Катталуу, бет 482

  1. إِلَيْهِ يُرَدُّ عِلْمُ السَّاعَةِ ۚ وَمَا تَخْرُجُ مِنْ ثَمَرَاتٍ مِنْ أَكْمَامِهَا وَمَا تَحْمِلُ مِنْ أُنْثَىٰ وَلَا تَضَعُ إِلَّا بِعِلْمِهِ ۚ وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ أَيْنَ شُرَكَائِي قَالُوا آذَنَّاكَ مَا مِنَّا مِنْ شَهِيدٍ

    Кыяматтын илими Өзүнө гана кайтарылат. Өз бүчүрүнөн чыга турган бардык мөмөлөр, бардык ургаачылар боюна көтөргөн жана төрөгөн нерселер Анын гана илими менен (камтылган)! Ошол (Кыямат) Күнү (Аллах) аларга: «Менин «шериктерим» кана?!» (дегенде) алар: «Биздин арабызда (Сенден башканын кудай экенине) күбө жок экенин Сага билдиребиз» дешти.

    41:47
  2. وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَدْعُونَ مِنْ قَبْلُ ۖ وَظَنُّوا مَا لَهُمْ مِنْ مَحِيصٍ

    Жана буга чейин (дүйнө жашоосунда) ага дуба кылган «кудайлары» алардан жоголуп, өздөрүнө куткаруучу жок болуп калганын анык билишти.

    41:48
  3. لَا يَسْأَمُ الْإِنْسَانُ مِنْ دُعَاءِ الْخَيْرِ وَإِنْ مَسَّهُ الشَّرُّ فَيَئُوسٌ قَنُوطٌ

    Инсан (өзүнө) жакшы дуба-тилек кылуудан эч чарчабайт. Эгер ага бир жамандык жетип калса, дароо мүңкүрөп, үмүтсүз болуп калат.

    41:49
  4. وَلَئِنْ أَذَقْنَاهُ رَحْمَةً مِنَّا مِنْ بَعْدِ ضَرَّاءَ مَسَّتْهُ لَيَقُولَنَّ هَٰذَا لِي وَمَا أَظُنُّ السَّاعَةَ قَائِمَةً وَلَئِنْ رُجِعْتُ إِلَىٰ رَبِّي إِنَّ لِي عِنْدَهُ لَلْحُسْنَىٰ ۚ فَلَنُنَبِّئَنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا بِمَا عَمِلُوا وَلَنُذِيقَنَّهُمْ مِنْ عَذَابٍ غَلِيظٍ

    Эгерде ага жеткен кайгыдан соң Өз ырайымыбызды(н даамын) таттырсак, «Мен ушуга татыктуу элем. Кыямат болушуна да күмөнүм бар. Эгер (Кыямат чын болуп) мен Раббиме кайтарылган күндө деле, Анын алдында мага жакшылыктар (бейиш) болот!» деп айтаары бышык. Биз каапыр болгон адамдарга жасаган иштеринин кабарын берип, аларга катуу азап(тын «даамын») таттырабыз.

    41:50
  5. وَإِذَا أَنْعَمْنَا عَلَى الْإِنْسَانِ أَعْرَضَ وَنَأَىٰ بِجَانِبِهِ وَإِذَا مَسَّهُ الشَّرُّ فَذُو دُعَاءٍ عَرِيضٍ

    Эгер Биз инсанга нээмат берип койсок, (Бизден) жүз буруп, көөп, бой көтөрүп калат. Ал эми, бир жамандык жетип калса, узун-узун дубаларды окуп калат.

    41:51
  6. قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ كَانَ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ ثُمَّ كَفَرْتُمْ بِهِ مَنْ أَضَلُّ مِمَّنْ هُوَ فِي شِقَاقٍ بَعِيدٍ

    Айткын: «(Эй, мушриктер), айткылачы мага, эгер (Куран) Аллахтын алдынан (келгени чын) болуп, силер ага каапыр болсоңор, Аллахка түбөлүк душмандыкта болгон кишиден көбүрөөк адашкан ким бар?!

    41:52
  7. سَنُرِيهِمْ آيَاتِنَا فِي الْآفَاقِ وَفِي أَنْفُسِهِمْ حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَهُمْ أَنَّهُ الْحَقُّ ۗ أَوَلَمْ يَكْفِ بِرَبِّكَ أَنَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ

    Биз аларга анын (Курандын) акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп коёбуз. Раббиңдин ар нерседен Күбө экени (аларга) жетиштүү эмеспи?!

    41:53
  8. أَلَا إِنَّهُمْ فِي مِرْيَةٍ مِنْ لِقَاءِ رَبِّهِمْ ۗ أَلَا إِنَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ مُحِيطٌ

    Көңүл бургула! Алар Раббисине жолугуудан күмөндө болушууда! Көңүл бургула! Чынында ал ар бир нерсени (Өз илими менен) Камтуучу».

    41:54

Котормо: Шамсуддин Хакимов