Катталуу, бет 288
-
وَمَا مَنَعَنَا أَنْ نُرْسِلَ بِالْآيَاتِ إِلَّا أَنْ كَذَّبَ بِهَا الْأَوَّلُونَ ۚ وَآتَيْنَا ثَمُودَ النَّاقَةَ مُبْصِرَةً فَظَلَمُوا بِهَا ۚ وَمَا نُرْسِلُ بِالْآيَاتِ إِلَّا تَخْوِيفًا
Бизди (мушриктерге) моожиза берүүдөн тоскон нерсе - абалкы (каапыр) коомдордун (моожизаны) «жалган» дегендери. Биз Самуд коомуна анык көрүнгөн төө бердик эле, ага зулум кылып (ишенбей) коюшту. Биз моожизаларды (элдерди жалгыз Аллахтан) коркутуу үчүн гана жиберебиз.
17:59 -
وَإِذْ قُلْنَا لَكَ إِنَّ رَبَّكَ أَحَاطَ بِالنَّاسِ ۚ وَمَا جَعَلْنَا الرُّؤْيَا الَّتِي أَرَيْنَاكَ إِلَّا فِتْنَةً لِلنَّاسِ وَالشَّجَرَةَ الْمَلْعُونَةَ فِي الْقُرْآنِ ۚ وَنُخَوِّفُهُمْ فَمَا يَزِيدُهُمْ إِلَّا طُغْيَانًا كَبِيرًا
Жана бир кезде Биз сага: «Раббиң (Өзүнүн илими менен) адамдарды ороп алат» дегенбиз. Биз сага (Исра түнүндө) көргөзгөн нерсе жана Курандагы каргыш тийген (Заккум дарагы) адамдар үчүн сыноо. Биз аларды коркутабыз. Бирок, бул (коркутуу) алардын ашынган каапырлыгын гана көбөйтөт.
17:60 -
وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ قَالَ أَأَسْجُدُ لِمَنْ خَلَقْتَ طِينًا
Бир кезде Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла!» дедик. Иблистен башка баары сажда кылышты. (Иблис болсо:) «Ылайдан жараткан нерсеңе сажда кылат бекенмин» - деди.
17:61 -
قَالَ أَرَأَيْتَكَ هَٰذَا الَّذِي كَرَّمْتَ عَلَيَّ لَئِنْ أَخَّرْتَنِ إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ لَأَحْتَنِكَنَّ ذُرِّيَّتَهُ إِلَّا قَلِيلًا
Ал (дагы мындай) деди: « Айтчы, мага (оо, Раббим), менден улук кылганың (Адам) ушулбу?! Эгер мени Кыямат күнгө чейин (жанымды албай) кечиктирсең, анын бардык урпактарын азгырып жиберемин. Азыраактары (Сага ыклас менен сыйынгандары) гана калат».
17:62 -
قَالَ اذْهَبْ فَمَنْ تَبِعَكَ مِنْهُمْ فَإِنَّ جَهَنَّمَ جَزَاؤُكُمْ جَزَاءً مَوْفُورًا
«Жогол! - деди Аллах, - бирок, алардан кимиси сага ээрчисе, силердин толук (ылайыктуу) жазаңар тозок!
17:63 -
وَاسْتَفْزِزْ مَنِ اسْتَطَعْتَ مِنْهُمْ بِصَوْتِكَ وَأَجْلِبْ عَلَيْهِمْ بِخَيْلِكَ وَرَجِلِكَ وَشَارِكْهُمْ فِي الْأَمْوَالِ وَالْأَوْلَادِ وَعِدْهُمْ ۚ وَمَا يَعِدُهُمُ الشَّيْطَانُ إِلَّا غُرُورًا
Алардын кимисине алың жетсе, добушуң менен (эле) азгырып ал! (Кааласаң) алардын үстүнө атчан жана жөө аскериңди жибер! Жана (кааласаң) алардын мал-мүлкүндө, бала-чакасында шерик бол жана аларга убадаларыңды бер! (О, пенделер!) Шайтан аларга жалган убадаларды гана берет!
17:64 -
إِنَّ عِبَادِي لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَانٌ ۚ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ وَكِيلًا
Албетте, Менин (ыкластуу) пенделериме бийлигиң өтпөйт! Сактоо жаатынан (аларга) Раббиңдин Өзү жетиштүү!»
17:65 -
رَبُّكُمُ الَّذِي يُزْجِي لَكُمُ الْفُلْكَ فِي الْبَحْرِ لِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ ۚ إِنَّهُ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا
(О, инсандар) Раббиңер, Өз пазилетинен (ырыскы) издешиңер үчүн силердин пайдаңарга (албууттанган) деңиздин үстүндө кеме жүргүзүп койду. Чынында, Ал силерге Ырайымдуу!
17:66
Котормо: Шамсуддин Хакимов