Катталуу, бет 182

  1. وَاعْلَمُوا أَنَّمَا غَنِمْتُمْ مِنْ شَيْءٍ فَأَنَّ لِلَّهِ خُمُسَهُ وَلِلرَّسُولِ وَلِذِي الْقُرْبَىٰ وَالْيَتَامَىٰ وَالْمَسَاكِينِ وَابْنِ السَّبِيلِ إِنْ كُنْتُمْ آمَنْتُمْ بِاللَّهِ وَمَا أَنْزَلْنَا عَلَىٰ عَبْدِنَا يَوْمَ الْفُرْقَانِ يَوْمَ الْتَقَى الْجَمْعَانِ ۗ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    (Оо, ыймандуулар!) Билип алгыла: (Аллах жолундагы казаттарда) олжого алган нерсеңерден (бештен төрт бөлүгү жоокерлерге бөлүнгөндөн кийин) бештен бир бөлүгү (дагы бешке бөлүнүп, биринчи бөлүгү жалпы мусулмандардын пайдасына иштетүү үчүн) Аллахка жана пайгамбарына, (экинчи бөлүгү - садаканын ордуна<footnote id="1"></footnote> - пайгамбардын Бану Хашим жана Бану мутталиб уруусунан турган) тууган-уруктарына, (үчүнчү бөлүгү) жетимдерге, (төртүнчү бөлүгү) мискин-кедейлерге жана (бешинчи бөлүгү) мусаапырларга тиешелүү. (Оо, ыймандуулар!) Эгер силер Аллахка жана эки жамаат (ыймандуулар менен мушриктер) жолугушуп (кагылышып), чындык жалгандан ажыраган (Бадр казаты болгон) күнү Өз пендебизге асмандан түшүргөн жардамдарга ишенчү болсоңор, (олжолорду жогоруда көргөзүлгөндөй бөлүштүргүлө!) Аллах ар нерсеге Кудуреттүү. Анткени, пайгамбардын тууган-уруктарына садака жеш - арам.

    8:41
  2. إِذْ أَنْتُمْ بِالْعُدْوَةِ الدُّنْيَا وَهُمْ بِالْعُدْوَةِ الْقُصْوَىٰ وَالرَّكْبُ أَسْفَلَ مِنْكُمْ ۚ وَلَوْ تَوَاعَدْتُمْ لَاخْتَلَفْتُمْ فِي الْمِيعَادِ ۙ وَلَٰكِنْ لِيَقْضِيَ اللَّهُ أَمْرًا كَانَ مَفْعُولًا لِيَهْلِكَ مَنْ هَلَكَ عَنْ بَيِّنَةٍ وَيَحْيَىٰ مَنْ حَيَّ عَنْ بَيِّنَةٍ ۗ وَإِنَّ اللَّهَ لَسَمِيعٌ عَلِيمٌ

    Ошондо (Бадр согушу болуп, олжо алынган күндө) силер (Мединага) эң жакын жерде, алар (мушрик аскерлери) алысыраак жерде, ал эми, кербен силерден төмөнүрөөк (деңиз) тарапта эле. Эгер силер (согуш болоор орун жана убакыт жөнүндө мурдатан) убадалашсаңар убадада келише албаган болот элеңер. Бирок, Аллах (өз тагдырында) болуп калган ишти болтуруп, өлгөндөрдү далил менен (каапырчылыкты тандаганы үчүн) өлтүрүү үчүн жана тирүү калгандарды да далил менен (ыйманга келгендери себептүү) тирүү калтыруу үчүн (силерди күтүлбөгөн жерден жолуктуруп койду) Чынында Аллах Угуучу, Билүүчү.

    8:42
  3. إِذْ يُرِيكَهُمُ اللَّهُ فِي مَنَامِكَ قَلِيلًا ۖ وَلَوْ أَرَاكَهُمْ كَثِيرًا لَفَشِلْتُمْ وَلَتَنَازَعْتُمْ فِي الْأَمْرِ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ سَلَّمَ ۗ إِنَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ

    Ошондо, (о, Мухаммад!) Аллах сенин түшүңдө аларды (мушрик аскерлерин) аз сандуу кылып көргөздү. Эгер көп кылып көргөзсө (жана сен муну сахабаларыңа айтсаң) муунуңар бошоп, (көпчүлүгү согушууну каалабай) иште талашып калмаксыңар. Бирок, Аллах сактады. Чынында, Ал көкүрөктү ээлеген сырларды Билүүчү.

    8:43
  4. وَإِذْ يُرِيكُمُوهُمْ إِذِ الْتَقَيْتُمْ فِي أَعْيُنِكُمْ قَلِيلًا وَيُقَلِّلُكُمْ فِي أَعْيُنِهِمْ لِيَقْضِيَ اللَّهُ أَمْرًا كَانَ مَفْعُولًا ۗ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ

    Ошондо, (о, мусулмандар), силер жолуккан кезде, Аллах (тагдырында) болуп калган ишти аткаруу үчүн көзүңөргө аларды аз көргөзүп, силерди алардын көздөрүнө аз көргөздү. Иштердин бардыгы Аллахка кайтат.

    8:44
  5. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا لَقِيتُمْ فِئَةً فَاثْبُتُوا وَاذْكُرُوا اللَّهَ كَثِيرًا لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

    О, ыйман келтиргендер! (Душман) жамаатына жолуксаңар, бекем-сабырдуу болуп, эгер жеңиштен үмүтүңөр болсо, Аллахты көп-көп эстегиле.

    8:45

Котормо: Шамсуддин Хакимов