Катталуу, бет 30
-
وَاقْتُلُوهُمْ حَيْثُ ثَقِفْتُمُوهُمْ وَأَخْرِجُوهُمْ مِنْ حَيْثُ أَخْرَجُوكُمْ ۚ وَالْفِتْنَةُ أَشَدُّ مِنَ الْقَتْلِ ۚ وَلَا تُقَاتِلُوهُمْ عِنْدَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ حَتَّىٰ يُقَاتِلُوكُمْ فِيهِ ۖ فَإِنْ قَاتَلُوكُمْ فَاقْتُلُوهُمْ ۗ كَذَٰلِكَ جَزَاءُ الْكَافِرِينَ
Аларды тапкан жериңерде өлтүргүлө, силерди сүрүп чыгарган жерден аларды да сүрүп чыгаргыла. Фитна (динден азгыруу, бузукулук) адам өлтүрүүдөн да жаман. Алар менен “Масжид Аль-Харамдын” алдында силерге каршы согушмайынча согушпагыла, Эгер алар согушту баштаса, анда өлтүрө бергиле, каапырлардын жазасы – ушундай.
2:191 -
فَإِنِ انْتَهَوْا فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Эгер (согушту) токтотушса (каапырчылыктарынан кайтып, мусулман болушса) анда, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
2:192 -
وَقَاتِلُوهُمْ حَتَّىٰ لَا تَكُونَ فِتْنَةٌ وَيَكُونَ الدِّينُ لِلَّهِ ۖ فَإِنِ انْتَهَوْا فَلَا عُدْوَانَ إِلَّا عَلَى الظَّالِمِينَ
Качан (жер бетинен) фитна (ширк, исламга тоскоолдук) жок болмоюнча жана дин Аллах үчүн болмоюнча согуша бергиле. Эгер токтошсо, заалымдарынан башкаларына тийбегиле.
2:193 -
الشَّهْرُ الْحَرَامُ بِالشَّهْرِ الْحَرَامِ وَالْحُرُمَاتُ قِصَاصٌ ۚ فَمَنِ اعْتَدَىٰ عَلَيْكُمْ فَاعْتَدُوا عَلَيْهِ بِمِثْلِ مَا اعْتَدَىٰ عَلَيْكُمْ ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ مَعَ الْمُتَّقِينَ
«Шахрул-харамга» - «Шахрул-харам» жана арам кылынган нерселер(ди жасагандык үчүн) өч (алуу) бар! Ким силерге душмандык кылса, силер дагы дал өзүндөй душмандык кылгыла! Аллахтан корккула жана билгиле, Аллах такыба кишилер менен бирге.
2:194 -
وَأَنْفِقُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَلَا تُلْقُوا بِأَيْدِيكُمْ إِلَى التَّهْلُكَةِ ۛ وَأَحْسِنُوا ۛ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ
Аллахтын жолунда нафака (садака) чыгаргыла. Колуңарды (өзүңөрдү) өлүмгө таштабагыла. Жакшылык кылгыла. Аллах эхсан кылуучуларды сүйөт.
2:195 -
وَأَتِمُّوا الْحَجَّ وَالْعُمْرَةَ لِلَّهِ ۚ فَإِنْ أُحْصِرْتُمْ فَمَا اسْتَيْسَرَ مِنَ الْهَدْيِ ۖ وَلَا تَحْلِقُوا رُءُوسَكُمْ حَتَّىٰ يَبْلُغَ الْهَدْيُ مَحِلَّهُ ۚ فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ مَرِيضًا أَوْ بِهِ أَذًى مِنْ رَأْسِهِ فَفِدْيَةٌ مِنْ صِيَامٍ أَوْ صَدَقَةٍ أَوْ نُسُكٍ ۚ فَإِذَا أَمِنْتُمْ فَمَنْ تَمَتَّعَ بِالْعُمْرَةِ إِلَى الْحَجِّ فَمَا اسْتَيْسَرَ مِنَ الْهَدْيِ ۚ فَمَنْ لَمْ يَجِدْ فَصِيَامُ ثَلَاثَةِ أَيَّامٍ فِي الْحَجِّ وَسَبْعَةٍ إِذَا رَجَعْتُمْ ۗ تِلْكَ عَشَرَةٌ كَامِلَةٌ ۗ ذَٰلِكَ لِمَنْ لَمْ يَكُنْ أَهْلُهُ حَاضِرِي الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ
Хаж (ажылык) жана Умраны, Аллах үчүн (ыклас менен) толук аткаргыла. Эгер (бир тоскоол себептүү, Меккеге жете албай, жолдо) кармалып калсаңар, кудуретиңер жеткен (төө, уй же кой сыяктуу) курмандык(ты Меккеге жибересиңер.) Курмандык (малыңар) жайына жетип бармайынча (жана силерге анын союлганы жөнүндө кабар келмейинче) чачыңарды албайсыңар. Ал эми, силерден ким бирөөңөр ооругандан же башындагы бир зыяндан улам (чачын алдырууга туура келсе), анын ордуна (үч күн) орозо кармоо (алты жакырга) нафака берүү же (бир кой) союу менен фидья (төлөм) төлөсүн. А эгер (тоскоолдуктардан) аман болсоңор жана (Меккеге жетип), ким хаж(ибадаты башталган)га чейин умрадан да пайдаланган болсо, кудурети жеткен бир курмандык (сойсун). Ал эми ким (курмандыкты же анын баасын) таппай калса, хаж мезгилинде үч күн, үйүнө кайтып келгенде жети күн орозо тутсун! Бардыгы болуп он күн толук болот. Бул (өкүм) үй-бүлөсү Масжид аль-Харамда болбогон (алыстан келген) кишилер үчүн. Аллахтан корккула жана билгиле, Аллах – азабы катуу Зат!
2:196
Котормо: Шамсуддин Хакимов