Катталуу, бет 501
-
أَفَرَأَيْتَ مَنِ اتَّخَذَ إِلَٰهَهُ هَوَاهُ وَأَضَلَّهُ اللَّهُ عَلَىٰ عِلْمٍ وَخَتَمَ عَلَىٰ سَمْعِهِ وَقَلْبِهِ وَجَعَلَ عَلَىٰ بَصَرِهِ غِشَاوَةً فَمَنْ يَهْدِيهِ مِنْ بَعْدِ اللَّهِ ۚ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ
Сен өз (напсинин) каалосун кудай кылып алган жана (натыйжада) Аллах аны (хидаятка ылайык эмес экенин) билип, адаштырып койгон, кулагына, жүрөгүнө мөөр баскан жана көзүнө парда тосуп койгон адамды көрдүң беле? Аллахтан башка ким аны Туура Жолго баштай алмак?! Эсиңерге келбейсиңерби эми!
45:23 -
وَقَالُوا مَا هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا الدُّنْيَا نَمُوتُ وَنَحْيَا وَمَا يُهْلِكُنَا إِلَّا الدَّهْرُ ۚ وَمَا لَهُمْ بِذَٰلِكَ مِنْ عِلْمٍ ۖ إِنْ هُمْ إِلَّا يَظُنُّونَ
(Каапырлар) айтышат: «Ушул дүйнөдөгү жашообуздан башка жашоо жок. Өлөбүз, жашайбыз. Бизди заман(дын өтүшү) гана өлтүрөт (Аллах өлтүрбөйт)». Бул жөнүндө аларда илим жок. Алар болгону күмөнгө таянышат.
45:24 -
وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ مَا كَانَ حُجَّتَهُمْ إِلَّا أَنْ قَالُوا ائْتُوا بِآبَائِنَا إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Качан аларга биздин анык-далилдүү аяттарыбыз окуп берилсе «Эгер (кайра тирилүү бар» деген) сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, бизге (өлүп кеткен) ата-бабаларыбызды (тирилтип) алып келгилечи?!» деген сөздөн башка «далилдери» болбойт.
45:25 -
قُلِ اللَّهُ يُحْيِيكُمْ ثُمَّ يُمِيتُكُمْ ثُمَّ يَجْمَعُكُمْ إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ لَا رَيْبَ فِيهِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ
Айткын: «Силерге Аллах өмүр берет, кийин Өзү өлтүрөт. Андан соң күмөнсүз Кыямат күн үчүн баарыңарды чогултат. Бирок, (муну) көп адамдар билбейт.
45:26 -
وَلِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَيَوْمَ تَقُومُ السَّاعَةُ يَوْمَئِذٍ يَخْسَرُ الْمُبْطِلُونَ
Асмандар жана жердин мүлкү Аллахка таандык. Ал эми Кыямат болгон күндө жалганчылар зыян тартып калышат.
45:27 -
وَتَرَىٰ كُلَّ أُمَّةٍ جَاثِيَةً ۚ كُلُّ أُمَّةٍ تُدْعَىٰ إِلَىٰ كِتَابِهَا الْيَوْمَ تُجْزَوْنَ مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Жана сен (ал күнү) ар үммөттү чөгөлөгөн абалда көрөсүң. Ар бир үммөт өз китебине чакырылат. Ал күнү баарыңар кылмышыңарга жараша үлүш (жаза же сыйлык) аласыңар.
45:28 -
هَٰذَا كِتَابُنَا يَنْطِقُ عَلَيْكُمْ بِالْحَقِّ ۚ إِنَّا كُنَّا نَسْتَنْسِخُ مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Бул Китебибиз силерге акыйкатты (гана) сүйлөйт. Биз силер жасаган иштерди (периштелерге) жаздыртып койгонбуз.
45:29 -
فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَيُدْخِلُهُمْ رَبُّهُمْ فِي رَحْمَتِهِ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْمُبِينُ
Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылгандарды Раббиси Өз ырайымына алат. Бул анык жеңиш!
45:30 -
وَأَمَّا الَّذِينَ كَفَرُوا أَفَلَمْ تَكُنْ آيَاتِي تُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ فَاسْتَكْبَرْتُمْ وَكُنْتُمْ قَوْمًا مُجْرِمِينَ
А бирок, каапыр болгон адамдар(га айтылат): «Силерге Менин аяттарым окуп берилбедиби?! Анан силер текеберленип, күнөөкөр коом болдуңар!
45:31 -
وَإِذَا قِيلَ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ وَالسَّاعَةُ لَا رَيْبَ فِيهَا قُلْتُمْ مَا نَدْرِي مَا السَّاعَةُ إِنْ نَظُنُّ إِلَّا ظَنًّا وَمَا نَحْنُ بِمُسْتَيْقِنِينَ
Силерге: «Аллахтын убадасы – акыйкат! Кыяматтын болушунда шек жок!» – деп, айтылганда, «Кыямат эмне экенин билбейм. («Болбой калышы да мүмкүн» деп) ойлоймун. Анык билбейбиз» - дегенсиңер.
45:32
Котормо: Шамсуддин Хакимов