Катталуу, бет 269

  1. وَأَلْقَىٰ فِي الْأَرْضِ رَوَاسِيَ أَنْ تَمِيدَ بِكُمْ وَأَنْهَارًا وَسُبُلًا لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ

    Ал силердин тең салмактуулугуңарды сактасын деп жер бетине (салмактуу) тоолорду кадап койду, Жана (силердин пайдаңар үчүн) дарыяларды, адашпай жүрүшүңөр үчүн жолдорду жана

    16:15
  2. وَعَلَامَاتٍ ۚ وَبِالنَّجْمِ هُمْ يَهْتَدُونَ

    (ар түрдүү) белгилерди (жаратты. Ошол белгилердин бири болгон) жылдыздар менен алар жол табышат.

    16:16
  3. أَفَمَنْ يَخْلُقُ كَمَنْ لَا يَخْلُقُ ۗ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ

    Жараткан (Аллах) менен жарата албаган (“кудайлар”) теңби?! Эсиңерге келбейсиңерби?!

    16:17
  4. وَإِنْ تَعُدُّوا نِعْمَةَ اللَّهِ لَا تُحْصُوهَا ۗ إِنَّ اللَّهَ لَغَفُورٌ رَحِيمٌ

    Эгер Аллахтын нээматтарын санасаңар, бүтүрө албайсыңар. Албетте, Аллах Кечирүүчү, Боорукер.

    16:18
  5. وَاللَّهُ يَعْلَمُ مَا تُسِرُّونَ وَمَا تُعْلِنُونَ

    Аллах силердин купуя жана ашкере жасаган (бардык) ишиңерди билет.

    16:19
  6. وَالَّذِينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَا يَخْلُقُونَ شَيْئًا وَهُمْ يُخْلَقُونَ

    Алар (мушриктер) дуба (ибадат) кылып жаткан Аллахтан башка “кудайлары” эч нерсени жарата албайт, өздөрү жаратылган нерселер.

    16:20
  7. أَمْوَاتٌ غَيْرُ أَحْيَاءٍ ۖ وَمَا يَشْعُرُونَ أَيَّانَ يُبْعَثُونَ

    Алар (жасалма кудайлар) тирүү эмес, өлүк, (Мушриктердин) качан тирилишин (Кыямат убактысын) да билбейт.

    16:21
  8. إِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ ۚ فَالَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ قُلُوبُهُمْ مُنْكِرَةٌ وَهُمْ مُسْتَكْبِرُونَ

    Силердин кудайыңар - жалгыз Кудай (Аллах). Ал эми, Акыретке ишенбеген адамдардын жүрөктөрү (бул ишенимге) каршы чыгуучу. Алар (Аллахка баш ийүүдөн) текеберленишет.

    16:22
  9. لَا جَرَمَ أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ ۚ إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُسْتَكْبِرِينَ

    Эч шексиз, Аллах алардын ичине сактаган сырларын да ачык-ашкере иштерин да билип турат. Чынында, Ал текебер адамдарды сүйбөйт.

    16:23
  10. وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ مَاذَا أَنْزَلَ رَبُّكُمْ ۙ قَالُوا أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ

    Эгер аларга: «(Мухаммадга) Раббиңер эмне түшүрдү эле» - деп айтылса, «Байыркылардын жомогу» - дешет.

    16:24
  11. لِيَحْمِلُوا أَوْزَارَهُمْ كَامِلَةً يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۙ وَمِنْ أَوْزَارِ الَّذِينَ يُضِلُّونَهُمْ بِغَيْرِ عِلْمٍ ۗ أَلَا سَاءَ مَا يَزِرُونَ

    «Кыямат күнү күнөөлөрүн толугу менен, ал эми илимсиздиги себептүү (аларды) адаштырган адамдарынын күнөөлөрүн(үн бир бөлүгүн желкесине) көтөрүш үчүн (ошентишти). Уккула, алар көтөргөн «жүк» кандай жаман!»

    16:25
  12. قَدْ مَكَرَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَأَتَى اللَّهُ بُنْيَانَهُمْ مِنَ الْقَوَاعِدِ فَخَرَّ عَلَيْهِمُ السَّقْفُ مِنْ فَوْقِهِمْ وَأَتَاهُمُ الْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ

    Алардан мурдагы (каапыр) коомдор дагы айлакерлик («сарайларын») жасашкан. Кийин Аллах алардын “сарайларына” келип, түбү менен омкоруп таштаганда, чатыр(ы) как чокуларына кулап түштү. Жана аларга байкабаган тараптан азап келди!

    16:26

Котормо: Шамсуддин Хакимов