Катталуу, бет 35

  1. فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ ۗ وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الْيَتَامَىٰ ۖ قُلْ إِصْلَاحٌ لَهُمْ خَيْرٌ ۖ وَإِنْ تُخَالِطُوهُمْ فَإِخْوَانُكُمْ ۚ وَاللَّهُ يَعْلَمُ الْمُفْسِدَ مِنَ الْمُصْلِحِ ۚ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَأَعْنَتَكُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

    (Кана эми,) Дүйнө жана Акырет жөнүндө (пикир кылсаңар!). Сенден жетимдер жөнүндө сурашат. Айткын: “ Жетимдерди(н абалын) оңдоо – жакшы. Эгер жетимдерге (мүлктө шериктештик боюнча) аралашсаңар – алар силердин өз бурадарыңар. Аллах кимдин бузуку, кимдин оңдоочу экенин билет. Эгер Аллах кааласа, силерге оор кылып коймок. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман!

    2:220
  2. وَلَا تَنْكِحُوا الْمُشْرِكَاتِ حَتَّىٰ يُؤْمِنَّ ۚ وَلَأَمَةٌ مُؤْمِنَةٌ خَيْرٌ مِنْ مُشْرِكَةٍ وَلَوْ أَعْجَبَتْكُمْ ۗ وَلَا تُنْكِحُوا الْمُشْرِكِينَ حَتَّىٰ يُؤْمِنُوا ۚ وَلَعَبْدٌ مُؤْمِنٌ خَيْرٌ مِنْ مُشْرِكٍ وَلَوْ أَعْجَبَكُمْ ۗ أُولَٰئِكَ يَدْعُونَ إِلَى النَّارِ ۖ وَاللَّهُ يَدْعُو إِلَى الْجَنَّةِ وَالْمَغْفِرَةِ بِإِذْنِهِ ۖ وَيُبَيِّنُ آيَاتِهِ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ

    Силер мушрик аялдарга алар ыйман келтирмейинче үйлөнбөгүлө. (Анткени,) күң (болсо да) ыймандуу аял мушрик (сулуу, азат жана бай) аялдан артык! Эгер ал (мушрик аял) силердин купулуңарга толуп турса да. Ошондой эле, (өзүңөргө караштуу кыз-жубандарды) мушрик эркектерге – алар ыйманга келмейинче – никелеп бербегиле. (Анткени,) кул болсо да ыймандуу эркек мушрик эркектен, артык! Эгер ал (мушрик) силерге жагып турса да. (Себеби) Алар (мушриктер сөзү, пейили жана абал-көрүнүшү менен силерди) тозокко чакырышат. Аллах болсо, Өз каалоосу менен бейишке жана кечирим берүүгө чакырат. Жана аяттарын адамдарга (ушинтип) баяндайт. Кана эле, алар Аллахты эстешсе!

    2:221
  3. وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الْمَحِيضِ ۖ قُلْ هُوَ أَذًى فَاعْتَزِلُوا النِّسَاءَ فِي الْمَحِيضِ ۖ وَلَا تَقْرَبُوهُنَّ حَتَّىٰ يَطْهُرْنَ ۖ فَإِذَا تَطَهَّرْنَ فَأْتُوهُنَّ مِنْ حَيْثُ أَمَرَكُمُ اللَّهُ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ التَّوَّابِينَ وَيُحِبُّ الْمُتَطَهِّرِينَ

    Сенден айыз (каны) жөнүндө сурашат. Айткын: “Ал жагымсыз нерсе”. Демек, айыз убактысында аялдарга кошулбагыла. Жана таза болмоюнча аларга жакындабагыла. Ал эми, алар таза болгондо, аларга Аллах буюрган тараптан келе бергиле. Аллах тообо кылуучуларды жана таза-пакиза адамдарды сүйөт.

    2:222
  4. نِسَاؤُكُمْ حَرْثٌ لَكُمْ فَأْتُوا حَرْثَكُمْ أَنَّىٰ شِئْتُمْ ۖ وَقَدِّمُوا لِأَنْفُسِكُمْ ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ وَاعْلَمُوا أَنَّكُمْ مُلَاقُوهُ ۗ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ

    Аялдарыңар силердин эгин (үчүн даярдалган) талааңар. Өзүңөрдүн эгин талааңарга каалаган тарабыңардан келе бергиле. Жана өзүңөр үчүн (жакшы ниетти) алдыга койгула. Аллахтан корккула жана билгиле, силер Ага (Кыяматта) жолугасыңар. Жана ыйман келтиргендерге (бейишти) сүйүнчүлө!

    2:223
  5. وَلَا تَجْعَلُوا اللَّهَ عُرْضَةً لِأَيْمَانِكُمْ أَنْ تَبَرُّوا وَتَتَّقُوا وَتُصْلِحُوا بَيْنَ النَّاسِ ۗ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

    Аллахты(н атына ичкен антыңарды) жакшылыгыңардан, такыбалыгыңардан жана адамдардын арасын түзөтүүңөрдөн тыюу (шылтоо) кылып албагыла. Аллах – Угуучу, Билүүчү.

    2:224

Котормо: Шамсуддин Хакимов