Катталуу, бет 141
-
ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ ۖ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ فَاعْبُدُوهُ ۚ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ وَكِيلٌ
Ушул Аллах - силердин Раббиңер! Ибадат кылууга татыктуу эч бир кудай жок, Анын Өзү бар. Ал ар бир нерсенин жаратуучусу. Эми, Ага гана ибадат кылгыла! Ал бардык нерселердин Башкаруучусу.
6:102 -
لَا تُدْرِكُهُ الْأَبْصَارُ وَهُوَ يُدْرِكُ الْأَبْصَارَ ۖ وَهُوَ اللَّطِيفُ الْخَبِيرُ
Көздөр аны камтый албайт. Ал көздөрдү камтыйт. Ал – Латиф (жана) Кабардар
6:103 -
قَدْ جَاءَكُمْ بَصَائِرُ مِنْ رَبِّكُمْ ۖ فَمَنْ أَبْصَرَ فَلِنَفْسِهِ ۖ وَمَنْ عَمِيَ فَعَلَيْهَا ۚ وَمَا أَنَا عَلَيْكُمْ بِحَفِيظٍ
(О, Мухаммад, адамдарга айт:) «Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди. Ким аларды көрсө - өзүнө пайда. Ким сокур болуп алса - өзүнө зыян! Мен силердин үстүңөрдө кароол эмесмин».
6:104 -
وَكَذَٰلِكَ نُصَرِّفُ الْآيَاتِ وَلِيَقُولُوا دَرَسْتَ وَلِنُبَيِّنَهُ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ
Ошентип, (о, Мухаммад, сага каапырлар “Куранды бирөөлөрдөн) үйрөнгөнсүң” деп айтуулары үчүн жана аны билген (түшүнгөн) адамдарга баян кылып беришибиз үчүн аяттарыбызды ар түрдүү таризде тизмектеп бердик.
6:105 -
اتَّبِعْ مَا أُوحِيَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ ۖ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ وَأَعْرِضْ عَنِ الْمُشْرِكِينَ
Өзүңө Раббиң тарабынан аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчигин. Ибадат кылууга татыктуу эч бир кудай жок, жалгыз Ал гана бар. Сен мушриктерден жүз бур!
6:106 -
وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا أَشْرَكُوا ۗ وَمَا جَعَلْنَاكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًا ۖ وَمَا أَنْتَ عَلَيْهِمْ بِوَكِيلٍ
Эгер Аллах каалаганда, алар ширк келтиришпейт эле. Биз сени аларга кароолчу кылбадык жана сен аларга өкүл (жоопкер) да эмессиң.
6:107 -
وَلَا تَسُبُّوا الَّذِينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ فَيَسُبُّوا اللَّهَ عَدْوًا بِغَيْرِ عِلْمٍ ۗ كَذَٰلِكَ زَيَّنَّا لِكُلِّ أُمَّةٍ عَمَلَهُمْ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّهِمْ مَرْجِعُهُمْ فَيُنَبِّئُهُمْ بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
(О, ыймандуулар!) Аллахтан башкага дуба (ибадат) кылгандарды(н “кудайларын”) акаарат кылбагыла. Антсеңер, алар дагы душмандык кылып, илимсиздик менен Аллахты сөгүшөт. Биз бардык элдерге өз амалдарын кооз көргөзүп койдук. Кийин, бардыгынын кайтаар жери – Раббисине. Анан Ал (бардыгына бул дүйнөдө) жасаган иштеринин кабарын берет.
6:108 -
وَأَقْسَمُوا بِاللَّهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ لَئِنْ جَاءَتْهُمْ آيَةٌ لَيُؤْمِنُنَّ بِهَا ۚ قُلْ إِنَّمَا الْآيَاتُ عِنْدَ اللَّهِ ۖ وَمَا يُشْعِرُكُمْ أَنَّهَا إِذَا جَاءَتْ لَا يُؤْمِنُونَ
(Мушриктер) эгер аларга бир мужиза келсе, ага сөзсүз ыйман келтирүүлөрү жөнүндө жан үрөп Аллахтын аты менен ант ичишет. Айткын: “Мужизалар Аллахтын алдында”. Силерге эмне билдирди?! Чынында, мужиза келсе да алар ыйман келтиришпейт!
6:109 -
وَنُقَلِّبُ أَفْئِدَتَهُمْ وَأَبْصَارَهُمْ كَمَا لَمْ يُؤْمِنُوا بِهِ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَنَذَرُهُمْ فِي طُغْيَانِهِمْ يَعْمَهُونَ
(Аларга) биринчи ирет (сунушталганда) ыйманга келбегендери сыяктуу Биз алардын көздөрүн жана жүрөктөрүн оодарып койобуз жана аларды адашуучулугунда тентиген абалда таштап коёбуз.
6:110
Котормо: Шамсуддин Хакимов