Катталуу, бет 189
-
قَاتِلُوهُمْ يُعَذِّبْهُمُ اللَّهُ بِأَيْدِيكُمْ وَيُخْزِهِمْ وَيَنْصُرْكُمْ عَلَيْهِمْ وَيَشْفِ صُدُورَ قَوْمٍ مُؤْمِنِينَ
Аларга каршы согушкула! Аллах силердин колуңар менен аларга азап берип, шерменде кылып, силерге жардам берет жана момундардын жүрөктөрүн(дөгү ызааны) айыктырат.
9:14 -
وَيُذْهِبْ غَيْظَ قُلُوبِهِمْ ۗ وَيَتُوبُ اللَّهُ عَلَىٰ مَنْ يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Жана жүрөктөрүнүн ачуусун кетирет (өч алуу көксөөсүн кандырат). Жана Аллах алардан каалагандарынын тообосун кабыл алат. Аллах Билүүчү, Даанышман.
9:15 -
أَمْ حَسِبْتُمْ أَنْ تُتْرَكُوا وَلَمَّا يَعْلَمِ اللَّهُ الَّذِينَ جَاهَدُوا مِنْكُمْ وَلَمْ يَتَّخِذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلَا رَسُولِهِ وَلَا الْمُؤْمِنِينَ وَلِيجَةً ۚ وَاللَّهُ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ
Же болбосо, (о, ыймандуу пенделер!) Аллах силердин араңардан жихад кылгандар менен Аллахтан, пайгамбарынан жана момундардан башкаларды дос тутпагандарды билип алмайынча (согуш менен сыналбай) жөн калабыз деп ойлойсуңарбы?! Аллах силердин бардык ишиңерден кабардар.
9:16 -
مَا كَانَ لِلْمُشْرِكِينَ أَنْ يَعْمُرُوا مَسَاجِدَ اللَّهِ شَاهِدِينَ عَلَىٰ أَنْفُسِهِمْ بِالْكُفْرِ ۚ أُولَٰئِكَ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ وَفِي النَّارِ هُمْ خَالِدُونَ
Өз каапырчылыктарына өздөрү күбө болуп турган абалда, мушриктер Аллахтын мечиттерин (ибадат менен) абат кылып жиберүүлөрү эч мүмкүн эмес! (Себеби) Алардын амал-ибадаттары (ширк кылганы себептүү) “күйүп” кеткен. Жана алар тозокто түбөлүк калуучулар!
9:17 -
إِنَّمَا يَعْمُرُ مَسَاجِدَ اللَّهِ مَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَأَقَامَ الصَّلَاةَ وَآتَى الزَّكَاةَ وَلَمْ يَخْشَ إِلَّا اللَّهَ ۖ فَعَسَىٰ أُولَٰئِكَ أَنْ يَكُونُوا مِنَ الْمُهْتَدِينَ
Чынында, Аллахтын мечиттерин, Аллахка, Акырет күнүнө ишенген, намаз окуп, зекет берген жана Аллахтан башка эч кимден коркпогон адамдар (курушат жана) абат кылышат. Дал ушул адамдар туура жол табуучулардан болсо ажеп эмес!
9:18 -
أَجَعَلْتُمْ سِقَايَةَ الْحَاجِّ وَعِمَارَةَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ كَمَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَجَاهَدَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۚ لَا يَسْتَوُونَ عِنْدَ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Эмне, силер ажыларды сугаруу менен Масжид аль-Харамды оңдоону, Аллахка, Акырет күнүнө ишенген жана Аллах жолунда жихад кылган момундарга (алардын ыйманына) теңеп жатасыңарбы? Алар Аллахтын назарында (ыйман менен жихадка чыккандарга эч качан) тең боло алышпайт! Аллах залым коомду туура жолго баштабайт!
9:19 -
الَّذِينَ آمَنُوا وَهَاجَرُوا وَجَاهَدُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ أَعْظَمُ دَرَجَةً عِنْدَ اللَّهِ ۚ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَائِزُونَ
Ыйман келтирген, хижрат кылган жана Аллахтын жолунда мал-жандарын аябай жихад кылган адамдардын даражасы Аллахтын алдында көп эсе жогору. Ушулар гана жеңишке жетүүчүлөр!
9:20
Котормо: Шамсуддин Хакимов