Катталуу, бет 378

  1. وَجَحَدُوا بِهَا وَاسْتَيْقَنَتْهَا أَنْفُسُهُمْ ظُلْمًا وَعُلُوًّا ۚ فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُفْسِدِينَ

    Жана өздөрү (чындык экенин) билип турса да, зулумдук, текебердик менен четке кагып коюшту. Эми сен бузулган адамдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун көрүп кой.

    27:14
  2. وَلَقَدْ آتَيْنَا دَاوُودَ وَسُلَيْمَانَ عِلْمًا ۖ وَقَالَا الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي فَضَّلَنَا عَلَىٰ كَثِيرٍ مِنْ عِبَادِهِ الْمُؤْمِنِينَ

    Биз Дауд менен (анын уулу) Сулайманга илим (пайгамбарлык) бердик. Анан алар: «Аллахка мактоолор болсун! Ал Өзүнүн көп ыймандуу пенделеринен бизди артыкчылыктуу кылды!» дешти.

    27:15
  3. وَوَرِثَ سُلَيْمَانُ دَاوُودَ ۖ وَقَالَ يَا أَيُّهَا النَّاسُ عُلِّمْنَا مَنْطِقَ الطَّيْرِ وَأُوتِينَا مِنْ كُلِّ شَيْءٍ ۖ إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ الْفَضْلُ الْمُبِينُ

    Сулайман Дауддан (илими менен пайгамбарлыгын) мураска алды жана: «Оо, адамдар, Бизге куштардын тили үйрөтүлдү жана (ушул кезге чейин, эч кимге берилбеген) бардык нерселер берилди. Акыйкатта бул (Аллах тарабынан берилген) анык артыкчылык!» - деди.

    27:16
  4. وَحُشِرَ لِسُلَيْمَانَ جُنُودُهُ مِنَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ وَالطَّيْرِ فَهُمْ يُوزَعُونَ

    Жана (күндөрдүн биринде) Сулайманга жиндерден, инсандардан, куштардан турган аскерлери чогултулду жана тизилип турушту.

    27:17
  5. حَتَّىٰ إِذَا أَتَوْا عَلَىٰ وَادِ النَّمْلِ قَالَتْ نَمْلَةٌ يَا أَيُّهَا النَّمْلُ ادْخُلُوا مَسَاكِنَكُمْ لَا يَحْطِمَنَّكُمْ سُلَيْمَانُ وَجُنُودُهُ وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

    Алар качан гана кумурскалардын өрөөнүнө жетип келишкенде, бир кумурска: «Э-э-й, кумурскалар! Уяңарга киргиле! Сулайман менен аскерлери байкабастан силерди тебелеп-жанчып кетишпесин!» - деди.

    27:18
  6. فَتَبَسَّمَ ضَاحِكًا مِنْ قَوْلِهَا وَقَالَ رَبِّ أَوْزِعْنِي أَنْ أَشْكُرَ نِعْمَتَكَ الَّتِي أَنْعَمْتَ عَلَيَّ وَعَلَىٰ وَالِدَيَّ وَأَنْ أَعْمَلَ صَالِحًا تَرْضَاهُ وَأَدْخِلْنِي بِرَحْمَتِكَ فِي عِبَادِكَ الصَّالِحِينَ

    Анын сөзүнө Сулайман жылмайып күлдү да, (дуба кылып, мындай) деди: «Оо, Раббим! Мага жана ата-энеме берген жакшылыктарыңа шүгүр кылууга жана Өзүң ыраазы боло турган иштерди аткарууга мени жөндөмдүү кыл жана жакшы, ыймандуу пенделериңдин катарында Өз ырайымыңдын астына киргиз!».

    27:19
  7. وَتَفَقَّدَ الطَّيْرَ فَقَالَ مَا لِيَ لَا أَرَى الْهُدْهُدَ أَمْ كَانَ مِنَ الْغَائِبِينَ

    (Бир жерде) куштарды кароодон өткөрдү жана: «Мага эмне болгон, үпүптү көрбөй жатамын? Же ал (бир жагына) көрүнбөй кеттиби?

    27:20
  8. لَأُعَذِّبَنَّهُ عَذَابًا شَدِيدًا أَوْ لَأَذْبَحَنَّهُ أَوْ لَيَأْتِيَنِّي بِسُلْطَانٍ مُبِينٍ

    Мен аны катуу азап менен жазалаймын: же союп жиберемин же болбосо мага (жоголгонунун) анык-ишенимдүү далилин алып келсин!» деди.

    27:21
  9. فَمَكَثَ غَيْرَ بَعِيدٍ فَقَالَ أَحَطْتُ بِمَا لَمْ تُحِطْ بِهِ وَجِئْتُكَ مِنْ سَبَإٍ بِنَبَإٍ يَقِينٍ

    Көп турбай (үпүп келип калды) жана ошол замат (маалымат берип мындай) деди: «Мен сен билбеген нерсени билип келдим. Мен сага Саба элинен анык кабар алып келдим.

    27:22

Котормо: Шамсуддин Хакимов