Катталуу, бет 348

  1. بَلْ أَتَيْنَاهُمْ بِالْحَقِّ وَإِنَّهُمْ لَكَاذِبُونَ

    Жок, Биз аларга акыйкатты алып келгенбиз. Бирок, алар «жалган» деп, четке кагышты.

    23:90
  2. مَا اتَّخَذَ اللَّهُ مِنْ وَلَدٍ وَمَا كَانَ مَعَهُ مِنْ إِلَٰهٍ ۚ إِذًا لَذَهَبَ كُلُّ إِلَٰهٍ بِمَا خَلَقَ وَلَعَلَا بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ ۚ سُبْحَانَ اللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ

    Аллах (эч кимди Өзүнө) бала (кылып) алган эмес! Аны менен бирге башка кудай дагы жок! Андай болсо, ар бир кудай өзү жараткан нерсе менен кетмек жана (дүйнө падышалары сыяктуу) бири-бирине үстөмдүк кылмак. Аллах (мушриктер) сыпаттагандан Аруу!

    23:91
  3. عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَتَعَالَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ

    Ал көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчү. Ал (мушриктер ойлоп тапкан) шериктерден Аруу-Бийик!

    23:92
  4. قُلْ رَبِّ إِمَّا تُرِيَنِّي مَا يُوعَدُونَ

    Айткын: «Оо, Раббим! Эгер убада кылынган азап алардын башына түшүп жатканын мага көргөзчү болсоң,

    23:93
  5. رَبِّ فَلَا تَجْعَلْنِي فِي الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

    оо, Раббим, мени залым коомдун ичинде калтырба!».

    23:94
  6. وَإِنَّا عَلَىٰ أَنْ نُرِيَكَ مَا نَعِدُهُمْ لَقَادِرُونَ

    Биз сага да (оо, Мухаммад) аларга убада кылган азапты көргөзүүгө кудуреттүүбүз.

    23:95
  7. ادْفَعْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ السَّيِّئَةَ ۚ نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَا يَصِفُونَ

    (Душманың жасаган) жамандыкка жакшылык менен жооп кыл. Биз алар сыпаттаган (ширк, жалган сыяктуу) нерселерди эң жакшы билебиз.

    23:96
  8. وَقُلْ رَبِّ أَعُوذُ بِكَ مِنْ هَمَزَاتِ الشَّيَاطِينِ

    Айткын: «Оо, Раббим! Мен шайтандардын азгырыктарынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!

    23:97
  9. وَأَعُوذُ بِكَ رَبِّ أَنْ يَحْضُرُونِ

    Оо, Раббим! Алар (менин ишимдин үстүндө) ар дайым болуусунан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!

    23:98
  10. حَتَّىٰ إِذَا جَاءَ أَحَدَهُمُ الْمَوْتُ قَالَ رَبِّ ارْجِعُونِ

    Качан алардын (каапырлардын) бирине ажал келсе (мындай) дешет: «Оо, Раббим! мени (дүйнөгө) кайтарчы!

    23:99
  11. لَعَلِّي أَعْمَلُ صَالِحًا فِيمَا تَرَكْتُ ۚ كَلَّا ۚ إِنَّهَا كَلِمَةٌ هُوَ قَائِلُهَا ۖ وَمِنْ وَرَائِهِمْ بَرْزَخٌ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ

    Балким, (бул өмүрүмдө) мурда жасай албаган жакшы амалдарды жасап калаармын!» Бул анын (пайдасыз жана жалган) сөздөрү. Алардын (өлгөндөрдүн) артында кайра тирилчү күндөрүнө чейин Барзах (мүрзө жашоосу) бар.

    23:100
  12. فَإِذَا نُفِخَ فِي الصُّورِ فَلَا أَنْسَابَ بَيْنَهُمْ يَوْمَئِذٍ وَلَا يَتَسَاءَلُونَ

    (Ал эми, Кыямат башталып) «Сур» (кернейи) тартылганда..., ошол Күндө алардын арасында тууганчылык да калбайт бири-бирин жоктой да алышпайт.

    23:101
  13. فَمَنْ ثَقُلَتْ مَوَازِينُهُ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

    Анан кимдин (сооп) таразасы оор келсе, алар жеңишке жеткендер.

    23:102
  14. وَمَنْ خَفَّتْ مَوَازِينُهُ فَأُولَٰئِكَ الَّذِينَ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ فِي جَهَنَّمَ خَالِدُونَ

    Жана кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе (жана ширк баштаган күнөөлөрү оор келсе) алар тозок отунда түбөлүк калып, өздөрүнө зыян кылгандар.

    23:103
  15. تَلْفَحُ وُجُوهَهُمُ النَّارُ وَهُمْ فِيهَا كَالِحُونَ

    Алардын жүзүн от күйдүрөт жана бетинен бузулуп (куйкаланган баш сөөгүнө окшоп, эриндери тартылып, тиштери ырсайып) калышат.

    23:104

Котормо: Шамсуддин Хакимов