Катталуу, бет 166

  1. فَإِذَا جَاءَتْهُمُ الْحَسَنَةُ قَالُوا لَنَا هَٰذِهِ ۖ وَإِنْ تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌ يَطَّيَّرُوا بِمُوسَىٰ وَمَنْ مَعَهُ ۗ أَلَا إِنَّمَا طَائِرُهُمْ عِنْدَ اللَّهِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

    Кийин, качан аларга жакшы турмуш келсе, (Аллахка шүгүр кылбай): “Биз ушуга татыктуубуз”- дешти. А, эгер каатчылык болсо Муса жана аны менен бирге жүргөндөрдөн деп жоромолдошту. Уккула, алардын жоромолдору Аллахтын (тагдырынын) алдында. Бирок, алардын көбү (муну) билишпейт.

    7:131
  2. وَقَالُوا مَهْمَا تَأْتِنَا بِهِ مِنْ آيَةٍ لِتَسْحَرَنَا بِهَا فَمَا نَحْنُ لَكَ بِمُؤْمِنِينَ

    Алар (каапырлар Мусага): “Сен бизди сыйкырлоо үчүн канча далил-мужиза көргөзбөгүн, баары бир сага ыйман келтирбейбиз” – дешти.

    7:132
  3. فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمُ الطُّوفَانَ وَالْجَرَادَ وَالْقُمَّلَ وَالضَّفَادِعَ وَالدَّمَ آيَاتٍ مُفَصَّلَاتٍ فَاسْتَكْبَرُوا وَكَانُوا قَوْمًا مُجْرِمِينَ

    Анан, Биз аларга (жаза иретинде) топон суу (балээсин), чегиртке (балээсин), бит (балээсин), бака (балээсин,) жана кан балээсин (Өз кудуретибизге) анык далил кылып жибердик. (Бирок, алар) текеберликтеринен жазбады. (Анткени,) алар кылмышкер коом болчу.

    7:133
  4. وَلَمَّا وَقَعَ عَلَيْهِمُ الرِّجْزُ قَالُوا يَا مُوسَى ادْعُ لَنَا رَبَّكَ بِمَا عَهِدَ عِنْدَكَ ۖ لَئِنْ كَشَفْتَ عَنَّا الرِّجْزَ لَنُؤْمِنَنَّ لَكَ وَلَنُرْسِلَنَّ مَعَكَ بَنِي إِسْرَائِيلَ

    Аларга балээ-кырсыктар (удаама-удаа) келгенде Мусага (жалынып): “Оо, Муса, Аллах сага берген нерсенин (Шарияттын) урматына, биз үчүн Раббиңе дуба кыл. Эгер (дубаң менен) бизден балээни арылтсаң, сага сөзсүз ыйман келтиребиз жана Исраил урпактарын да сага кошуп (журтуна) жиберебиз” - дешти.

    7:134
  5. فَلَمَّا كَشَفْنَا عَنْهُمُ الرِّجْزَ إِلَىٰ أَجَلٍ هُمْ بَالِغُوهُ إِذَا هُمْ يَنْكُثُونَ

    Ал эми, өздөрү жетип барган мөөнөткө чейин, алардан ыпылас балээни арылтарыбыз менен, дароо убадаларын бузушту.

    7:135
  6. فَانْتَقَمْنَا مِنْهُمْ فَأَغْرَقْنَاهُمْ فِي الْيَمِّ بِأَنَّهُمْ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَكَانُوا عَنْهَا غَافِلِينَ

    Анан Биз, аяттарыбызды “жалган” деп, (билип турса да) билмексен болгондору себептүү алардан өч алып, деңизге чөктүрүп жибердик!

    7:136
  7. وَأَوْرَثْنَا الْقَوْمَ الَّذِينَ كَانُوا يُسْتَضْعَفُونَ مَشَارِقَ الْأَرْضِ وَمَغَارِبَهَا الَّتِي بَارَكْنَا فِيهَا ۖ وَتَمَّتْ كَلِمَتُ رَبِّكَ الْحُسْنَىٰ عَلَىٰ بَنِي إِسْرَائِيلَ بِمَا صَبَرُوا ۖ وَدَمَّرْنَا مَا كَانَ يَصْنَعُ فِرْعَوْنُ وَقَوْمُهُ وَمَا كَانُوا يَعْرِشُونَ

    Биз алсыз-бечара коомго (Исраил урпактарына), Өзүбүз берекелүү кылган (Мисирдеги) жердин чыгыш жана батыш тарабын (Фараон коомунан) мурас кылып бердик. Ошентип, Раббиңдин Исраил урпактарына айткан жакшы сөзү, сабыр кылганы себептүү толугу менен аткарылды. Биз Фараон менен анын коомунун жасагандарын жана бийик-бийик курган сарайларын талкаладык!

    7:137

Котормо: Шамсуддин Хакимов