Катталуу, бет 217
-
وَاتْلُ عَلَيْهِمْ نَبَأَ نُوحٍ إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ يَا قَوْمِ إِنْ كَانَ كَبُرَ عَلَيْكُمْ مَقَامِي وَتَذْكِيرِي بِآيَاتِ اللَّهِ فَعَلَى اللَّهِ تَوَكَّلْتُ فَأَجْمِعُوا أَمْرَكُمْ وَشُرَكَاءَكُمْ ثُمَّ لَا يَكُنْ أَمْرُكُمْ عَلَيْكُمْ غُمَّةً ثُمَّ اقْضُوا إِلَيَّ وَلَا تُنْظِرُونِ
(О, Мухаммад) Аларга Нухтун кабарын окуп бер: Бир кезде Нух коомуна (кайрылып) айтты: “О, коомум! Эгер менин (динге даават кылып, көп жылдар араңарда) турушум жана Аллахтын аяттарын эскертишим силерге оор келген болсо, Аллахка тобокел кылдым, (мага каршы) бардык амал-күчүңөрдү жана Аллахка шерик кылган бардык “кудайыңарды” чогулта бергиле. Ишиңер өзүңөргө белгисиз болуп калбасын. Анан мага эч мөөнөт бербей, (колуңардан келгенин) кылгыла!
10:71 -
فَإِنْ تَوَلَّيْتُمْ فَمَا سَأَلْتُكُمْ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى اللَّهِ ۖ وَأُمِرْتُ أَنْ أَكُونَ مِنَ الْمُسْلِمِينَ
Эгер (насааттарымды кабыл албай) кетсеңер, мен силерден (динге чакырганым үчүн) акы сураганым жок. Сооп-сыйлыкты мен Аллахтан гана сураймын. Жана мен мусулмандардан (Аллахтын Өзүнө гана моюн сунуучулардан) болууга буюрулганмын”.
10:72 -
فَكَذَّبُوهُ فَنَجَّيْنَاهُ وَمَنْ مَعَهُ فِي الْفُلْكِ وَجَعَلْنَاهُمْ خَلَائِفَ وَأَغْرَقْنَا الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا ۖ فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُنْذَرِينَ
Андан соң коому аны (дагы бир ирет) “жалганчы” дешти. Анан Биз аны жана аны менен бирге болгондорду кемеде куткарып, (топон суудан кыйрагандарга) орунбасар кылдык жана Биздин аяттарыбызды “жалган дегендерди чөктүрүп салдык. Эскертилген адамдардын акыбалы кандай болгонун көрүп кой.
10:73 -
ثُمَّ بَعَثْنَا مِنْ بَعْدِهِ رُسُلًا إِلَىٰ قَوْمِهِمْ فَجَاءُوهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَمَا كَانُوا لِيُؤْمِنُوا بِمَا كَذَّبُوا بِهِ مِنْ قَبْلُ ۚ كَذَٰلِكَ نَطْبَعُ عَلَىٰ قُلُوبِ الْمُعْتَدِينَ
Кийин Биз анын (Нухтун) артынан (көп) пайгамбарларды өз коомдоруна жибердик. Алар коомдоруна анык далилдерди (моожизаларды) көргөзүштү. Бирок, алар, (моожизаларды көрсө да) мындан мурун “жалган” деген нерселерине (динге) ыйман келтиришпеди. Биз чектен чыгуучулардын жүрөгүн ушинтип мөөрлөп койобуз.
10:74 -
ثُمَّ بَعَثْنَا مِنْ بَعْدِهِمْ مُوسَىٰ وَهَارُونَ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَمَلَئِهِ بِآيَاتِنَا فَاسْتَكْبَرُوا وَكَانُوا قَوْمًا مُجْرِمِينَ
Андан соң пайгамбарлардын артынан Муса (бин Имран) менен (агасы) Харунду Фараон жана анын сарай кызматчыларына, Өзүбүздүн моожизаларыбыз менен жиберген кезде алар текеберленип, кылмышкер коом болуп калышты.
10:75 -
فَلَمَّا جَاءَهُمُ الْحَقُّ مِنْ عِنْدِنَا قَالُوا إِنَّ هَٰذَا لَسِحْرٌ مُبِينٌ
Анан качан аларга Биздин алдыбыздан Акыйкат келгенде: “Бул – анык сыйкыр” дешти.
10:76 -
قَالَ مُوسَىٰ أَتَقُولُونَ لِلْحَقِّ لَمَّا جَاءَكُمْ ۖ أَسِحْرٌ هَٰذَا وَلَا يُفْلِحُ السَّاحِرُونَ
Муса айтты: “Силерге Акыйкат келгенде (бул – сыйкыр) деп жатасыңарбы?! Ушул сыйкырбы? Сыйкырчылар максаттарына жете албайт!”
10:77 -
قَالُوا أَجِئْتَنَا لِتَلْفِتَنَا عَمَّا وَجَدْنَا عَلَيْهِ آبَاءَنَا وَتَكُونَ لَكُمَا الْكِبْرِيَاءُ فِي الْأَرْضِ وَمَا نَحْنُ لَكُمَا بِمُؤْمِنِينَ
Алар айтышты: “Силер бизди ата-бабалар жүргөн динден тосуу үчүн жана (биздин) жердеги бийлик силерге ооп калуу үчүн (жана бизди өз жерибизден чыгарып жиберүү үчүн) келдиңерби?! Биз экөөңө (эч качан) ыйман келтирбейбиз!”
10:78
Котормо: Шамсуддин Хакимов