Катталуу, бет 191
-
ثُمَّ يَتُوبُ اللَّهُ مِنْ بَعْدِ ذَٰلِكَ عَلَىٰ مَنْ يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Андан соң, ушундан (каталардан) кийин деле, Аллах Өзү каалаган адамдардын тооболорун кабыл алды (кечирди). Аллах – Кечирүүчү, Боорукер!
9:27 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّمَا الْمُشْرِكُونَ نَجَسٌ فَلَا يَقْرَبُوا الْمَسْجِدَ الْحَرَامَ بَعْدَ عَامِهِمْ هَٰذَا ۚ وَإِنْ خِفْتُمْ عَيْلَةً فَسَوْفَ يُغْنِيكُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ إِنْ شَاءَ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
О, ыйман келтиргендер! Мушриктер – ыпыластык! Ушул жылдарынан кийин Масжид аль-Харамга жакын жолошпосун! Эгер (жетишпестиктен) корксоңор, Аллах кааласа, жакында Өз пазилети менен силерди муктаждыктан куткарат. Албетте, Аллах Билүүчү - Даанышман!
9:28 -
قَاتِلُوا الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَلَا بِالْيَوْمِ الْآخِرِ وَلَا يُحَرِّمُونَ مَا حَرَّمَ اللَّهُ وَرَسُولُهُ وَلَا يَدِينُونَ دِينَ الْحَقِّ مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ حَتَّىٰ يُعْطُوا الْجِزْيَةَ عَنْ يَدٍ وَهُمْ صَاغِرُونَ
(О, мусулмандар!) Аллахка да, Акыретке да ишенбеген, Аллах жана Анын пайгамбары арам кылган нерсени “арам” дебеген жана акыйкат динди кармабаган Китеп ээлерине каршы, качан өз колдору менен, моюн сунган абалда жизья салыгын (колуңарга) тапшырмайынча согуша бергиле!
9:29 -
وَقَالَتِ الْيَهُودُ عُزَيْرٌ ابْنُ اللَّهِ وَقَالَتِ النَّصَارَى الْمَسِيحُ ابْنُ اللَّهِ ۖ ذَٰلِكَ قَوْلُهُمْ بِأَفْوَاهِهِمْ ۖ يُضَاهِئُونَ قَوْلَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ قَبْلُ ۚ قَاتَلَهُمُ اللَّهُ ۚ أَنَّىٰ يُؤْفَكُونَ
Яхудилер: “Узайр Аллахтын баласы” дешти. Христиандар: “Иса – Аллахтын баласы” дешти. Бул алардын оозундагы (далилсиз) сөздөрү. Алар (бул сөздөрүндө) мурунку каапырлардын сөздөрүнө окшош. Аллах куруткурлар! Кайда бара жатышат!
9:30 -
اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ وَالْمَسِيحَ ابْنَ مَرْيَمَ وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا إِلَٰهًا وَاحِدًا ۖ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۚ سُبْحَانَهُ عَمَّا يُشْرِكُونَ
Алар (яхудилер менен христиандар) Аллахты коюп, өздөрүнүн диний аалымдары менен (дүйнөдөн түңүлгөн) кечилдерин жана Марямдын уулу Исаны кудай кылып алышты. Алар жалгыз Кудайга (Аллахка) гана ибадат кылууга буюрулган эле! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Өзү (гана) бар! Ал каапырлар кошкон шериктерден Таза!
9:31
Котормо: Шамсуддин Хакимов