Катталуу, бет 197

  1. يَحْلِفُونَ بِاللَّهِ لَكُمْ لِيُرْضُوكُمْ وَاللَّهُ وَرَسُولُهُ أَحَقُّ أَنْ يُرْضُوهُ إِنْ كَانُوا مُؤْمِنِينَ

    Алар силерди (о, момундар,) ыраазы кылуу үчүн, Аллахты ортого салып (“пайгамбардын көңүлүн оорутканым жок” деп) ант ичишет. Эгер алар момун болушса, (силерди койо туруп) Аллах менен пайгамбарын ыраазы кылуулары көбүрөөк акыйкат эмес беле?!

    9:62
  2. أَلَمْ يَعْلَمُوا أَنَّهُ مَنْ يُحَادِدِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَأَنَّ لَهُ نَارَ جَهَنَّمَ خَالِدًا فِيهَا ۚ ذَٰلِكَ الْخِزْيُ الْعَظِيمُ

    Же, кимде-ким Аллах менен пайгамбарына каршы чыкса, ага түбөлүк тозок оту болушун жана бул чоң шерменделик экенин алар билбейт беле?!

    9:63
  3. يَحْذَرُ الْمُنَافِقُونَ أَنْ تُنَزَّلَ عَلَيْهِمْ سُورَةٌ تُنَبِّئُهُمْ بِمَا فِي قُلُوبِهِمْ ۚ قُلِ اسْتَهْزِئُوا إِنَّ اللَّهَ مُخْرِجٌ مَا تَحْذَرُونَ

    Мунафыктар өздөрү жөнүндө, жүрөктөрүнө катылган эки жүздүүлүктөрүн ачып таштай турган бир сүрө түшүп калуусунан коркушат. Айт: «(Шылдыңдап) Күлгүлө, эми! Аллах силер корккон нерсени (жүзөгө) чыгарды го!».

    9:64
  4. وَلَئِنْ سَأَلْتَهُمْ لَيَقُولُنَّ إِنَّمَا كُنَّا نَخُوضُ وَنَلْعَبُ ۚ قُلْ أَبِاللَّهِ وَآيَاتِهِ وَرَسُولِهِ كُنْتُمْ تَسْتَهْزِئُونَ

    Эгер алардан (ошол жөнүндө) сурасаң: “Биз жөн эле, ойноп эле сүйлөгөн болчубуз” - дешет. Айткын: “Силер Аллахтын, Анын аяттарынын Жана пайгамбарынын үстүнөн күлө турган болуп калдыңарбы?!”

    9:65
  5. لَا تَعْتَذِرُوا قَدْ كَفَرْتُمْ بَعْدَ إِيمَانِكُمْ ۚ إِنْ نَعْفُ عَنْ طَائِفَةٍ مِنْكُمْ نُعَذِّبْ طَائِفَةً بِأَنَّهُمْ كَانُوا مُجْرِمِينَ

    Кечирим сурабай эле койгула, силер ыйман келтиргениңерден кийин (кайрадан) каапыр болуп бүттүңөр! Эгер силерден бир тайпаны кечирсек, (дагы) башка бир тайпаны күнөөкөр болгону себептүү азаптайбыз.

    9:66
  6. الْمُنَافِقُونَ وَالْمُنَافِقَاتُ بَعْضُهُمْ مِنْ بَعْضٍ ۚ يَأْمُرُونَ بِالْمُنْكَرِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمَعْرُوفِ وَيَقْبِضُونَ أَيْدِيَهُمْ ۚ نَسُوا اللَّهَ فَنَسِيَهُمْ ۗ إِنَّ الْمُنَافِقِينَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

    Мунафык эркектер менен мунафык аялдар бардыгы – бир: жаман иштерге буюрушат жакшы иштерден кайтарышат жана (cараңдык кылып) колдорун жумуп алышат. Алар Аллахты унутушту эле, Аллах дагы аларды “унутту” Чынында, мунафыктар – бузукулар!

    9:67
  7. وَعَدَ اللَّهُ الْمُنَافِقِينَ وَالْمُنَافِقَاتِ وَالْكُفَّارَ نَارَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ هِيَ حَسْبُهُمْ ۚ وَلَعَنَهُمُ اللَّهُ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ مُقِيمٌ

    Аллах мунафык эркектерге, мунафык аялдарга жана каапырларга, түбөлүк кала турган тозок отун убада кылды! Ушул аларга жетиштүү! Жана Аллах аларга наалат айтты! Аларга түгөнгүс азап!

    9:68

Котормо: Шамсуддин Хакимов