Катталуу, бет 239

  1. فَلَمَّا سَمِعَتْ بِمَكْرِهِنَّ أَرْسَلَتْ إِلَيْهِنَّ وَأَعْتَدَتْ لَهُنَّ مُتَّكَأً وَآتَتْ كُلَّ وَاحِدَةٍ مِنْهُنَّ سِكِّينًا وَقَالَتِ اخْرُجْ عَلَيْهِنَّ ۖ فَلَمَّا رَأَيْنَهُ أَكْبَرْنَهُ وَقَطَّعْنَ أَيْدِيَهُنَّ وَقُلْنَ حَاشَ لِلَّهِ مَا هَٰذَا بَشَرًا إِنْ هَٰذَا إِلَّا مَلَكٌ كَرِيمٌ

    (Вазирдин аялы) алардын айлакер сөздөрүн укканда, адам жиберип, алдыртып келди жана аркаларына жөлөнгүч жаздыктарды коюп, (дасторконду ар түрдүү мөмө-жемиштер менен толтуруп, мөмөлөрдү кесип жеш үчүн) ар биринин колуна бирден бычак карматты жана (Юсуфка): “Алардын алдына чык” - деди. Аны көргөндө улуктап, (акыл-эстерин тап-такыр жоготкондон улам мөмө-жемиш кескендин ордуна) өз колдорун кесе башташты. Жана: “О, (кемчилдиктен) Таза Аллах! Бул адам эмес, кереметтүү периштенин өзү го!” дешти.

    12:31
  2. قَالَتْ فَذَٰلِكُنَّ الَّذِي لُمْتُنَّنِي فِيهِ ۖ وَلَقَدْ رَاوَدْتُهُ عَنْ نَفْسِهِ فَاسْتَعْصَمَ ۖ وَلَئِنْ لَمْ يَفْعَلْ مَا آمُرُهُ لَيُسْجَنَنَّ وَلَيَكُونًا مِنَ الصَّاغِرِينَ

    (Анда) аял: “Ал жөнүндө силер мени айыптаган жигит - ушул! (Ооба!) мен аны азгырууга умтулдум. Ал өзүн сактады. (Бирок, мен ниетимен кайта элекмин) Эгер менин буйругумду аткарбаса, зынданга ташталып, кордолгондордон болот” - деди.

    12:32
  3. قَالَ رَبِّ السِّجْنُ أَحَبُّ إِلَيَّ مِمَّا يَدْعُونَنِي إِلَيْهِ ۖ وَإِلَّا تَصْرِفْ عَنِّي كَيْدَهُنَّ أَصْبُ إِلَيْهِنَّ وَأَكُنْ مِنَ الْجَاهِلِينَ

    (Юсуф) айтты: “О, Раббим! Алар сунуштаган нерседен мага зындан жакшыраак! Эгер, ал аялдардын айлакерликтерин менден арылтпасаң аларга көңүлүм жибип, наадандардан болуп каламын!”

    12:33
  4. فَاسْتَجَابَ لَهُ رَبُّهُ فَصَرَفَ عَنْهُ كَيْدَهُنَّ ۚ إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ

    Раббиси анын дубасын кабыл алып, андан аялдардын айлакерлигин арылтты. Чынында, Аллах Угуучу, Билүүчү. (Болгон окуя бүт шаарга угулуп, элдин арасында ар кандай ушактар тарап, бирөө Юсуфту, дагы бирөө башкасын айыптап жатышты).

    12:34
  5. ثُمَّ بَدَا لَهُمْ مِنْ بَعْدِ مَا رَأَوُا الْآيَاتِ لَيَسْجُنُنَّهُ حَتَّىٰ حِينٍ

    (Юсуфтун күнөөсүздүгүнүн) белгилерин көрүшкөн соң, аны бир мезгилдерге (эл оозу басылганга) чейин зынданда сактап туруу (бийлик ээлерине) макул көрүндү.

    12:35
  6. وَدَخَلَ مَعَهُ السِّجْنَ فَتَيَانِ ۖ قَالَ أَحَدُهُمَا إِنِّي أَرَانِي أَعْصِرُ خَمْرًا ۖ وَقَالَ الْآخَرُ إِنِّي أَرَانِي أَحْمِلُ فَوْقَ رَأْسِي خُبْزًا تَأْكُلُ الطَّيْرُ مِنْهُ ۖ نَبِّئْنَا بِتَأْوِيلِهِ ۖ إِنَّا نَرَاكَ مِنَ الْمُحْسِنِينَ

    Аны менен бирге эки жигит да зынданга түшкөн. Алардын бири: “Мен түшүмдө жүзүм мөмөсүн сыгып, шарап жасап жатканымды көрдүм” десе, экинчиси: “Менин түшүмдө болсо, башыма нан көтөрүп баратсам, аны куштар чокуп жатыптыр” деп түштөрүн айтып: “Биз сени жакшылык кылуучулардан деп билебиз. Бизге (ушул) түшүбүздү жоруп берчи” - дешти.

    12:36
  7. قَالَ لَا يَأْتِيكُمَا طَعَامٌ تُرْزَقَانِهِ إِلَّا نَبَّأْتُكُمَا بِتَأْوِيلِهِ قَبْلَ أَنْ يَأْتِيَكُمَا ۚ ذَٰلِكُمَا مِمَّا عَلَّمَنِي رَبِّي ۚ إِنِّي تَرَكْتُ مِلَّةَ قَوْمٍ لَا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَهُمْ بِالْآخِرَةِ هُمْ كَافِرُونَ

    (Юсуф) айтты: “Экөөңөргө жей турган тамагыңар келгенге чейин мен силердин түшүңөрдү жоруп беремин. Бул - мага Раббим үйрөткөн касиет. Мен Аллахка ыйман келтирбеген адамдардын динин жериген кишимин. (Анткени,) Алар Акырет күнүнө ишенишпейт.

    12:37

Котормо: Шамсуддин Хакимов