Катталуу, бет 416
-
وَلَوْ تَرَىٰ إِذِ الْمُجْرِمُونَ نَاكِسُو رُءُوسِهِمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ رَبَّنَا أَبْصَرْنَا وَسَمِعْنَا فَارْجِعْنَا نَعْمَلْ صَالِحًا إِنَّا مُوقِنُونَ
(Оо, Мухаммад!) Эгер сен күнөөкөр (каапыр) адамдарды, Раббилеринин алдында баштарын шылкыйтып: «Оо, Рабби! (Кыяматтын жана кайра тирилүүнүн бар экенин) көрдүк, уктук. Эми бизди артка кайтар, анык ишенүүчү болгон абалда жакшы амал кылабыз» дегенин бир көрсөң эле.
32:12 -
وَلَوْ شِئْنَا لَآتَيْنَا كُلَّ نَفْسٍ هُدَاهَا وَلَٰكِنْ حَقَّ الْقَوْلُ مِنِّي لَأَمْلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنَ الْجِنَّةِ وَالنَّاسِ أَجْمَعِينَ
Эгер Биз кааласак, ар бир жанга өз хидаятын (туура жолун) бере алмакпыз. Бирок, Менин: «Бардык (каапыр) инсандар жана (каапыр) жиндер менен тозокту толтурамын!» - деген сөзүм акыйкат (өкүм) болуп калган.
32:13 -
فَذُوقُوا بِمَا نَسِيتُمْ لِقَاءَ يَوْمِكُمْ هَٰذَا إِنَّا نَسِينَاكُمْ ۖ وَذُوقُوا عَذَابَ الْخُلْدِ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
(Тозокко ташталып жаткан мушриктерге:) «Эми, ушул күнүңөрдөгү жолугушууну унутканыңар себептүү (азап) тарткыла! Биз да силерди «унуттук». Жана кылмышыңарга жараша түбөлүк азапты тарткыла!» – (деп айтылат).
32:14 -
إِنَّمَا يُؤْمِنُ بِآيَاتِنَا الَّذِينَ إِذَا ذُكِّرُوا بِهَا خَرُّوا سُجَّدًا وَسَبَّحُوا بِحَمْدِ رَبِّهِمْ وَهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ ۩
Чынында, Биздин аяттарыбызга, аларды эскертилгенде сажда кылган абалда жыгылган жана текеберленбей Раббисин аруулап мактоолорду айткан адамдар ыйман келтиришет.
32:15 -
تَتَجَافَىٰ جُنُوبُهُمْ عَنِ الْمَضَاجِعِ يَدْعُونَ رَبَّهُمْ خَوْفًا وَطَمَعًا وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ
Алардын жамбаштары (өздөрү) жатаар орундарынан ыраак (көбүнчө ибадатта) болушат (жана) коркуп, үмүт кылып Раббисине дуба кылышат. Жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден (жакшылыктарга) сарпташат.
32:16 -
فَلَا تَعْلَمُ نَفْسٌ مَا أُخْفِيَ لَهُمْ مِنْ قُرَّةِ أَعْيُنٍ جَزَاءً بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Эч бир (ыймандуу) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн сыйлык катары (бейиште) жашыруун даярдап коюлган, көздөрүн кубантуучу кандай гана нерселер бар экенин билбейт.
32:17 -
أَفَمَنْ كَانَ مُؤْمِنًا كَمَنْ كَانَ فَاسِقًا ۚ لَا يَسْتَوُونَ
Ыймандуу (таза) адамдар бузук (күнөөкөр) адамга окшойбу? Жок, тең болбойт!
32:18 -
أَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَلَهُمْ جَنَّاتُ الْمَأْوَىٰ نُزُلًا بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амал кылган адамдар үчүн бейиш орундары бар. Жасаган амалдарына жараша сыйлык иретинде!
32:19 -
وَأَمَّا الَّذِينَ فَسَقُوا فَمَأْوَاهُمُ النَّارُ ۖ كُلَّمَا أَرَادُوا أَنْ يَخْرُجُوا مِنْهَا أُعِيدُوا فِيهَا وَقِيلَ لَهُمْ ذُوقُوا عَذَابَ النَّارِ الَّذِي كُنْتُمْ بِهِ تُكَذِّبُونَ
Бузук (каапыр) адамдардын жайы-тозок! Ар качан андан чыгууга аракеттенишсе, ага кайтарылып турушат жана аларга: «Өзүңөр «жалган» деген тозоктун азабын таткыла!» – деп айтылат.
32:20
Котормо: Шамсуддин Хакимов