Катталуу, бет 293

  1. وَبِالْحَقِّ أَنْزَلْنَاهُ وَبِالْحَقِّ نَزَلَ ۗ وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا مُبَشِّرًا وَنَذِيرًا

    Биз аны (Куранды) Акыйкат менен түшүргөнбүз жана Акыйкат менен түшкөн. Биз сени (бейиштин) куш кабарчысы жана (тозоктон) коркутуучу болушуң үчүн гана жибергенбиз.

    17:105
  2. وَقُرْآنًا فَرَقْنَاهُ لِتَقْرَأَهُ عَلَى النَّاسِ عَلَىٰ مُكْثٍ وَنَزَّلْنَاهُ تَنْزِيلًا

    Биз Куранды (Акыйкат менен жалганды) ажыратуучу кылдык жана аны адамдарга шашылбай окуп беришиң үчүн (жыйырма үч жыл аралыгында) бөлүп-бөлүп түшүрдүк.

    17:106
  3. قُلْ آمِنُوا بِهِ أَوْ لَا تُؤْمِنُوا ۚ إِنَّ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ مِنْ قَبْلِهِ إِذَا يُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ يَخِرُّونَ لِلْأَذْقَانِ سُجَّدًا

    (Оо, Мухаммад, мушриктерге) айткын: «Силер ага (Куранга) ыйман келтирсеңер да же ыйман келтирбесеңер да (Аллах силердин ыйманыңарга муктаж эмес.) Андан мурунку илимдүү адамдар өздөрүнө Куран окулганда бети менен саждага жыгылышып:

    17:107
  4. وَيَقُولُونَ سُبْحَانَ رَبِّنَا إِنْ كَانَ وَعْدُ رَبِّنَا لَمَفْعُولًا

    «Раббибиз Аруу-Таза! Раббибиздин (Акырет жөнүндөгү) убадасы сөзсүз аткарылат!» - дешкен.

    17:108
  5. وَيَخِرُّونَ لِلْأَذْقَانِ يَبْكُونَ وَيَزِيدُهُمْ خُشُوعًا ۩

    Алар ыйлаган бойдон бети менен жыгылышканда (Куран) алардын (Аллах алдындагы) кичипейилдиктерин көбөйтөт.

    17:109
  6. قُلِ ادْعُوا اللَّهَ أَوِ ادْعُوا الرَّحْمَٰنَ ۖ أَيًّا مَا تَدْعُوا فَلَهُ الْأَسْمَاءُ الْحُسْنَىٰ ۚ وَلَا تَجْهَرْ بِصَلَاتِكَ وَلَا تُخَافِتْ بِهَا وَابْتَغِ بَيْنَ ذَٰلِكَ سَبِيلًا

    Айт: «(О, момундар кааласаңар) «Аллах» деп дуба кылгыла, (кааласаңар) «Рахман» деп дуба кылгыла. Эмне деп дуба кылсаңар да, Анын эң мыкты ысымдары бар. (Оо, Мухаммад) намазыңдын (кыраатын) бийик добуш менен да (акырын) угулбай турган кылып да окуба! Ушунун аралыгында(гы окуу) жол(ун) изде!

    17:110
  7. وَقُلِ الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي لَمْ يَتَّخِذْ وَلَدًا وَلَمْ يَكُنْ لَهُ شَرِيكٌ فِي الْمُلْكِ وَلَمْ يَكُنْ لَهُ وَلِيٌّ مِنَ الذُّلِّ ۖ وَكَبِّرْهُ تَكْبِيرًا

    Жана айткын: «Баласы жок, мүлктө шериги жок, кордолгон макулуктардан эч бир жардамчысы да жок Аллахка мактоолор болсун!» Жана Аны (Улук Сыпаттары менен ар дайым) даңктап жүр!

    17:111
  8. الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَنْزَلَ عَلَىٰ عَبْدِهِ الْكِتَابَ وَلَمْ يَجْعَلْ لَهُ عِوَجًا ۜ

    Өзүнүн пендесине (Мухаммадга) Китеп (Куран) түшүргөнгө (Аллахка) мактоолор болсун! Ал анда (Куранда) акыйкаттан кылча да кыйшаюуга жол бербеди.

    18:1
  9. قَيِّمًا لِيُنْذِرَ بَأْسًا شَدِيدًا مِنْ لَدُنْهُ وَيُبَشِّرَ الْمُؤْمِنِينَ الَّذِينَ يَعْمَلُونَ الصَّالِحَاتِ أَنَّ لَهُمْ أَجْرًا حَسَنًا

    (Тескерисинче) аны эң туура (китеп) сүрөтүндө (түшүрдү.) (Каапырларды) Өзүнүн алдындагы катуу азаптан коркутуш үчүн жана жакшы амал кылган момундарга эң мыкты сооптор (бейиш) бар экени жөнүндө куш кабар бериш үчүн.

    18:2
  10. مَاكِثِينَ فِيهِ أَبَدًا

    Алар (момундар) анда түбөлүк калышат.

    18:3
  11. وَيُنْذِرَ الَّذِينَ قَالُوا اتَّخَذَ اللَّهُ وَلَدًا

    Жана «Аллахтын баласы бар» деген адамдарды (тозоктон кабар берип) коркутуш үчүн.

    18:4

Котормо: Шамсуддин Хакимов