Катталуу, бет 300

  1. وَلَقَدْ صَرَّفْنَا فِي هَٰذَا الْقُرْآنِ لِلنَّاسِ مِنْ كُلِّ مَثَلٍ ۚ وَكَانَ الْإِنْسَانُ أَكْثَرَ شَيْءٍ جَدَلًا

    Биз бул Куранда адамдарга (эсине келип, жолун таап алсын деп) ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Инсан көп нерселер жөнүндө талаша берет.

    18:54
  2. وَمَا مَنَعَ النَّاسَ أَنْ يُؤْمِنُوا إِذْ جَاءَهُمُ الْهُدَىٰ وَيَسْتَغْفِرُوا رَبَّهُمْ إِلَّا أَنْ تَأْتِيَهُمْ سُنَّةُ الْأَوَّلِينَ أَوْ يَأْتِيَهُمُ الْعَذَابُ قُبُلًا

    Өздөрүнө Хидаят (Ислам чындыгы) келгенден кийин, адамдарды ыйманга келүүдөн, жана Раббисине тообо кылуудан тоскон нерсе – аларга абалкылардын жолунун (кайталанып) келиши(н) же утурлап азап келиши(н талап кылгандары) гана болду.

    18:55
  3. وَمَا نُرْسِلُ الْمُرْسَلِينَ إِلَّا مُبَشِّرِينَ وَمُنْذِرِينَ ۚ وَيُجَادِلُ الَّذِينَ كَفَرُوا بِالْبَاطِلِ لِيُدْحِضُوا بِهِ الْحَقَّ ۖ وَاتَّخَذُوا آيَاتِي وَمَا أُنْذِرُوا هُزُوًا

    Биз бардык пайгамбарларды (бейиштен) куш кабар, (тозоктон) сестентүүчү кабар берүүлөрү үчүн жиберебиз. Каапыр адамдар (өз) жалган(дары) менен Акыйкатты жеңип алабыз деп талашышат. Менин аяттарымды жана коркутулган нерселерди (тозок кабарларын) азил-тамаша кылып алышат.

    18:56
  4. وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ ذُكِّرَ بِآيَاتِ رَبِّهِ فَأَعْرَضَ عَنْهَا وَنَسِيَ مَا قَدَّمَتْ يَدَاهُ ۚ إِنَّا جَعَلْنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ أَكِنَّةً أَنْ يَفْقَهُوهُ وَفِي آذَانِهِمْ وَقْرًا ۖ وَإِنْ تَدْعُهُمْ إِلَى الْهُدَىٰ فَلَنْ يَهْتَدُوا إِذًا أَبَدًا

    Раббисинин аяттары эскертилгенде андан жүз буруп, жасаган күнөөлөрүн унуткандардан көбүрөөк залым (каапыр) болгон бирөө барбы?! Биз алардын жүрөктөрүнө – Куранды түшүнбөй калсын деп – чүмбөт жаап койдук, кулактарында дүлөйлүк бар! Эми аларды туура жолго ар канча чакырсаң да, эч качан оңолушпайт!

    18:57
  5. وَرَبُّكَ الْغَفُورُ ذُو الرَّحْمَةِ ۖ لَوْ يُؤَاخِذُهُمْ بِمَا كَسَبُوا لَعَجَّلَ لَهُمُ الْعَذَابَ ۚ بَلْ لَهُمْ مَوْعِدٌ لَنْ يَجِدُوا مِنْ دُونِهِ مَوْئِلًا

    Сенин Раббиң – Ырайымдуу, Кечирүүчү. Эгер күнөөлөрүнө жараша жазаласа, аларга азапты тездетмек. Алар үчүн убада кылынган Күн (Кыямат) бар. Ал күнү алар Аллахтан башка Куткаруучуну таппай калышат.

    18:58
  6. وَتِلْكَ الْقُرَىٰ أَهْلَكْنَاهُمْ لَمَّا ظَلَمُوا وَجَعَلْنَا لِمَهْلِكِهِمْ مَوْعِدًا

    Биз мына бул шаарларды(н элдерин) чектен чыгып каапыр болуп кеткенде (берилген мөөнөт – ырайымды билбей ашынып кеткенде) кыйратканбыз жана кыйроолоруна убакыт белгилегенбиз.

    18:59
  7. وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِفَتَاهُ لَا أَبْرَحُ حَتَّىٰ أَبْلُغَ مَجْمَعَ الْبَحْرَيْنِ أَوْ أَمْضِيَ حُقُبًا

    Бир кезде Муса (кызматчы) баласына: «(Белгиленген) эки деңиздин кошулуш жерине жеткенге чейин же болбосо алыс жол басканга (чарчаганга) чейин жүрүүдөн токтобоймун» деди.

    18:60
  8. فَلَمَّا بَلَغَا مَجْمَعَ بَيْنِهِمَا نَسِيَا حُوتَهُمَا فَاتَّخَذَ سَبِيلَهُ فِي الْبَحْرِ سَرَبًا

    Экөө эки деңиздин кошулган жерине жеткенде, балыктарын унутуп (жоготуп) коюшту. Балык болсо, деңизге бет алып, (себеттен) чыгып кеткен.

    18:61

Котормо: Шамсуддин Хакимов