Катталуу, бет 444

  1. إِنَّ أَصْحَابَ الْجَنَّةِ الْيَوْمَ فِي شُغُلٍ فَاكِهُونَ

    Ал Күнү бейиш элдери кубаныч менен гана алек.

    36:55
  2. هُمْ وَأَزْوَاجُهُمْ فِي ظِلَالٍ عَلَى الْأَرَائِكِ مُتَّكِئُونَ

    Жубайлары менен көлөкөнүн астына коюлган сөрүлөрдө жөлөнүп отурушат.

    36:56
  3. لَهُمْ فِيهَا فَاكِهَةٌ وَلَهُمْ مَا يَدَّعُونَ

    Ал жерде алар үчүн мөмөлөр, тилеген бардык нерселери бар.

    36:57
  4. سَلَامٌ قَوْلًا مِنْ رَبٍّ رَحِيمٍ

    Ырайымдуу Раббилери тарабынан «Cалам» деген сөз (айтылат).

    36:58
  5. وَامْتَازُوا الْيَوْمَ أَيُّهَا الْمُجْرِمُونَ

    Эй, күнөөкөрлөр! Бул күндө силер (жакшылардан) бөлүнгүлө!

    36:59
  6. أَلَمْ أَعْهَدْ إِلَيْكُمْ يَا بَنِي آدَمَ أَنْ لَا تَعْبُدُوا الشَّيْطَانَ ۖ إِنَّهُ لَكُمْ عَدُوٌّ مُبِينٌ

    Оо, Адам урпактары! Мен силерге: «Шайтанга ибадат кылбагыла! Ал силерге анык душман!

    36:60
  7. وَأَنِ اعْبُدُونِي ۚ هَٰذَا صِرَاطٌ مُسْتَقِيمٌ

    Өзүмө гана ибадат кылгыла! Туура жол – ушул!» деп буюрбадым беле?!

    36:61
  8. وَلَقَدْ أَضَلَّ مِنْكُمْ جِبِلًّا كَثِيرًا ۖ أَفَلَمْ تَكُونُوا تَعْقِلُونَ

    Ал силерден көп муундарды азгырып жиберди го! Акылыңарды иштетпейт белеңер?!

    36:62
  9. هَٰذِهِ جَهَنَّمُ الَّتِي كُنْتُمْ تُوعَدُونَ

    Силерге убада кылынган тозок – ушул!

    36:63
  10. اصْلَوْهَا الْيَوْمَ بِمَا كُنْتُمْ تَكْفُرُونَ

    Каапыр болгонуңар себептүү бүгүн ага киргиле!»

    36:64
  11. الْيَوْمَ نَخْتِمُ عَلَىٰ أَفْوَاهِهِمْ وَتُكَلِّمُنَا أَيْدِيهِمْ وَتَشْهَدُ أَرْجُلُهُمْ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ

    Ал күндө алардын оозуна мөөр басып койобуз. Бизге анын кылмыштары жөнүндө колдору сүйлөйт, буттары күбөлүк берет.

    36:65
  12. وَلَوْ نَشَاءُ لَطَمَسْنَا عَلَىٰ أَعْيُنِهِمْ فَاسْتَبَقُوا الصِّرَاطَ فَأَنَّىٰ يُبْصِرُونَ

    Жана эгер кааласак, көзүн тегиздеп (сокур кылып) койобуз. Анан бейиш жолун издегенге шашылышат. Көрмөк кайда эми!

    36:66
  13. وَلَوْ نَشَاءُ لَمَسَخْنَاهُمْ عَلَىٰ مَكَانَتِهِمْ فَمَا اسْتَطَاعُوا مُضِيًّا وَلَا يَرْجِعُونَ

    Жана эгер кааласак аларды турган жеринде катырып койобуз. Алдыга басканга да артка кайтканга да кудурети келбей калат.

    36:67
  14. وَمَنْ نُعَمِّرْهُ نُنَكِّسْهُ فِي الْخَلْقِ ۖ أَفَلَا يَعْقِلُونَ

    Биз кимге узун өмүр берсек, анын түзүлүшүн начар кылып койобуз. Акылдарын иштетишпейби?!

    36:68
  15. وَمَا عَلَّمْنَاهُ الشِّعْرَ وَمَا يَنْبَغِي لَهُ ۚ إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرٌ وَقُرْآنٌ مُبِينٌ

    Биз ага (Мухаммадга) ыр үйрөткөнүбүз жок. (Акын болуу) ага ылайык эмес. Ал (Мухаммад окуган нерселер) Зикир (эскертүү) жана анык Куран!

    36:69
  16. لِيُنْذِرَ مَنْ كَانَ حَيًّا وَيَحِقَّ الْقَوْلُ عَلَى الْكَافِرِينَ

    Тирүү адамдарды эскертүү үчүн жана каапырларга (азап жөнүндөгү өкүм) сөздү чындыкка чыгаруу үчүн (түшүрүлгөн эскертүү).

    36:70

Котормо: Шамсуддин Хакимов