Катталуу, бет 305
-
كهيعص
Каф, Хаа, Яаа, Айн, Саад.
19:1 -
ذِكْرُ رَحْمَتِ رَبِّكَ عَبْدَهُ زَكَرِيَّا
(Бул – ) сенин Раббиң пендеси Закарияга берген ырайымынын кабары.
19:2 -
إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُ نِدَاءً خَفِيًّا
Эстегин, ал Раббисине жашыруун түрдө жалбарып,
19:3 -
قَالَ رَبِّ إِنِّي وَهَنَ الْعَظْمُ مِنِّي وَاشْتَعَلَ الرَّأْسُ شَيْبًا وَلَمْ أَكُنْ بِدُعَائِكَ رَبِّ شَقِيًّا
(мындай) деди: «Оо, Раббим! Менин муун-сөөктөрүм алсырап, карылыктан чачымды ак баса баштады! Оо, Раббим, мен эч качан Сага дуба кылып таалайсыз болгон эмесмин!
19:4 -
وَإِنِّي خِفْتُ الْمَوَالِيَ مِنْ وَرَائِي وَكَانَتِ امْرَأَتِي عَاقِرًا فَهَبْ لِي مِنْ لَدُنْكَ وَلِيًّا
Мен артымдагы жакындарымдан кооптонуп жатамын. Аялым төрөбөс болуп калган. Өз даргөйүңдөн мага бир дос (перзент) берчи?!
19:5 -
يَرِثُنِي وَيَرِثُ مِنْ آلِ يَعْقُوبَ ۖ وَاجْعَلْهُ رَبِّ رَضِيًّا
Ал мага жана Якубдун (ыймандуу) урпактарына мураскор болсун! Оо, Раббим, Аны Өзүңдүн ыраазычылыгыңдын кызматкерлеринен кылгай элең?!»
19:6 -
يَا زَكَرِيَّا إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَامٍ اسْمُهُ يَحْيَىٰ لَمْ نَجْعَلْ لَهُ مِنْ قَبْلُ سَمِيًّا
«Оо, Закария! Биз сени Яхьа деген наристе менен сүйүнтөбүз! Биз мурун ага (эч кимди) адаш кылган эмеспиз».
19:7 -
قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَامٌ وَكَانَتِ امْرَأَتِي عَاقِرًا وَقَدْ بَلَغْتُ مِنَ الْكِبَرِ عِتِيًّا
«Оо, Раббим!» деди (Закария) мага кайдагы перзент?! Аялым төрөбөс болсо, өзүм карылыктын чегине жетип калган болсом?!»
19:8 -
قَالَ كَذَٰلِكَ قَالَ رَبُّكَ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٌ وَقَدْ خَلَقْتُكَ مِنْ قَبْلُ وَلَمْ تَكُ شَيْئًا
«Ошондой» – деди (Аллах) – Раббиң айтат: «Бул Мага жеңил. Өзүңдү деле мындан мурун Мен жаратканмын. (Анда) сен дагы эч нерсе эмес (жок) элең».
19:9 -
قَالَ رَبِّ اجْعَلْ لِي آيَةً ۚ قَالَ آيَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ النَّاسَ ثَلَاثَ لَيَالٍ سَوِيًّا
«Оо, Раббим! Анда мага (көңүлүмдүн бейпилдиги үчүн) бир белги көргөзчү?!» - деди (Закария). «Сага белги: соп-соо туруп, үч түн бою адамдарга сүйлөй албай каласың» - деди (Аллах).
19:10 -
فَخَرَجَ عَلَىٰ قَوْمِهِ مِنَ الْمِحْرَابِ فَأَوْحَىٰ إِلَيْهِمْ أَنْ سَبِّحُوا بُكْرَةً وَعَشِيًّا
Ал (ибадатканадагы) михрабдан элине чыкты жана «түнү-күнү мактоо сөздөрүн айткыла» деп, (ымдап) ишаарат кылды. (Ошентип, арадан белгилүү убакыт өтүп Яхья туулду, ал атасынан жакшы тарбия көрдү. Эми акылы толо баштаганда ага Аллах таала айтты:)
19:11
Котормо: Шамсуддин Хакимов