Катталуу, бет 433

  1. وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ جَمِيعًا ثُمَّ يَقُولُ لِلْمَلَائِكَةِ أَهَٰؤُلَاءِ إِيَّاكُمْ كَانُوا يَعْبُدُونَ

    (Аллах) алардын (мушриктердин) бардыгын чогултуп, андан соң периштелерге: «Силерге ибадат кылгандар ушуларбы?!» – дейт.

    34:40
  2. قَالُوا سُبْحَانَكَ أَنْتَ وَلِيُّنَا مِنْ دُونِهِمْ ۖ بَلْ كَانُوا يَعْبُدُونَ الْجِنَّ ۖ أَكْثَرُهُمْ بِهِمْ مُؤْمِنُونَ

    «Өзүң (шериктерден) Аруу-Тазасың! (Оо, Раббим!) Алар эмес, Сен биздин Колдоочубузсуң! Жок, алар (Бизге эмес) жиндерге ибадат кылышкан. Алардын көпчүлүгү жиндерге ыйман келтиргендер» (деп жооп берет периштелер).

    34:41
  3. فَالْيَوْمَ لَا يَمْلِكُ بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ نَفْعًا وَلَا ضَرًّا وَنَقُولُ لِلَّذِينَ ظَلَمُوا ذُوقُوا عَذَابَ النَّارِ الَّتِي كُنْتُمْ بِهَا تُكَذِّبُونَ

    Ал (кыямат) күнү (эй, мушриктер) бири-бириңерге пайда да, зыян да жеткире албайсыңар. Жана Биз залым адамдарга «Өзүңөр «жалган» деген тозок азабын тарткыла!» дейбиз.

    34:42
  4. وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ قَالُوا مَا هَٰذَا إِلَّا رَجُلٌ يُرِيدُ أَنْ يَصُدَّكُمْ عَمَّا كَانَ يَعْبُدُ آبَاؤُكُمْ وَقَالُوا مَا هَٰذَا إِلَّا إِفْكٌ مُفْتَرًى ۚ وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلْحَقِّ لَمَّا جَاءَهُمْ إِنْ هَٰذَا إِلَّا سِحْرٌ مُبِينٌ

    Аларга (бул дүйнөдө) Биздин ачык-айкын аяттарыбыз окулганда: «Бул киши (Мухаммад) силерди ата-бабаңар сыйынган динден тосууну гана каалайт» дешкен. Дагы алар (Куран жөнүндө) «Бул ойдон чыгарылган нерсе» – деп айтышкан. Жана (ошол) каапыр болгондор өздөрүнө келген акыйкатты (Куранды) «бул анык сыйкыр» дешкен.

    34:43
  5. وَمَا آتَيْنَاهُمْ مِنْ كُتُبٍ يَدْرُسُونَهَا ۖ وَمَا أَرْسَلْنَا إِلَيْهِمْ قَبْلَكَ مِنْ نَذِيرٍ

    Биз аларга (буга чейин) окуй турган китептерди бербеген элек жана сенден мурун да аларга эскертүүчү (пайгамбар) да жиберген эмеспиз.

    34:44
  6. وَكَذَّبَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَمَا بَلَغُوا مِعْشَارَ مَا آتَيْنَاهُمْ فَكَذَّبُوا رُسُلِي ۖ فَكَيْفَ كَانَ نَكِيرِ

    Алардан мурунку (мушрик) адамдар дагы динди жалганга чыгарышкан. Биз аларга берген нерселердин ондон бирине да (Мекке мушриктери) жетише элек. Алар дагы Биздин пайгамбарларыбызды «жалганчы» дешкен. Анан (аларга) кандай гана азап болду!

    34:45
  7. قُلْ إِنَّمَا أَعِظُكُمْ بِوَاحِدَةٍ ۖ أَنْ تَقُومُوا لِلَّهِ مَثْنَىٰ وَفُرَادَىٰ ثُمَّ تَتَفَكَّرُوا ۚ مَا بِصَاحِبِكُمْ مِنْ جِنَّةٍ ۚ إِنْ هُوَ إِلَّا نَذِيرٌ لَكُمْ بَيْنَ يَدَيْ عَذَابٍ شَدِيدٍ

    Айт: «Мен силерге бир гана нерсени – бирден, экиден болуп Аллахка түз (эч нерсени шерик кылбай) турууңарды, андан кийин (жакшылап) пикир кылууңарды насаат кыламын. Силердин жолдошуңарда эч кандай жиндилик(тин белгилери) жок. Ал болгону, катуу азапты силерге эскерткени келген пайгамбар!»

    34:46
  8. قُلْ مَا سَأَلْتُكُمْ مِنْ أَجْرٍ فَهُوَ لَكُمْ ۖ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى اللَّهِ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ

    Айткын: «Мен силерден (эскерткеним үчүн) акы сурабаймын. Ал өзүңөрдүн пайдаңарга буюрсун. Мага сооп-сыйлыкты Аллах гана берет. Ал – ар бир нерсеге Күбө».

    34:47
  9. قُلْ إِنَّ رَبِّي يَقْذِفُ بِالْحَقِّ عَلَّامُ الْغُيُوبِ

    Айт: «Албетте, менин Раббим акыйкатты (жалганга каршы) таштайт (натыйжада жалганды жокко чыгарат). Ал кайып нерселерди Билүүчү!»

    34:48

Котормо: Шамсуддин Хакимов