Катталуу, бет 492

  1. وَلِبُيُوتِهِمْ أَبْوَابًا وَسُرُرًا عَلَيْهَا يَتَّكِئُونَ

    Жана үйлөрүнүн эшиктерин, жазданып (жөлөнүп) отурчу сөрүлөрүн,

    43:34
  2. وَزُخْرُفًا ۚ وَإِنْ كُلُّ ذَٰلِكَ لَمَّا مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۚ وَالْآخِرَةُ عِنْدَ رَبِّكَ لِلْمُتَّقِينَ

    Жана (башка) жасалга-зыйнаттарын (бүт бойдон күмүштөн кылмакпыз). Бирок, булардын бардыгы дүйнө(нүн опасыз) пайдалары. Раббиңдин алдындагы Акырет (зыйнаттары) такыба кишилерге арналган.

    43:35
  3. وَمَنْ يَعْشُ عَنْ ذِكْرِ الرَّحْمَٰنِ نُقَيِّضْ لَهُ شَيْطَانًا فَهُوَ لَهُ قَرِينٌ

    Ким Рахмандын зикири – Курандан жүз бурса, ага Шайтанды жолдош кылып койобуз. Анан (Шайтан) анын жакыны болуп калат.

    43:36
  4. وَإِنَّهُمْ لَيَصُدُّونَهُمْ عَنِ السَّبِيلِ وَيَحْسَبُونَ أَنَّهُمْ مُهْتَدُونَ

    Жана ал(шайтанд)ар аларды (туура) жолдон тосушат жана алар өздөрүн туура жолдо деп ойлоп жүрө беришет.

    43:37
  5. حَتَّىٰ إِذَا جَاءَنَا قَالَ يَا لَيْتَ بَيْنِي وَبَيْنَكَ بُعْدَ الْمَشْرِقَيْنِ فَبِئْسَ الْقَرِينُ

    Анан качан гана (ошол бойдон өлүп) Бизге кайтып келгенде (шайтан-шеригине карап) «Эми, экөөбүздүн арабыз эки чыгыштын арасындай алыс болгон болсо кана, (атаганат)! (Сен) аябай жаман жолдошсуң!» дейт.

    43:38
  6. وَلَنْ يَنْفَعَكُمُ الْيَوْمَ إِذْ ظَلَمْتُمْ أَنَّكُمْ فِي الْعَذَابِ مُشْتَرِكُونَ

    (Ширк жолун тандап өзүңөргө) зулумдук кылганыңар себептүү, бүгүн силерге (шериктигиңер) эч пайда бербейт. Силер азапта (дагы аны менен) шерик болосуңар!

    43:39
  7. أَفَأَنْتَ تُسْمِعُ الصُّمَّ أَوْ تَهْدِي الْعُمْيَ وَمَنْ كَانَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

    (Оо, Мухаммад!) Сен дүлөйгө сөз уктура аласыңбы же болбосо, сокур менен анык адашуудагы адамды туура жолго баштай аласыңбы?!

    43:40
  8. فَإِمَّا نَذْهَبَنَّ بِكَ فَإِنَّا مِنْهُمْ مُنْتَقِمُونَ

    Же Биз сени (алардан мурун Акырет сапарына) кетиребиз жана алардан (ошол жакта) өч алабыз.

    43:41
  9. أَوْ نُرِيَنَّكَ الَّذِي وَعَدْنَاهُمْ فَإِنَّا عَلَيْهِمْ مُقْتَدِرُونَ

    Же болбосо, аларга убада кылган нерсебизди (баштарына түшүрчү азапты) сага (ушул дүйнөдө) көргөзөбүз. Аларга Биздин Кудуретибиз жетет!

    43:42
  10. فَاسْتَمْسِكْ بِالَّذِي أُوحِيَ إِلَيْكَ ۖ إِنَّكَ عَلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

    Сен Өзүңө аян-кабар кылынган Куранды бекем карма! Сен туура жолдун үстүндөсүң!

    43:43
  11. وَإِنَّهُ لَذِكْرٌ لَكَ وَلِقَوْمِكَ ۖ وَسَوْفَ تُسْأَلُونَ

    Жана бул (Куран) сен үчүн, сенин коомуң үчүн атак-даңк (жана сыймык)! Жакында сураласыңар!

    43:44
  12. وَاسْأَلْ مَنْ أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ مِنْ رُسُلِنَا أَجَعَلْنَا مِنْ دُونِ الرَّحْمَٰنِ آلِهَةً يُعْبَدُونَ

    Биз сенден мурун жиберген пайгамбарларыбыздан сурачы, Биз (элдерге) Рахмандан башка кудайлар(га сыйынууга уруксат) бердик бекен?

    43:45
  13. وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مُوسَىٰ بِآيَاتِنَا إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَمَلَئِهِ فَقَالَ إِنِّي رَسُولُ رَبِّ الْعَالَمِينَ

    Биз Мусаны аят-кереметтерибиз менен, Фараон жана анын элине жибердик. Ал (барып) «Мен (силерге) ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген элчимин» – деди.

    43:46
  14. فَلَمَّا جَاءَهُمْ بِآيَاتِنَا إِذَا هُمْ مِنْهَا يَضْحَكُونَ

    Аларга биздин аят-кереметтерибизди алып келгенде алардын үстүнөн күлүштү.

    43:47

Котормо: Шамсуддин Хакимов