Катталуу, бет 383

  1. أَمَّنْ يَبْدَأُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ وَمَنْ يَرْزُقُكُمْ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ ۗ أَإِلَٰهٌ مَعَ اللَّهِ ۚ قُلْ هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

    Же болбосо, (инсанды) абалкы ирет жаратып, кийин аны (өлгөндөн соң) кайрадан жарата турган ким?! Жана силерге асмандан жана жерден ырыскы бере турган ким?! (Аллахбы) же Аллах менен бирге болгон (силер шерик кылган) «кудайбы?!» Айт (оо, Мухаммад): «Эгер (Аллахтын шериги бар деген сөзүңөрдө) чынчыл болсоңор, далилиңерди алып келгиле!»

    27:64
  2. قُلْ لَا يَعْلَمُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ الْغَيْبَ إِلَّا اللَّهُ ۚ وَمَا يَشْعُرُونَ أَيَّانَ يُبْعَثُونَ

    Айт: «Асмандардагы жана жердеги эч ким кайыпты билбейт. Бир гана Аллах билет! Качан кайрадан тирилишин сезишпейт.

    27:65
  3. بَلِ ادَّارَكَ عِلْمُهُمْ فِي الْآخِرَةِ ۚ بَلْ هُمْ فِي شَكٍّ مِنْهَا ۖ بَلْ هُمْ مِنْهَا عَمُونَ

    Жок, (сезбейт гана эмес) алардын акырет жөнүндө илимдери алсыз. Жок, (алсыз гана эмес) алар акыреттен шектенишет. Жок, (шектенүү менен гана чектелбейт) алар акыреттен таптакыр сокур! (Эч нерсе билишпейт жана ишенишпейт).

    27:66
  4. وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا أَإِذَا كُنَّا تُرَابًا وَآبَاؤُنَا أَئِنَّا لَمُخْرَجُونَ

    Каапырлар: «Биз жана ата-бабаларыбыз (өлүп, чирип) топурак болуп калсак да (кайра тирилип мүрзөбүздөн) чыгарылабызбы?!

    27:67
  5. لَقَدْ وُعِدْنَا هَٰذَا نَحْنُ وَآبَاؤُنَا مِنْ قَبْلُ إِنْ هَٰذَا إِلَّا أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ

    Бизге жана ата-бабаларыбызга бул (кайра тирилүү,) буга чейин (пайгамбарлар тарабынан) убада кылынган. Бул (сөздөр) абалкылардын жөө-жомогунан башка нерсе эмес!» - дешти.

    27:68
  6. قُلْ سِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَانْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُجْرِمِينَ

    Айт: «Жер жүзүн кезгиле жана (өзүңөргө окшогон) күнөөкөрлөрдүн акыбети эмне болгонун көрүп алгыла».

    27:69
  7. وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَلَا تَكُنْ فِي ضَيْقٍ مِمَّا يَمْكُرُونَ

    (Оо, Мухаммад!) Сен аларга кайгырба жана айлакерликтеринен сыгылба.

    27:70
  8. وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

    Алар: «Эгер чынчыл болсоңор, бул убада (азап) качан?» дешет.

    27:71
  9. قُلْ عَسَىٰ أَنْ يَكُونَ رَدِفَ لَكُمْ بَعْضُ الَّذِي تَسْتَعْجِلُونَ

    Айткын: «Шаштырып жаткан нерсеңердин кээ бири мүмкүн силерге жакындап калды.

    27:72
  10. وَإِنَّ رَبَّكَ لَذُو فَضْلٍ عَلَى النَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَشْكُرُونَ

    Жана сенин Раббиң, акыйкатта адамдарга ырайымдуу. Бирок, алардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт.

    27:73
  11. وَإِنَّ رَبَّكَ لَيَعْلَمُ مَا تُكِنُّ صُدُورُهُمْ وَمَا يُعْلِنُونَ

    Чынында, сенин Раббиң алардын көөдөндөрү эмнени жашырып, эмнени ашкере кылганын эң жакшы билет.

    27:74
  12. وَمَا مِنْ غَائِبَةٍ فِي السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ إِلَّا فِي كِتَابٍ مُبِينٍ

    Асмандагы жана Жердеги бардык кайып нерселер анык Китепте (Лавхул Махфузда) жазылуу.

    27:75
  13. إِنَّ هَٰذَا الْقُرْآنَ يَقُصُّ عَلَىٰ بَنِي إِسْرَائِيلَ أَكْثَرَ الَّذِي هُمْ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ

    «Чынында, бул Куран Исраил урпактарына алар талашып-тартышкан көп маселелерин(ин анык жообун) баяндап берет».

    27:76

Котормо: Шамсуддин Хакимов