Катталуу, бет 361

  1. إِذَا رَأَتْهُمْ مِنْ مَكَانٍ بَعِيدٍ سَمِعُوا لَهَا تَغَيُّظًا وَزَفِيرًا

    Тозок аларды алыс жерден көргөндө эле, анын (тозоктун) ачууланып айкырганын угушат.

    25:12
  2. وَإِذَا أُلْقُوا مِنْهَا مَكَانًا ضَيِّقًا مُقَرَّنِينَ دَعَوْا هُنَالِكَ ثُبُورًا

    Анан алар тозоктун (ортосундагы) тар жерге, кишенделген абалда ташталганда, ошол жерде өздөрүнө өлүм тилеп калышат.

    25:13
  3. لَا تَدْعُوا الْيَوْمَ ثُبُورًا وَاحِدًا وَادْعُوا ثُبُورًا كَثِيرًا

    Ал Күнү өлүмдү бир жолу эмес, көп жолу чакырасыңар!

    25:14
  4. قُلْ أَذَٰلِكَ خَيْرٌ أَمْ جَنَّةُ الْخُلْدِ الَّتِي وُعِدَ الْمُتَّقُونَ ۚ كَانَتْ لَهُمْ جَزَاءً وَمَصِيرًا

    (Ошондо, оо, Мухаммад,) сен аларга «Ушул жакшыбы же такыба кишилерге убада кылынган түбөлүк бейиш жакшы беле?» деп айткын. Ал (бейиш) такыба адамдардын кайта турган (түбөлүк) жайлары жана сыйлыктары!

    25:15
  5. لَهُمْ فِيهَا مَا يَشَاءُونَ خَالِدِينَ ۚ كَانَ عَلَىٰ رَبِّكَ وَعْدًا مَسْئُولًا

    Ал жерде алар үчүн каалаган нерселери даяр. (Алар анда) түбөлүккө калышат. (Бул) Раббиң Өз милдетине алган жоопкерчиликтүү убада болчу.

    25:16
  6. وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ وَمَا يَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ فَيَقُولُ أَأَنْتُمْ أَضْلَلْتُمْ عِبَادِي هَٰؤُلَاءِ أَمْ هُمْ ضَلُّوا السَّبِيلَ

    (Аллах) аларды жана алар ибадат кылган Аллахтан башка «кудайларды» (бир жерге) чогулткан күндө: «(Эй, жалган кудайлар!) Менин мына бул пенделеримди («мага ибадат кыласыңар» деп) силер адаштырдыңарбы?! Же алар өздөрү адашып кетиштиби» - дейт.

    25:17
  7. قَالُوا سُبْحَانَكَ مَا كَانَ يَنْبَغِي لَنَا أَنْ نَتَّخِذَ مِنْ دُونِكَ مِنْ أَوْلِيَاءَ وَلَٰكِنْ مَتَّعْتَهُمْ وَآبَاءَهُمْ حَتَّىٰ نَسُوا الذِّكْرَ وَكَانُوا قَوْمًا بُورًا

    Алар айтышат: «Сен (Оо, Жараткан, шериги жана баласы бар болуудан) Тазасың! Сенден башканы башкаруучу-коргоочу кылуу бизге ылайык эмес! Бирок, Сен аларды жана алардын ата-бабаларын (дүйнөдө көп байлык менен) пайдалантырган элең, натыйжада зикирди (Сени эстөөнү) унутушту жана (бизди сага шерик кылып алышып) өлүмгө (тозокко) ылайык болуп калышты!».

    25:18
  8. فَقَدْ كَذَّبُوكُمْ بِمَا تَقُولُونَ فَمَا تَسْتَطِيعُونَ صَرْفًا وَلَا نَصْرًا ۚ وَمَنْ يَظْلِمْ مِنْكُمْ نُذِقْهُ عَذَابًا كَبِيرًا

    (Эй, Мушриктер! Мына, «кудайыңар») силер айткан сөздөрдү «жалган» деди. Эми силер (өзүңөрдөн азапты) буруп жиберүүгө да («кудайыңардан») жардам алууга да жетише албайсыңар. Силерден ким (акыйкатты четке кагып) зулумдук кылган болсо, ага чоң азапты таттырабыз!

    25:19
  9. وَمَا أَرْسَلْنَا قَبْلَكَ مِنَ الْمُرْسَلِينَ إِلَّا إِنَّهُمْ لَيَأْكُلُونَ الطَّعَامَ وَيَمْشُونَ فِي الْأَسْوَاقِ ۗ وَجَعَلْنَا بَعْضَكُمْ لِبَعْضٍ فِتْنَةً أَتَصْبِرُونَ ۗ وَكَانَ رَبُّكَ بَصِيرًا

    (Оо, Мухаммад!) Сенден мурун Биз жиберген бардык пайгамбарлар тамак-аш жеп, базарларда жүрүшкөн. Биз бирөөңөрдү бирөөңөргө сыноо кылып койдук. (Бул сыноолорго) сабыр кыла аласыңарбы? Сенин Раббиң (бардыгын) Көрүүчү!

    25:20

Котормо: Шамсуддин Хакимов