Катталуу, бет 344

  1. فَإِذَا اسْتَوَيْتَ أَنْتَ وَمَنْ مَعَكَ عَلَى الْفُلْكِ فَقُلِ الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي نَجَّانَا مِنَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

    Качан сен жана сени менен болгондор кемеге жайгашып алганыңарда: «Бизди залым коомдордон куткарган Аллахка мактоолор болсун!» - дегин.

    23:28
  2. وَقُلْ رَبِّ أَنْزِلْنِي مُنْزَلًا مُبَارَكًا وَأَنْتَ خَيْرُ الْمُنْزِلِينَ

    Жана айткын: «Оо, Раббим! Мени берекеттүү орунга түшүр! Сен эң жакшы жайгаштыруучусуң!»

    23:29
  3. إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ وَإِنْ كُنَّا لَمُبْتَلِينَ

    Чынында, бул иштерде (кудуретибизге) белгилер бар. Биз (адамдарды) сынадык.

    23:30
  4. ثُمَّ أَنْشَأْنَا مِنْ بَعْدِهِمْ قَرْنًا آخَرِينَ

    Кийин алардын (топон суудан кыйрагандардын) артынан башка коомдорду пайда кылдык.

    23:31
  5. فَأَرْسَلْنَا فِيهِمْ رَسُولًا مِنْهُمْ أَنِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَٰهٍ غَيْرُهُ ۖ أَفَلَا تَتَّقُونَ

    Аларга да өздөрүнүн арасынан пайгамбар жибердик. (Ал пайгамбар дагы Нух сыяктуу) «Аллахка гана ибадат-кулчулук кылгыла! Силерге Андан башка кудай жок! Такыба болбойсуңарбы, эми!» (деп чакырык кылды).

    23:32
  6. وَقَالَ الْمَلَأُ مِنْ قَوْمِهِ الَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِلِقَاءِ الْآخِرَةِ وَأَتْرَفْنَاهُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا مَا هَٰذَا إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُكُمْ يَأْكُلُ مِمَّا تَأْكُلُونَ مِنْهُ وَيَشْرَبُ مِمَّا تَشْرَبُونَ

    Анын (пайгамбардын) коомунун ичиндеги каапыр болгон, Акыреттин келишин жалганга чыгарган жана Биз аларды дүйнө жашоосунда бай (ысырапчыл, оюн-зоокко берилген) абалда жашатып койгон уруу башчылары айтышты: «Бул эч ким эмес! Силер жеген нерселерден жеген, силер ичкен нерселерден ичкен, өзүңөр сыяктуу эле адам!

    23:33
  7. وَلَئِنْ أَطَعْتُمْ بَشَرًا مِثْلَكُمْ إِنَّكُمْ إِذًا لَخَاسِرُونَ

    Эгер өзүңөргө окшогон (жөнөкөй) адамга моюн сунсаңар, анда силер анык зыян тартып каласыңар.

    23:34
  8. أَيَعِدُكُمْ أَنَّكُمْ إِذَا مِتُّمْ وَكُنْتُمْ تُرَابًا وَعِظَامًا أَنَّكُمْ مُخْرَجُونَ

    Эмне, ал силерге: «Эгер, өлүп топурак же сөөк болуп калсаңар, (мүрзөдөн тирилип) чыгарыласыңар» деп убада берип жатабы?

    23:35
  9. هَيْهَاتَ هَيْهَاتَ لِمَا تُوعَدُونَ

    Алыс-алыс (мүмкүн эмес) силерге убада кылынган нерсе!

    23:36
  10. إِنْ هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا الدُّنْيَا نَمُوتُ وَنَحْيَا وَمَا نَحْنُ بِمَبْعُوثِينَ

    Ушул дүйнө жашообуздан башка (Акыреттеги) жашоо жок! (Кээ бирибиз) өлөбүз (кээ бирибиз) жашайбыз. Биз эч качан кайра тирилбейбиз!

    23:37
  11. إِنْ هُوَ إِلَّا رَجُلٌ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا وَمَا نَحْنُ لَهُ بِمُؤْمِنِينَ

    А, бул болсо, жалгандан («мен пайгамбармын» – деп) Аллахка жалган жалаа жапкан адам! Биз ага ишенбейбиз!»

    23:38
  12. قَالَ رَبِّ انْصُرْنِي بِمَا كَذَّبُونِ

    (Ошондо пайгамбар) айтты: «Оо, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (аларга каршы) мага жардам бер!»

    23:39
  13. قَالَ عَمَّا قَلِيلٍ لَيُصْبِحُنَّ نَادِمِينَ

    (Аллах) айтты: «Бир аздан соң алар (жасаган жоруктарына) бушайман кылуучуларга айланышат.

    23:40
  14. فَأَخَذَتْهُمُ الصَّيْحَةُ بِالْحَقِّ فَجَعَلْنَاهُمْ غُثَاءً ۚ فَبُعْدًا لِلْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

    Чынында кийин аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады жана Биз аларды (кыйратып) кургаган көбүк сыяктуу кылдык. Жоголсун залым коомдор!

    23:41
  15. ثُمَّ أَنْشَأْنَا مِنْ بَعْدِهِمْ قُرُونًا آخَرِينَ

    Андан соң алардын артынан башка муундарды пайда кылдык.

    23:42

Котормо: Шамсуддин Хакимов