Катталуу, бет 271

  1. وَقَالَ الَّذِينَ أَشْرَكُوا لَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا عَبَدْنَا مِنْ دُونِهِ مِنْ شَيْءٍ نَحْنُ وَلَا آبَاؤُنَا وَلَا حَرَّمْنَا مِنْ دُونِهِ مِنْ شَيْءٍ ۚ كَذَٰلِكَ فَعَلَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۚ فَهَلْ عَلَى الرُّسُلِ إِلَّا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ

    Мушриктер: «Эгер Аллах кааласа, биз Өзүнөн башка эч нерсеге ибадат кылбайт элек. Биз дагы, ата-бабаларыбыз дагы Анын (Аллахтын өкүмү) болмоюнча эч нерсени (өзүбүзгө) арам кылган эмеспиз” - дешет. Алардан мурдагы (каапыр)лар деле ушундай иш жасашкан. Пайгамбарлардын анык-таза жеткирүүдөн башка вазыйпасы жок.

    16:35
  2. وَلَقَدْ بَعَثْنَا فِي كُلِّ أُمَّةٍ رَسُولًا أَنِ اعْبُدُوا اللَّهَ وَاجْتَنِبُوا الطَّاغُوتَ ۖ فَمِنْهُمْ مَنْ هَدَى اللَّهُ وَمِنْهُمْ مَنْ حَقَّتْ عَلَيْهِ الضَّلَالَةُ ۚ فَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَانْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُكَذِّبِينَ

    Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз. Ал үммөттөрдөн кээ бирлерин Аллах туура жолго баштаган болсо, кээ бирөөлөрүнүн башына адашуучулук түшкөн. Эми, жер бетинде саякат кылып, (пайгамбарлардын жолун) “жалган” дегендердин акыбети кандай болгонун көргүлө!

    16:36
  3. إِنْ تَحْرِصْ عَلَىٰ هُدَاهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي مَنْ يُضِلُّ ۖ وَمَا لَهُمْ مِنْ نَاصِرِينَ

    (О, Мухаммад!) Эгер сен аларды туура жолго баштоого (ар канча) аракет кылсаң деле, Аллах адаштыра турган пендени (эч качан) туура жолго баштабайт. (Натыйжада аларга азап түшөт. Ошондо) аларга эч жардамчы болбойт.

    16:37
  4. وَأَقْسَمُوا بِاللَّهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ ۙ لَا يَبْعَثُ اللَّهُ مَنْ يَمُوتُ ۚ بَلَىٰ وَعْدًا عَلَيْهِ حَقًّا وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

    Алар Аллахтын атына бекем ант ичип: “Аллах өлгөндөрдү тирилтпейт” - дешет. Жок, тирилтет! Өзүнүн акыйкат убадасы боюнча! Бирок, көпчүлүк адамдар (муну) биле бербейт. (Акыретте бардык адамдар тирилчү болсо, мунун себеби...)

    16:38
  5. لِيُبَيِّنَ لَهُمُ الَّذِي يَخْتَلِفُونَ فِيهِ وَلِيَعْلَمَ الَّذِينَ كَفَرُوا أَنَّهُمْ كَانُوا كَاذِبِينَ

    Аларга талашкан нерселерин(ин аныгын) көргөзүп коюу үчүн жана каапыр адамдар өздөрүнүн жалганчы экендиктерин билип алышы үчүн.

    16:39
  6. إِنَّمَا قَوْلُنَا لِشَيْءٍ إِذَا أَرَدْنَاهُ أَنْ نَقُولَ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ

    Эгер Биз бир нерсени кааласак, ага: «Бол!» дешибиз менен ал болуп калат.

    16:40
  7. وَالَّذِينَ هَاجَرُوا فِي اللَّهِ مِنْ بَعْدِ مَا ظُلِمُوا لَنُبَوِّئَنَّهُمْ فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً ۖ وَلَأَجْرُ الْآخِرَةِ أَكْبَرُ ۚ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ

    (Мекке мушриктери тарабынан) зулумга дуушар кылынган соң, Аллахтын жолунда хижрат кылган адамдарга (ушул эле) дүйнөдө жакшылык даярдап койобуз. Бирок, эгер билишсе, Акырет сыйлыгы чоңураак.

    16:41
  8. الَّذِينَ صَبَرُوا وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

    Алар сабыр кылган жана Раббисине тобокел кылган адамдар.

    16:42

Котормо: Шамсуддин Хакимов