Катталуу, бет 489

  1. وَكَذَٰلِكَ أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ رُوحًا مِنْ أَمْرِنَا ۚ مَا كُنْتَ تَدْرِي مَا الْكِتَابُ وَلَا الْإِيمَانُ وَلَٰكِنْ جَعَلْنَاهُ نُورًا نَهْدِي بِهِ مَنْ نَشَاءُ مِنْ عِبَادِنَا ۚ وَإِنَّكَ لَتَهْدِي إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

    Ошентип, Биз сага Өз буйругубуз менен Рухту (Куранды) аян-кабар кылдык. Сен (мындан мурун) китептин да, ыймандын да эмне экенин билбейт элең. Бирок Биз аны (элдер үчүн) Нур кылып, аны менен каалаган пендебизди туура жолго баштайбыз. Жана сен дагы (Куран Нуру менен) туура жолго баштайсың.

    42:52
  2. صِرَاطِ اللَّهِ الَّذِي لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ أَلَا إِلَى اللَّهِ تَصِيرُ الْأُمُورُ

    Аллахтын жолуна. Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аныкы! Көңүл бургула! Бардык иштер Аллахка кайтат!

    42:53
  3. حم

    Хаа, Миим.

    43:1
  4. وَالْكِتَابِ الْمُبِينِ

    Ачык баяндоочу Китепке ант!

    43:2
  5. إِنَّا جَعَلْنَاهُ قُرْآنًا عَرَبِيًّا لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ

    Силер (анын маанисин) акыл калчашыңар үчүн Биз аны арабча Куран кылдык.

    43:3
  6. وَإِنَّهُ فِي أُمِّ الْكِتَابِ لَدَيْنَا لَعَلِيٌّ حَكِيمٌ

    Ал (Куран) Биздин алдыбыздагы Китептердин Энесинде (Лавхул махфузда) эң жогорку, даанышман (даражада турат).

    43:4
  7. أَفَنَضْرِبُ عَنْكُمُ الذِّكْرَ صَفْحًا أَنْ كُنْتُمْ قَوْمًا مُسْرِفِينَ

    (Эй, Мушриктер!) Эгер силер чектен чыккан (кылмышкер) коом болсоңор эле, Биз силерге зикирди (Куранды) багыттабай коймок белек.

    43:5
  8. وَكَمْ أَرْسَلْنَا مِنْ نَبِيٍّ فِي الْأَوَّلِينَ

    Биз абалкы элдерге нечендеген пайгамбарларды (Куран сыяктуу ыйык китептер менен) жибердик.

    43:6
  9. وَمَا يَأْتِيهِمْ مِنْ نَبِيٍّ إِلَّا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ

    Аларга качан бир пайгамбар келсе, аны шылдыңдап күлүшкөн.

    43:7
  10. فَأَهْلَكْنَا أَشَدَّ مِنْهُمْ بَطْشًا وَمَضَىٰ مَثَلُ الْأَوَّلِينَ

    Анан Биз аларды кыйраттык. Алар булардан (Курайш каапырларынан) кубаттуураак болчу жана абалкылардын мисалдары (ушул Китепте) өткөн.

    43:8
  11. وَلَئِنْ سَأَلْتَهُمْ مَنْ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ لَيَقُولُنَّ خَلَقَهُنَّ الْعَزِيزُ الْعَلِيمُ

    Эгер сен алардан «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Кудуреттүү, Илимдүү (Аллах) жараткан» дешет.

    43:9
  12. الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ مَهْدًا وَجَعَلَ لَكُمْ فِيهَا سُبُلًا لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ

    Ал силер үчүн жерди килем (сыяктуу) кылды жана туура багыт алууңар үчүн анда жолдорду жаратты.

    43:10

Котормо: Шамсуддин Хакимов