Катталуу, бет 221

  1. وَإِنْ يَمْسَسْكَ اللَّهُ بِضُرٍّ فَلَا كَاشِفَ لَهُ إِلَّا هُوَ ۖ وَإِنْ يُرِدْكَ بِخَيْرٍ فَلَا رَادَّ لِفَضْلِهِ ۚ يُصِيبُ بِهِ مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ ۚ وَهُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ

    Эгер Аллах сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, эгер сага Аллах бир жакшылыкты кааласа, Анын пазилетине эч ким тоскоол боло албайт. Аллахтын жакшылыгы пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына жетет. Ал – Кечиримдүү, Ырайымдуу.

    10:107
  2. قُلْ يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّكُمْ ۖ فَمَنِ اهْتَدَىٰ فَإِنَّمَا يَهْتَدِي لِنَفْسِهِ ۖ وَمَنْ ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيْهَا ۖ وَمَا أَنَا عَلَيْكُمْ بِوَكِيلٍ

    Айткын: “О, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан Акыйкат (Куран) келди. Ким (анын өкүмү менен жашап) туура жол тапкан болсо – өз пайдасына. Ким адашса – өзүнүн гана зыянына. Мен силер үчүн (ишиңерди текшерип жүрүүчү) өкүл эмесмин».

    10:108
  3. وَاتَّبِعْ مَا يُوحَىٰ إِلَيْكَ وَاصْبِرْ حَتَّىٰ يَحْكُمَ اللَّهُ ۚ وَهُوَ خَيْرُ الْحَاكِمِينَ

    Өзүңө вахий кылынган нерсени (Куранды) гана ээрчип, (эгер сени бирөө “жалганчы” десе, араңарда) Аллах өкүм кылганга чейин сабыр кыл. Ал - өкүм кылуучулардын мыктысы!

    10:109
  4. الر ۚ كِتَابٌ أُحْكِمَتْ آيَاتُهُ ثُمَّ فُصِّلَتْ مِنْ لَدُنْ حَكِيمٍ خَبِيرٍ

    Алиф, Лаам, Раа. Бул китептин аяттары (эч качан бузулбай турган кылып) бекемделди жана Даанышман, Кабардар (Аллах) тарабынан (эң жогорку деңгээлде) баян кылынды.

    11:1
  5. أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا اللَّهَ ۚ إِنَّنِي لَكُمْ مِنْهُ نَذِيرٌ وَبَشِيرٌ

    (Мунун себеби) Аллахтан башка “кудайларга ибадат кылбашыңар үчүн. Чынында, мен силерге Аллах тарабынан (жиберилген) эстетүүчү жана куш кабар берүүчүмүн.

    11:2
  6. وَأَنِ اسْتَغْفِرُوا رَبَّكُمْ ثُمَّ تُوبُوا إِلَيْهِ يُمَتِّعْكُمْ مَتَاعًا حَسَنًا إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى وَيُؤْتِ كُلَّ ذِي فَضْلٍ فَضْلَهُ ۖ وَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ كَبِيرٍ

    Жасаган күнөөңөрдү кечирүүсүн сурап, Аллахка жалбаргыла жана (“экинчи кайталабаймын” деп) тообо кылгыла! (Ошондо) силерди, белгиленген убакытка чейин эң сонун ырыскылар менен пайдалантат жана ар бир пазилеттүү (ихсан-садакалуу) адамга Өзүнүн пазилетинен берет. Эгер жүз үйрүп кетсеңер, мен силерге Улуу Күндүн (Кыяматтын) азабы жетип калуусунан коркомун!

    11:3
  7. إِلَى اللَّهِ مَرْجِعُكُمْ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    Бардыгыңардын кайтышыңар – Аллахка! Ал – ар нерсеге кудуреттүү!

    11:4
  8. أَلَا إِنَّهُمْ يَثْنُونَ صُدُورَهُمْ لِيَسْتَخْفُوا مِنْهُ ۚ أَلَا حِينَ يَسْتَغْشُونَ ثِيَابَهُمْ يَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ ۚ إِنَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ

    Уккула, алар Аллахка билдирбеш үчүн көкүрөктөрүн(дөгү каапырлыктарын) жашырышат. Уккула, эгер алар (көкүрөгүнүн үстүнөн) кийимдерин ороп алса да Аллах бардык сырларын жана ашкере нерселерин билип турат. Чынында, Ал көөдөндөрдү ээлеген сырларды Билүүчү.

    11:5

Котормо: Шамсуддин Хакимов