Катталуу, бет 323

  1. وَكَمْ قَصَمْنَا مِنْ قَرْيَةٍ كَانَتْ ظَالِمَةً وَأَنْشَأْنَا بَعْدَهَا قَوْمًا آخَرِينَ

    Жана Биз (өткөндө) нечен-нечен залым (каапыр) шаарларды кыйратып, алардан кийин (ордуна) башкаларды жараттык.

    21:11
  2. فَلَمَّا أَحَسُّوا بَأْسَنَا إِذَا هُمْ مِنْهَا يَرْكُضُونَ

    Алар Биздин азабыбызды(н белгисин) байкаар замат шаардан качып жөнөштү.

    21:12
  3. لَا تَرْكُضُوا وَارْجِعُوا إِلَىٰ مَا أُتْرِفْتُمْ فِيهِ وَمَسَاكِنِكُمْ لَعَلَّكُمْ تُسْأَلُونَ

    «Качпагыла, көңүл ачуучу жайыңарга жана үйүңөргө кайткыла, балким (өлтүрүлбөй бирөөңөрдөн-бирөөңөр) суралган бойдон калаарсыңар» (дешти азаптоочу периштелер какшык менен).

    21:13
  4. قَالُوا يَا وَيْلَنَا إِنَّا كُنَّا ظَالِمِينَ

    Алар болсо: «Ох, бизге өлүм болсун! Биз залымдардан болуп калган элек!» дешти.

    21:14
  5. فَمَا زَالَتْ تِلْكَ دَعْوَاهُمْ حَتَّىٰ جَعَلْنَاهُمْ حَصِيدًا خَامِدِينَ

    Биз аларды орулган (чөп сыяктуу) кылып тындырып салганыбызга чейин ушул (армандуу) дубалары токтобой турду.

    21:15
  6. وَمَا خَلَقْنَا السَّمَاءَ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا لَاعِبِينَ

    Биз Асман менен Жерди жана ал экөөнүн ортосундагы нерселерди оюн-эрмек үчүн жараткан жокпуз.

    21:16
  7. لَوْ أَرَدْنَا أَنْ نَتَّخِذَ لَهْوًا لَاتَّخَذْنَاهُ مِنْ لَدُنَّا إِنْ كُنَّا فَاعِلِينَ

    Эгер (асман-жерди) эрмек кылып алууну кааласак, Биз аны (эрмек-зоокту) Өзүбүздүн алдыбыздан (асмандардын үстүндөгү жогорку Арштан) деле тапмакпыз, эгер табууну кааласак.

    21:17
  8. بَلْ نَقْذِفُ بِالْحَقِّ عَلَى الْبَاطِلِ فَيَدْمَغُهُ فَإِذَا هُوَ زَاهِقٌ ۚ وَلَكُمُ الْوَيْلُ مِمَّا تَصِفُونَ

    Биз Акыйкатты (Куранды) жалгандын үстүнө таштайбыз жана ал аны эзип, жанчып салат! Анан жалган жок болот. (Оо, Аллахтын шериги, аялы, баласы бар дегендер!) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге (Уайл) азап болсун!

    21:18
  9. وَلَهُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَمَنْ عِنْدَهُ لَا يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِهِ وَلَا يَسْتَحْسِرُونَ

    Асмандар менен Жердеги нерселердин баары Аллахтын мүлкү. Анын алдындагылар (периштелер) Ага ибадат-кулчулук кылуудан текеберленишпейт жана чарчашпайт.

    21:19
  10. يُسَبِّحُونَ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ لَا يَفْتُرُونَ

    (Тескерисинче,) түнү-күнү чарчабай-зерикпей Ага тасбих айтышат.

    21:20
  11. أَمِ اتَّخَذُوا آلِهَةً مِنَ الْأَرْضِ هُمْ يُنْشِرُونَ

    Же болбосо, жердин өзүнөн эле тирилтүүчү «кудайларды» таап алышканбы?

    21:21
  12. لَوْ كَانَ فِيهِمَا آلِهَةٌ إِلَّا اللَّهُ لَفَسَدَتَا ۚ فَسُبْحَانَ اللَّهِ رَبِّ الْعَرْشِ عَمَّا يَصِفُونَ

    Эгер Асман менен Жерде Аллахтан башка кудайлар болгондо, экөө тең ойрон болмок. (Улуу, Бийик) Арштын Раббиси болгон Аллах мушриктер сыпаттаган нерселерден Аруу-Таза!

    21:22
  13. لَا يُسْأَلُ عَمَّا يَفْعَلُ وَهُمْ يُسْأَلُونَ

    Аллах Өзүнүн иши боюнча эч кимге жооп бербейт. Алар жооп беришет (суралышат).

    21:23
  14. أَمِ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِهِ آلِهَةً ۖ قُلْ هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ ۖ هَٰذَا ذِكْرُ مَنْ مَعِيَ وَذِكْرُ مَنْ قَبْلِي ۗ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ الْحَقَّ ۖ فَهُمْ مُعْرِضُونَ

    Же, алар Аллахтан башкаларды кудай кылып алыштыбы?! Айткын: «(Андай болсо) далилиңерди алып келгиле! Мына мендеги нерсенин (Курандын) сөздөрү жана менден мурунку нерселердин (Тоорат менен Инжилдин) сөздөрү! Жок, Алардын көпчүлүгү Акыйкатты билишпейт. (Мунун себеби) Алар жүз буруп кетишкен!

    21:24

Котормо: Шамсуддин Хакимов