Катталуу, бет 225

  1. وَيَا قَوْمِ لَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مَالًا ۖ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى اللَّهِ ۚ وَمَا أَنَا بِطَارِدِ الَّذِينَ آمَنُوا ۚ إِنَّهُمْ مُلَاقُو رَبِّهِمْ وَلَٰكِنِّي أَرَاكُمْ قَوْمًا تَجْهَلُونَ

    О, коомум! Мен (динге) даават кылганым үчүн силерден мал-дүйнө сурабаймын. Мага сооп-сыйлыкты Аллах берет. Мен ыйманга келгендерди кууп жибербеймин. Алар Раббисине жолугуучу (жана андан бейиш сыйлыгын алуучу) адамдар. Бирок, мен силердин наадан коом экениңерди көрүп турамын.

    11:29
  2. وَيَا قَوْمِ مَنْ يَنْصُرُنِي مِنَ اللَّهِ إِنْ طَرَدْتُهُمْ ۚ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ

    О, коомум! Эгер мен ал адамдарды айдап жиберсем, Аллахтын (азабынан кутулууга) мага ким жардам бере алат?! Ойлонбойсуңарбы?!

    11:30
  3. وَلَا أَقُولُ لَكُمْ عِنْدِي خَزَائِنُ اللَّهِ وَلَا أَعْلَمُ الْغَيْبَ وَلَا أَقُولُ إِنِّي مَلَكٌ وَلَا أَقُولُ لِلَّذِينَ تَزْدَرِي أَعْيُنُكُمْ لَنْ يُؤْتِيَهُمُ اللَّهُ خَيْرًا ۖ اللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا فِي أَنْفُسِهِمْ ۖ إِنِّي إِذًا لَمِنَ الظَّالِمِينَ

    Мен силерге: “Менде Аллахтын казыналары бар” дебеймин. Мен кайыпты да билбеймин (аны бир Аллахтан башка эч ким билбейт). Жана “мен периштемин” деп да айтпаймын. Жана… Силер көзүңөргө илбеген (бей-бечара) адамдар жөнүндө: “Аллах аларга жакшылык (бейиш) бербейт” дей албаймын. (Эгер ыймандары ыкыластуу болсо, албетте, берет) Алардын жан-дилиндеги нерселерди Аллах көбүрөөк билет. Мен (эгер силер каалаганды айтсам) анда, мен залымдардан болуп калмакмын. (Мушрик-каапырлар Нух алейхи саламдан өздөрү талап кылган жоопту алалбай калгандан кийин мындай)

    11:31
  4. قَالُوا يَا نُوحُ قَدْ جَادَلْتَنَا فَأَكْثَرْتَ جِدَالَنَا فَأْتِنَا بِمَا تَعِدُنَا إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ

    дешти: “О, Нух! Биз менен көп талаштың! Эгер сөзүңдө чынчыл болсоң, бизге убада кылганыңды (азапты) келтирчи кана!”

    11:32
  5. قَالَ إِنَّمَا يَأْتِيكُمْ بِهِ اللَّهُ إِنْ شَاءَ وَمَا أَنْتُمْ بِمُعْجِزِينَ

    (Анда Нух): “Аны силерге эгер кааласа, Аллах гана келтирет. Анда (Аллах Таалага) алыңар жетпей калат!

    11:33
  6. وَلَا يَنْفَعُكُمْ نُصْحِي إِنْ أَرَدْتُ أَنْ أَنْصَحَ لَكُمْ إِنْ كَانَ اللَّهُ يُرِيدُ أَنْ يُغْوِيَكُمْ ۚ هُوَ رَبُّكُمْ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

    Эгер Аллах силерди адаштырууну каалаган болсо, мен силерге насаат айтууну кааласам да, насаатым силерге пайда бербейт. Ал силердин Раббиңер жана Өзүнө кайтарыласыңар” - деди.

    11:34
  7. أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ ۖ قُلْ إِنِ افْتَرَيْتُهُ فَعَلَيَّ إِجْرَامِي وَأَنَا بَرِيءٌ مِمَّا تُجْرِمُونَ

    Же алар: “(Нух) Аллахка жалган-жалаа айтып жатат” дешеби? Айт: “Эгер мен жалган айтсам, күнөөм өз мойнумда. Бирок, мен силердин күнөөңөргө жооп бербеймин”.

    11:35
  8. وَأُوحِيَ إِلَىٰ نُوحٍ أَنَّهُ لَنْ يُؤْمِنَ مِنْ قَوْمِكَ إِلَّا مَنْ قَدْ آمَنَ فَلَا تَبْتَئِسْ بِمَا كَانُوا يَفْعَلُونَ

    Нухка (Аллах тарабынан) вахий кылынды: “Коомуңдун арасынан мурда ыйман келтиргендеринен башка эч ким ыйман келтирбейт. Бирок, алардын (каапырлык) иштери себептүү кайгырба. (Аллах сазайын берет!)

    11:36
  9. وَاصْنَعِ الْفُلْكَ بِأَعْيُنِنَا وَوَحْيِنَا وَلَا تُخَاطِبْنِي فِي الَّذِينَ ظَلَمُوا ۚ إِنَّهُمْ مُغْرَقُونَ

    (О, Нух!) Биздин Көз алдыбызда вахий-таалимибиз боюнча (чоң) кеме жаса жана залым адамдар(ды өлтүрүү) жөнүндө мага кайрылбай эле кой. (Тагдырдагы «иш» бүткөн:) Алар – чөктүрүлгөндөр!

    11:37

Котормо: Шамсуддин Хакимов