Катталуу, бет 391
-
وَمَا كُنْتَ بِجَانِبِ الْغَرْبِيِّ إِذْ قَضَيْنَا إِلَىٰ مُوسَى الْأَمْرَ وَمَا كُنْتَ مِنَ الشَّاهِدِينَ
(Оо, Мухаммад!) Биз Мусага ишти (динди) өкүм кылган мезгилде сен (Тур тоосунун) батыш тарабында жок болчусуң. Жана сен (Биздин Мусага сүйлөгөнүбүздө) күбө да болгон эмессиң.
28:44 -
وَلَٰكِنَّا أَنْشَأْنَا قُرُونًا فَتَطَاوَلَ عَلَيْهِمُ الْعُمُرُ ۚ وَمَا كُنْتَ ثَاوِيًا فِي أَهْلِ مَدْيَنَ تَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِنَا وَلَٰكِنَّا كُنَّا مُرْسِلِينَ
Бирок (андан кийин) Биз эл-улуттарды жараттык. Алар (бири өткөндөн соң экинчиси келип) көп-көп өмүр сүрүштү. Сен (оо, Мухаммад!) Мадян элинин арасында туруп, аларга Биздин аяттарыбызды окуп берген да эмес болчусуң. Бирок, Биз сени пайгамбар кылган элек. (Ошондуктан, Биз үйрөткөн вахийден улам Мадян окуясын адамдарга айтып жатасың)
28:45 -
وَمَا كُنْتَ بِجَانِبِ الطُّورِ إِذْ نَادَيْنَا وَلَٰكِنْ رَحْمَةً مِنْ رَبِّكَ لِتُنْذِرَ قَوْمًا مَا أَتَاهُمْ مِنْ نَذِيرٍ مِنْ قَبْلِكَ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Жана Биз (Мусага) сүйлөгөнүбүздө сен Тур тоосунун жанында жок болчусуң. Бирок, сенден мурун (алыс жылдар бою) аларга эскертүүчү - пайгамбар келбей калган коомго (Курайш арабдарына) эскертүү беришиң үчүн, Раббиң тарабынан ырайым-боорукерлик иретинде (сага ошол окуялар билдирилди). Кана эми, алар эскеришсе!
28:46 -
وَلَوْلَا أَنْ تُصِيبَهُمْ مُصِيبَةٌ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ فَيَقُولُوا رَبَّنَا لَوْلَا أَرْسَلْتَ إِلَيْنَا رَسُولًا فَنَتَّبِعَ آيَاتِكَ وَنَكُونَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ
Өз колдору менен жасаган кылмыштары себептүү аларга бир кайгы жеткенде «Оо, Рабби! Эгерде бизге бир элчи-пайгамбар жибергениңде, аяттарыңа ээрчимекпиз жана момундардан болмокпуз» деп айтышмак.
28:47 -
فَلَمَّا جَاءَهُمُ الْحَقُّ مِنْ عِنْدِنَا قَالُوا لَوْلَا أُوتِيَ مِثْلَ مَا أُوتِيَ مُوسَىٰ ۚ أَوَلَمْ يَكْفُرُوا بِمَا أُوتِيَ مُوسَىٰ مِنْ قَبْلُ ۖ قَالُوا سِحْرَانِ تَظَاهَرَا وَقَالُوا إِنَّا بِكُلٍّ كَافِرُونَ
Эми качан аларга (сен аркылуу) Биздин акыйкатыбыз келгенде: «Кана эле, эгер бизге да Мусага берилген сыяктуу берилсе» дешет. Алар мындан мурун Мусага берилген Тооратка да каапыр болушпады беле?! «Экөө (Куран менен Тоорат) бири-бирине жардам берүүчү эки сыйкыр» – дешкен. Дагы айтышты: «Биз бардыгына ишенбейбиз!».
28:48 -
قُلْ فَأْتُوا بِكِتَابٍ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ هُوَ أَهْدَىٰ مِنْهُمَا أَتَّبِعْهُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
(Аларга) айт: «Анда өзүңөр Аллахтын алдынан экөөсүнөн туурараак бир китеп алып келгиле, мен ошого ээрчийин, эгер чынчыл болсоңор».
28:49 -
فَإِنْ لَمْ يَسْتَجِيبُوا لَكَ فَاعْلَمْ أَنَّمَا يَتَّبِعُونَ أَهْوَاءَهُمْ ۚ وَمَنْ أَضَلُّ مِمَّنِ اتَّبَعَ هَوَاهُ بِغَيْرِ هُدًى مِنَ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Эгер сага жооп беришпесе, билгин, алар өз напси-каалоолоруна ээрчип жатышат. Аллах тарабынан келген туура жолго ээрчибей, өз напсинин каалосуна ээрчиген адамдардан көбүрөөк адашкан киши бар бекен?! Аллах, албетте залим коомдорду туура жолго баштабайт!
28:50
Котормо: Шамсуддин Хакимов