Катталуу, бет 280

  1. يَوْمَ تَأْتِي كُلُّ نَفْسٍ تُجَادِلُ عَنْ نَفْسِهَا وَتُوَفَّىٰ كُلُّ نَفْسٍ مَا عَمِلَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ

    Ошол Күндө (Кыяматта) ар бир жан өз пайдасын талашып (башкаларды тап-такыр унутуп) калат. Жана ар бир жанга - зулумдук көргөзүлбөгөн абалда - жасаган иштери(не жараша сооп же азап) гана толугу менен берилет.

    16:111
  2. وَضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا قَرْيَةً كَانَتْ آمِنَةً مُطْمَئِنَّةً يَأْتِيهَا رِزْقُهَا رَغَدًا مِنْ كُلِّ مَكَانٍ فَكَفَرَتْ بِأَنْعُمِ اللَّهِ فَأَذَاقَهَا اللَّهُ لِبَاسَ الْجُوعِ وَالْخَوْفِ بِمَا كَانُوا يَصْنَعُونَ

    Аллах бир шаарды (Меккени) мисал келтирди: Бул шаар тынч, бейпил, ырыскысы ар тараптан “агып” келип турган шаар болчу. Кийин ал (анда жашаган мушриктер) Аллахтын нээматына каапыр болду эле, бул кылмышынын жазасына Аллах аны коркунуч жана каатчылык “кийими” менен “жасантып койду”.

    16:112
  3. وَلَقَدْ جَاءَهُمْ رَسُولٌ مِنْهُمْ فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمُ الْعَذَابُ وَهُمْ ظَالِمُونَ

    Аларга (Мекке мушриктерине) өздөрүнүн арасынан (ишеничтүү) пайгамбар келсе, аны «жалганчы» дешти. Анан аларды, залым болуп турган абалда азап кармады!

    16:113
  4. فَكُلُوا مِمَّا رَزَقَكُمُ اللَّهُ حَلَالًا طَيِّبًا وَاشْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ إِيَّاهُ تَعْبُدُونَ

    Силерге Аллах ырыскы кылып берген адал-таза нсрселерден гана жегиле жана эгер Аллахтын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор, Анын нээматтарына шүгүр кылгыла.

    16:114
  5. إِنَّمَا حَرَّمَ عَلَيْكُمُ الْمَيْتَةَ وَالدَّمَ وَلَحْمَ الْخِنْزِيرِ وَمَا أُهِلَّ لِغَيْرِ اللَّهِ بِهِ ۖ فَمَنِ اضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍ وَلَا عَادٍ فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

    Чынында, Аллах силерге тарпты, (мууздалганда аккан) канды, доңуздун этин жана Аллахтан башкага атап союлган(дар)ды арам кылды. Ал эми, бирөө (ушулардан башка тамак таба албай) мажбур болгондо, чектен чыкпай сугунбай (өзөк жалгоо үчүн гана) жесе, Аллах Кечирүүчү, Ырайымдуу.

    16:115
  6. وَلَا تَقُولُوا لِمَا تَصِفُ أَلْسِنَتُكُمُ الْكَذِبَ هَٰذَا حَلَالٌ وَهَٰذَا حَرَامٌ لِتَفْتَرُوا عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ ۚ إِنَّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ لَا يُفْلِحُونَ

    Тилиңер (өзүңөр) ойлоп чыгарган сөздөрдү Аллахка (оодарып) жалаа жабуу үчүн «Бул - адал, бул - арам» деп сүйлөй бербегиле. Албетте, Аллахка жалаа жапкандар тозоктон кутулбайт.

    16:116
  7. مَتَاعٌ قَلِيلٌ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

    (Дүйнө жыргалы) бир аз гана пайдалануу. Алар үчүн (Акыретте) жан сыздаткан азап бар.

    16:117
  8. وَعَلَى الَّذِينَ هَادُوا حَرَّمْنَا مَا قَصَصْنَا عَلَيْكَ مِنْ قَبْلُ ۖ وَمَا ظَلَمْنَاهُمْ وَلَٰكِنْ كَانُوا أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ

    Мурда Биз яхудилерге, сага (Куранда) айткан нерселерди арам кылган элек. Биз аларга зулумдук кылбадык. Бирок өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты.

    16:118

Котормо: Шамсуддин Хакимов