Катталуу, бет 540

  1. وَالَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ أُولَٰئِكَ هُمُ الصِّدِّيقُونَ ۖ وَالشُّهَدَاءُ عِنْدَ رَبِّهِمْ لَهُمْ أَجْرُهُمْ وَنُورُهُمْ ۖ وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ

    Аллахка жана пайгамбарына ыйман келтиргендер, ошолор гана сыддыктар! Шейиттерге болсо, Раббисинин алдында (өзгөчө) сооптору жана нурлары бар! Ал эми, капыр болуп, Биздин аяттарыбызды «жалган» дегендер – алар тозок ээлери!

    57:19
  2. اعْلَمُوا أَنَّمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا لَعِبٌ وَلَهْوٌ وَزِينَةٌ وَتَفَاخُرٌ بَيْنَكُمْ وَتَكَاثُرٌ فِي الْأَمْوَالِ وَالْأَوْلَادِ ۖ كَمَثَلِ غَيْثٍ أَعْجَبَ الْكُفَّارَ نَبَاتُهُ ثُمَّ يَهِيجُ فَتَرَاهُ مُصْفَرًّا ثُمَّ يَكُونُ حُطَامًا ۖ وَفِي الْآخِرَةِ عَذَابٌ شَدِيدٌ وَمَغْفِرَةٌ مِنَ اللَّهِ وَرِضْوَانٌ ۚ وَمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا إِلَّا مَتَاعُ الْغُرُورِ

    Билип алгыла: Дүйнө жашоосу оюн-тамаша, зыйнат-жасалга, өз араңарда менменсинүү, мал-мүлк жана бала-чаканы көбөйтүүдөн гана турат. Анын мисалы жамгыр сыяктуу: ал өстүргөн нерселер дыйканды сүйүнтөт. Кийин (убактылуу) кулпурат. Андан кийин сен анын саргарганын көрөсүң. Андан кийин кургак чөпкө айланат. Акыретте (убактылуу дүйнөгө азгырылгандарга) катуу азап жана (ыймандууларга) Аллахтан кечирим жана ыразылык бар. (Ошентип) Дүйнө жашоосу азгырык матаадан башка эмес.

    57:20
  3. سَابِقُوا إِلَىٰ مَغْفِرَةٍ مِنْ رَبِّكُمْ وَجَنَّةٍ عَرْضُهَا كَعَرْضِ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ أُعِدَّتْ لِلَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ ۚ ذَٰلِكَ فَضْلُ اللَّهِ يُؤْتِيهِ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ

    (Эй, момундар!) Раббиңердин кечиримине жана кеңдиги асман менен жердей болгон бейишке шашылгыла! Ал Аллахка жана Анын пайгамбарларына ыйман келтиргендер үчүн даярдалган. Бул – Аллахтын пазилети. Аны каалаган пенделерине берет. Аллах улук пазилет Ээси.

    57:21
  4. مَا أَصَابَ مِنْ مُصِيبَةٍ فِي الْأَرْضِ وَلَا فِي أَنْفُسِكُمْ إِلَّا فِي كِتَابٍ مِنْ قَبْلِ أَنْ نَبْرَأَهَا ۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرٌ

    Жердеги жана өзүңөрдөгү ар бир апаат-кырсык, Биз аны болтурганыбызга чейин эле (Лавхул-Махфуз деген) китепте жазылып калган. Бул Аллах үчүн жеңил.

    57:22
  5. لِكَيْلَا تَأْسَوْا عَلَىٰ مَا فَاتَكُمْ وَلَا تَفْرَحُوا بِمَا آتَاكُمْ ۗ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ كُلَّ مُخْتَالٍ فَخُورٍ

    (Мал-дүйнө, ден-соолук ж.б.у.с.) нерселер силерден кеткени себептүү капаланбашыңар үчүн жана силерге келген нерсеге сүйүнүп-көөп кетпешиңер үчүн (Аллах бардыгын мурдатан Лавхул-Махфузга жазып койгон). Аллах ар бир текебер-мактанчаакты сүйбөйт.

    57:23
  6. الَّذِينَ يَبْخَلُونَ وَيَأْمُرُونَ النَّاسَ بِالْبُخْلِ ۗ وَمَنْ يَتَوَلَّ فَإِنَّ اللَّهَ هُوَ الْغَنِيُّ الْحَمِيدُ

    Ошолор (садакадан) сараңдык кылышат жана адамдарды дагы сараңдыкка буюрушат. Ким (садакадан) жүз үйрүсө, (билип алгыла) Аллах – Беймуктаж, Макталган.

    57:24

Котормо: Шамсуддин Хакимов