Катталуу, бет 33

  1. سَلْ بَنِي إِسْرَائِيلَ كَمْ آتَيْنَاهُمْ مِنْ آيَةٍ بَيِّنَةٍ ۗ وَمَنْ يُبَدِّلْ نِعْمَةَ اللَّهِ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَتْهُ فَإِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ

    (О, Мухаммад,) Исраил урпактарынан сурачы, Биз аларга (чындыкты далилдеген) анык аян-белгилерден канчасын бердик экен? Өзүнө келген Аллахтын нээматын кайсы (акылсыз) адам алмаштырат? Албетте, Аллах - азабы катуу Зат!

    2:211
  2. زُيِّنَ لِلَّذِينَ كَفَرُوا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا وَيَسْخَرُونَ مِنَ الَّذِينَ آمَنُوا ۘ وَالَّذِينَ اتَّقَوْا فَوْقَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ وَاللَّهُ يَرْزُقُ مَنْ يَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ

    Каапыр адамдарга (ушул) дүйнөнүн жашоосу кооз көргөзүлдү. Алар ыймандуу адамдарды мыскылдашат. Такыба адамдар Кыяматта алардан жогору (даражаларда) болушат. Аллах каалаган пенделерине эсепсиз ырыскы берет.

    2:212
  3. كَانَ النَّاسُ أُمَّةً وَاحِدَةً فَبَعَثَ اللَّهُ النَّبِيِّينَ مُبَشِّرِينَ وَمُنْذِرِينَ وَأَنْزَلَ مَعَهُمُ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ لِيَحْكُمَ بَيْنَ النَّاسِ فِيمَا اخْتَلَفُوا فِيهِ ۚ وَمَا اخْتَلَفَ فِيهِ إِلَّا الَّذِينَ أُوتُوهُ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَتْهُمُ الْبَيِّنَاتُ بَغْيًا بَيْنَهُمْ ۖ فَهَدَى اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا لِمَا اخْتَلَفُوا فِيهِ مِنَ الْحَقِّ بِإِذْنِهِ ۗ وَاللَّهُ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

    Адамдар (мурда) бир (динди гана кармаган) үммөт болгон. Анан Аллах, (бейиштен) сүйүнүчтүү кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү пайгамбарларды жиберип, адамдар арасындагы талашкан нерседе (динде) өкүм кылуу үчүн аларга (Аллахка гана сыйынуу жөнүндөгү) чындыкты камтыган китепти (Тоорот менен Инжилди) түшүрдү. Аны алган элдер, ал (дин) жөнүндө, өздөрүнө анык чындыктар келгенден кийин деле, (ага моюн сунбай) өз ара кыянаттык менен талаша башташты. Анан Аллах алар талашып жаткан чындыкка ыйман келтирген адамдарды Өз каалоосу менен туура жолго баштады. Аллах Өзү каалаган адамдарды туура жолго баштайт.

    2:213
  4. أَمْ حَسِبْتُمْ أَنْ تَدْخُلُوا الْجَنَّةَ وَلَمَّا يَأْتِكُمْ مَثَلُ الَّذِينَ خَلَوْا مِنْ قَبْلِكُمْ ۖ مَسَّتْهُمُ الْبَأْسَاءُ وَالضَّرَّاءُ وَزُلْزِلُوا حَتَّىٰ يَقُولَ الرَّسُولُ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ مَتَىٰ نَصْرُ اللَّهِ ۗ أَلَا إِنَّ نَصْرَ اللَّهِ قَرِيبٌ

    (Оо, ыймандуулар!) Силерге мурунку элдердин (машакаты жөнүндөгү) мисалдары келбей туруп, бейишке киребиз деп ойлодуңарбы. Аларга жакырлык, ар түрдүү ооруулар жеткен жана кооптуу коркунучтарга кабылтылган. Жадагалса, пайгамбар(дын өзү) жана аны менен бирге болгон ыймандуу адамдар: “Аллахтын жардамы качан келээр экен!” деп какшап жиберишкен. Уккула, Аллахтын жардамы жакын!

    2:214
  5. يَسْأَلُونَكَ مَاذَا يُنْفِقُونَ ۖ قُلْ مَا أَنْفَقْتُمْ مِنْ خَيْرٍ فَلِلْوَالِدَيْنِ وَالْأَقْرَبِينَ وَالْيَتَامَىٰ وَالْمَسَاكِينِ وَابْنِ السَّبِيلِ ۗ وَمَا تَفْعَلُوا مِنْ خَيْرٍ فَإِنَّ اللَّهَ بِهِ عَلِيمٌ

    Сенден эмнени (кандайча) кайыр-садака кылуу керектигин сурашат. Айткын: “(Колуңардан келген) садакаңар ата-энеңер үчүн, жакын тууганыңар үчүн, жетимдер үчүн, мискиндер (бей-бечаралар) үчүн жана мусапырлар үчүн болсун. Деги эле, кандай жакшылык - садака кылчу болсоңор, аныңарды Аллах Билүүчү.

    2:215

Котормо: Шамсуддин Хакимов