Катталуу, бет 464

  1. وَبَدَا لَهُمْ سَيِّئَاتُ مَا كَسَبُوا وَحَاقَ بِهِمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ

    Жана аларга жасаган (күнөө) иштеринин жамандыгы көрүнүп, аларды (дүйнө жашоосунда) мазактаган нерселери (тозок оту) ороп калат!

    39:48
  2. فَإِذَا مَسَّ الْإِنْسَانَ ضُرٌّ دَعَانَا ثُمَّ إِذَا خَوَّلْنَاهُ نِعْمَةً مِنَّا قَالَ إِنَّمَا أُوتِيتُهُ عَلَىٰ عِلْمٍ ۚ بَلْ هِيَ فِتْنَةٌ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

    Эгер инсанды (бир) зыян кармаса, (ыклас менен) Бизге дуба кылат. Кийин Өзүбүз ага нээмат берсек (азаптан куткарсак): «Мен буга өз илимим себептүү жеттим» дейт. Жок, бул – сыноо. Бирок, алардын көпчүлүгү билишпейт.

    39:49
  3. قَدْ قَالَهَا الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَمَا أَغْنَىٰ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَكْسِبُونَ

    Муну алардан мурунку (мушрик) адамдар деле айткан. Бирок, жасаган иштери аларга (азап келгенде) пайда бербеди.

    39:50
  4. فَأَصَابَهُمْ سَيِّئَاتُ مَا كَسَبُوا ۚ وَالَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْ هَٰؤُلَاءِ سَيُصِيبُهُمْ سَيِّئَاتُ مَا كَسَبُوا وَمَا هُمْ بِمُعْجِزِينَ

    Кийин жасаган (күнөө) иштеринин жамандыгы өздөрүнө (кайгы болуп) жетти. Ал эми, мына булардан (Мекке мушриктеринен) турган залым кишилерге да, жасаган иштеринин жамандыгы тез эле (кайгы болуп) жетет. Жана алар (азап-кайгы келгенде) кутулуп кете алышпайт.

    39:51
  5. أَوَلَمْ يَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

    Алар билишпейби, Аллах каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Албетте бул нерседе ыймандуу адамдарга далилдер бар.

    39:52
  6. قُلْ يَا عِبَادِيَ الَّذِينَ أَسْرَفُوا عَلَىٰ أَنْفُسِهِمْ لَا تَقْنَطُوا مِنْ رَحْمَةِ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ جَمِيعًا ۚ إِنَّهُ هُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ

    (Оо, Мухаммад, Менин пенделериме Менин Атыман) айт: «Оо, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу!

    39:53
  7. وَأَنِيبُوا إِلَىٰ رَبِّكُمْ وَأَسْلِمُوا لَهُ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَكُمُ الْعَذَابُ ثُمَّ لَا تُنْصَرُونَ

    Раббиңерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообоңор кабыл болбой) калганга чейин Өзүнө гана (ыклас менен) моюн сунуп калгыла!

    39:54
  8. وَاتَّبِعُوا أَحْسَنَ مَا أُنْزِلَ إِلَيْكُمْ مِنْ رَبِّكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَكُمُ الْعَذَابُ بَغْتَةً وَأَنْتُمْ لَا تَشْعُرُونَ

    Жана өзүңөр сезбеген абалда капыстан башыңарга азап келишинен мурун, Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн эң сонун нерсени – (Куранды) ээрчигиле!

    39:55
  9. أَنْ تَقُولَ نَفْسٌ يَا حَسْرَتَا عَلَىٰ مَا فَرَّطْتُ فِي جَنْبِ اللَّهِ وَإِنْ كُنْتُ لَمِنَ السَّاخِرِينَ

    (Ар бир) жан: «Аллах(тын парыздарын аткаруу) жөнүндө жалкоолук кылганым үчүн мага кайгы! Мен (ал парыздарды) шылдыңдагандардан болгон экенмин!» - деп (бушайман чегип) калышынан мурун,

    39:56

Котормо: Шамсуддин Хакимов