Катталуу, бет 329

  1. وَمِنَ الشَّيَاطِينِ مَنْ يَغُوصُونَ لَهُ وَيَعْمَلُونَ عَمَلًا دُونَ ذَٰلِكَ ۖ وَكُنَّا لَهُمْ حَافِظِينَ

    Жана ал (Сулайман) үчүн суунун астында сүзүүчү жана мындан башка (инсан жасай албай турган) иштерди жасап бере турган жин-шайтандарды (моюн сундурдук). Аларды Биз Өзүбүз көзөмөлдөөчүбүз.

    21:82
  2. وَأَيُّوبَ إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُ أَنِّي مَسَّنِيَ الضُّرُّ وَأَنْتَ أَرْحَمُ الرَّاحِمِينَ

    Жана Аюбду да эсте. Ал Раббисине: «Мени зыян каптады! Өзүң ырайым кылуучулардын эң ырайымдуусусуң!» – деп, кайрылып дуба кылды.

    21:83
  3. فَاسْتَجَبْنَا لَهُ فَكَشَفْنَا مَا بِهِ مِنْ ضُرٍّ ۖ وَآتَيْنَاهُ أَهْلَهُ وَمِثْلَهُمْ مَعَهُمْ رَحْمَةً مِنْ عِنْدِنَا وَذِكْرَىٰ لِلْعَابِدِينَ

    Кийин Биз анын дубасын кабыл кылып, андагы зыянды арылттык жана Өзүбүздөн ырайым-рахмат иретинде жана (сабырдуу) ибадат кылуучуларга эскерме-сабак болсун деп ага үй-бүлөсүн кайтарып, алар менен дагы ошончо (перзент) бердик.

    21:84
  4. وَإِسْمَاعِيلَ وَإِدْرِيسَ وَذَا الْكِفْلِ ۖ كُلٌّ مِنَ الصَّابِرِينَ

    Жана (оо, Мухаммад), Исмаил, Идрис, Зулкифлдерди да эстегин. Алардын баардыгы сабырдуулардан болгон.

    21:85
  5. وَأَدْخَلْنَاهُمْ فِي رَحْمَتِنَا ۖ إِنَّهُمْ مِنَ الصَّالِحِينَ

    Аларды Өз ырайымыбызга алдык. Бардыгы салих-жакшы пенделерден.

    21:86
  6. وَذَا النُّونِ إِذْ ذَهَبَ مُغَاضِبًا فَظَنَّ أَنْ لَنْ نَقْدِرَ عَلَيْهِ فَنَادَىٰ فِي الظُّلُمَاتِ أَنْ لَا إِلَٰهَ إِلَّا أَنْتَ سُبْحَانَكَ إِنِّي كُنْتُ مِنَ الظَّالِمِينَ

    Зуннунду да эстегин. Бир кезде ал ачууланып (элинен ээн жерге) кетип калды. Ал Бизди өзүн тар (жана караңгы) жерде калтырбайт деп ойлогон. Ал караңгылыктарда (калып): «Өзүңдөн башка сыйынылуучу Зат жок. (Оо, Раббим!) Сен Аруу-Таза Кудайсың! Мен залимдерден болуп калдым!» – деп жалбарды.

    21:87
  7. فَاسْتَجَبْنَا لَهُ وَنَجَّيْنَاهُ مِنَ الْغَمِّ ۚ وَكَذَٰلِكَ نُنْجِي الْمُؤْمِنِينَ

    Биз анын дубасын кабыл алдык жана кайгыдан куткардык. Биз ыймандуу адамдарды мына ушинтип куткарабыз.

    21:88
  8. وَزَكَرِيَّا إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُ رَبِّ لَا تَذَرْنِي فَرْدًا وَأَنْتَ خَيْرُ الْوَارِثِينَ

    Жана Закарияны эсте: Ал Раббисине: «Оо, Раббим! Мени жалгыз (туяксыз) калтырба! Өзүң мурас алуучулардын (бардыгынын артында калуучулардын) эң жакшысысың!» деп дуба кылганда,

    21:89
  9. فَاسْتَجَبْنَا لَهُ وَوَهَبْنَا لَهُ يَحْيَىٰ وَأَصْلَحْنَا لَهُ زَوْجَهُ ۚ إِنَّهُمْ كَانُوا يُسَارِعُونَ فِي الْخَيْرَاتِ وَيَدْعُونَنَا رَغَبًا وَرَهَبًا ۖ وَكَانُوا لَنَا خَاشِعِينَ

    Биз анын дубасын кабыл алып, ага Яхьяны белек кылганбыз жана төрөбөс аялын да айыктырып койгонбуз. Алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү пенделер эле. (Жакшылыктардан) үмүт кылып (жамандыктардан) коркуп дуба кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичипейил пенделер болгон.

    21:90

Котормо: Шамсуддин Хакимов