Катталуу, бет 199

  1. يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ جَاهِدِ الْكُفَّارَ وَالْمُنَافِقِينَ وَاغْلُظْ عَلَيْهِمْ ۚ وَمَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ ۖ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ

    О, пайгамбар! Каапырлар менен мунаафыктарга каршы жихад кыл жана аларга өктөм бол! Алардын жайы – тозок! Ал кандай жаман орун!

    9:73
  2. يَحْلِفُونَ بِاللَّهِ مَا قَالُوا وَلَقَدْ قَالُوا كَلِمَةَ الْكُفْرِ وَكَفَرُوا بَعْدَ إِسْلَامِهِمْ وَهَمُّوا بِمَا لَمْ يَنَالُوا ۚ وَمَا نَقَمُوا إِلَّا أَنْ أَغْنَاهُمُ اللَّهُ وَرَسُولُهُ مِنْ فَضْلِهِ ۚ فَإِنْ يَتُوبُوا يَكُ خَيْرًا لَهُمْ ۖ وَإِنْ يَتَوَلَّوْا يُعَذِّبْهُمُ اللَّهُ عَذَابًا أَلِيمًا فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ ۚ وَمَا لَهُمْ فِي الْأَرْضِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ

    Алар айткан сөзүн “айтпадык” деп ант ичишет. Чынында алар (оболу) каапырлык сөзүн айтып, мусулман болгондорунан кийин (кайра) каапыр болушту. Жана жетпеген максатка (пайгамбарга зыян берүүгө) умтулушту. Аларды Аллах жана пайгамбары Өз пазилети менен бай-беймуктаж кылгандан кийин гана (пайгамбарды) жек көрө башташты. Эгер тообо кылышса, өздөрүнө жакшы. А, эгер далысын салса, Аллах аларды дүйнө - Акыретте жан ооруткан азап менен азаптайт жана аларга жер бетинде эч бир дос, эч бир жардамчы болбойт!

    9:74
  3. وَمِنْهُمْ مَنْ عَاهَدَ اللَّهَ لَئِنْ آتَانَا مِنْ فَضْلِهِ لَنَصَّدَّقَنَّ وَلَنَكُونَنَّ مِنَ الصَّالِحِينَ

    Алардан кээ бирөөлөрү Аллахка ант-убада берип: “Эгер бизге да Өз пазилетинен берсе (бай кылса), кайыр-садакалар берип, жакшы адамдардан болмокпуз” (дешет).

    9:75
  4. فَلَمَّا آتَاهُمْ مِنْ فَضْلِهِ بَخِلُوا بِهِ وَتَوَلَّوْا وَهُمْ مُعْرِضُونَ

    Качан (Аллах) аларга Өз пазилетинен бергенде, ага сараңдык кылып, жүз бурган абалда тескери басып кетишти.

    9:76
  5. فَأَعْقَبَهُمْ نِفَاقًا فِي قُلُوبِهِمْ إِلَىٰ يَوْمِ يَلْقَوْنَهُ بِمَا أَخْلَفُوا اللَّهَ مَا وَعَدُوهُ وَبِمَا كَانُوا يَكْذِبُونَ

    Андан соң, Аллахка берген убадасына кыянат кылышканы жана жалган сүйлөшкөнү себептүү, Аллах алардын жүрөктөрүнө кыяматка чейин (өзгөрбөй турган) эки жүздүүлүктү салып койду.

    9:77
  6. أَلَمْ يَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ سِرَّهُمْ وَنَجْوَاهُمْ وَأَنَّ اللَّهَ عَلَّامُ الْغُيُوبِ

    Алар, билишпейби, Аллах (адамдардын) ичиндеги сырларын, шыбырларын билип турушун. Чынында, Аллах кайыптарды эң сонун Билүүчү!

    9:78
  7. الَّذِينَ يَلْمِزُونَ الْمُطَّوِّعِينَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ فِي الصَّدَقَاتِ وَالَّذِينَ لَا يَجِدُونَ إِلَّا جُهْدَهُمْ فَيَسْخَرُونَ مِنْهُمْ ۙ سَخِرَ اللَّهُ مِنْهُمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

    Эки жүздүүлөр, ыймандуулардын арасынан өз каалоолору менен (көп) садака кылгандарын айыпташат, ал эми, (кудурети жеткенче) садака кылган кембагалдарын мыскылдашат. Аллах өздөрүн мыскылдуу абалга салды. Аларга жан ооруткан азап бар.

    9:79

Котормо: Шамсуддин Хакимов