Катталуу, бет 414

  1. أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ يُولِجُ اللَّيْلَ فِي النَّهَارِ وَيُولِجُ النَّهَارَ فِي اللَّيْلِ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ كُلٌّ يَجْرِي إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى وَأَنَّ اللَّهَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ

    Көрбөй жатасыңбы, Аллах түндү күндүзгө, күндүздү түнгө (кантип) киргизгенин? Күн менен Айды (адамзатка кантип) кызмат кылдырып койгонун? Алардын бардыгы белгиленген мөөнөткө (кыяматка) чейин айланат. Аллах силердин эмне жасаганыңардан Кабардар.

    31:29
  2. ذَٰلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ هُوَ الْحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ الْبَاطِلُ وَأَنَّ اللَّهَ هُوَ الْعَلِيُّ الْكَبِيرُ

    Анткени, Аллах акыйкат. Ал эми, Андан башка, (мушриктер) дуба кылып сыйынып жаткандары жалган (кудайлар). Жана Аллахтын бир Өзү гана эң Жогору, Улук!

    31:30
  3. أَلَمْ تَرَ أَنَّ الْفُلْكَ تَجْرِي فِي الْبَحْرِ بِنِعْمَتِ اللَّهِ لِيُرِيَكُمْ مِنْ آيَاتِهِ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِكُلِّ صَبَّارٍ شَكُورٍ

    Деңиздеги кемелер Аллахтын жакшылыктары себептүү сүзүп жүргөнүн көрбөй жатасыңарбы?! Бул силерге Аллахтын белгилерин көргөзүш үчүн. Чынында бул нерседе сабыр кылуучу, шүгүр кылуучу адамдарга чоң белгилер бар!

    31:31
  4. وَإِذَا غَشِيَهُمْ مَوْجٌ كَالظُّلَلِ دَعَوُا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ فَلَمَّا نَجَّاهُمْ إِلَى الْبَرِّ فَمِنْهُمْ مُقْتَصِدٌ ۚ وَمَا يَجْحَدُ بِآيَاتِنَا إِلَّا كُلُّ خَتَّارٍ كَفُورٍ

    Качан аларды(н кемелерин) тоодой толкундар ороп калган кезде Аллахтын жалгыз Өзүнө дуба кылышат. Ал эми, (балээден) куткарып кургактыкка чыгарып койсо, алардын (көпчүлүк) бөлүгү Аллахга карабай калышат. Биздин керемет-белгилерибизди кыянатчы, шүгүр кылбаган адамдар гана четке кагышат.

    31:32
  5. يَا أَيُّهَا النَّاسُ اتَّقُوا رَبَّكُمْ وَاخْشَوْا يَوْمًا لَا يَجْزِي وَالِدٌ عَنْ وَلَدِهِ وَلَا مَوْلُودٌ هُوَ جَازٍ عَنْ وَالِدِهِ شَيْئًا ۚ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ ۖ فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا وَلَا يَغُرَّنَّكُمْ بِاللَّهِ الْغَرُورُ

    Оо, адамдар! Раббиңерден корккула! Жана атасы баласына, баласы өз атасына эч бир жардам бере албай турган күндөн корккула! (Ал күндүн келишин Аллах убада берген). Аллахтын убадасы – акыйкат! Силерди дүйнө жашоосу(нун убактылуу арам жыргалдары) азгырып койбосун! Силерди азгыруучулар Аллах(тын кечиримдүүлүгү) менен азгырып койбосун!

    31:33
  6. إِنَّ اللَّهَ عِنْدَهُ عِلْمُ السَّاعَةِ وَيُنَزِّلُ الْغَيْثَ وَيَعْلَمُ مَا فِي الْأَرْحَامِ ۖ وَمَا تَدْرِي نَفْسٌ مَاذَا تَكْسِبُ غَدًا ۖ وَمَا تَدْرِي نَفْسٌ بِأَيِّ أَرْضٍ تَمُوتُ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ

    Кыямат качан болушун бир Аллах гана билет. Ал (асмандан) жамгыр жаадырат. (Бир Өзү гана) жатындагы түйүлдүктү(н тагдырын) билет. Эч бир жан эртең эмне иш жасаарын биле албайт. Жана эч ким кай жерде (кантип) өлүшүн да биле албайт. Чынында, бир Аллах гана (бардыгын) Билүүчү, (бардыгынан) Кабардар.

    31:34

Котормо: Шамсуддин Хакимов