Аллахтан да айбаттуураак сезилдиңер. Мунун себеби, алар (Аллахтын кудуретин) билбеген коом эле.
59:13 -
لَا يُقَاتِلُونَكُمْ جَمِيعًا إِلَّا فِي قُرًى مُحَصَّنَةٍ أَوْ مِنْ وَرَاءِ جُدُرٍ ۚ بَأْسُهُمْ بَيْنَهُمْ شَدِيدٌ ۚ تَحْسَبُهُمْ جَمِيعًا وَقُلُوبُهُمْ شَتَّىٰ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْقِلُونَ
Алар силер менен (ачык майданда) биримдикте согуша албайт. Чеп менен оролгон шаарларынын ичинде же дубалдардын ар жагында гана («чогуу» боло алышат). Алардын айбат-сүрү өздөрүнүн ичинде гана күчтүү. (Ошондуктан,) аларды биримдикте деп ойлойсуңар. Бирок, алардын жүрөктөрү ыдырап бүткөн. Мунун себеби, алар (Аллахтын аяттарынын алдында) акылын иштетпеген коом.
59:14 -
كَمَثَلِ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ قَرِيبًا ۖ ذَاقُوا وَبَالَ أَمْرِهِمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Алар өздөрүнөн бир аз эле мурдагы кылмышынын жазасын тарткан (каапыр) адамдарга окшойт. Аларга жан ооруткан азап бар.
59:15 -
كَمَثَلِ الشَّيْطَانِ إِذْ قَالَ لِلْإِنْسَانِ اكْفُرْ فَلَمَّا كَفَرَ قَالَ إِنِّي بَرِيءٌ مِنْكَ إِنِّي أَخَافُ اللَّهَ رَبَّ الْعَالَمِينَ
(Ал эми, аларды согушка козутуп, өздөрү келбей койгон мунафыктар) шайтанга окшош. Бир кезде ал инсанга (каапырчылыкты кооз көргөзүп): «Каапыр бол» - деди. Каапыр болду эле, (дароо өзүн оолактатып): «Сени менен ишим жок. Мен ааламдардын Раббисинен коркомун!» деди.
59:16
Котормо: Шамсуддин Хакимов