Катталуу, бет 135

  1. وَهُوَ الَّذِي يَتَوَفَّاكُمْ بِاللَّيْلِ وَيَعْلَمُ مَا جَرَحْتُمْ بِالنَّهَارِ ثُمَّ يَبْعَثُكُمْ فِيهِ لِيُقْضَىٰ أَجَلٌ مُسَمًّى ۖ ثُمَّ إِلَيْهِ مَرْجِعُكُمْ ثُمَّ يُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

    Ал түндөсү силерди (уктатуу менен) жаныңарды алат. Күн бою эмне кылып жүргөнүңөрдү да билет. Кийин белгиленген мөөнөт (өмүр) толук болуусу үчүн Ал силерди күндүзү кайра тирилтет . Кийин (өмүр толук бүткөндө) кайтып барууңар - Өзүнө. Андан соң (Кыяматта) Ал силерге эмне кылып жүргөнүңөрдүн кабарын берет.

    6:60
  2. وَهُوَ الْقَاهِرُ فَوْقَ عِبَادِهِ ۖ وَيُرْسِلُ عَلَيْكُمْ حَفَظَةً حَتَّىٰ إِذَا جَاءَ أَحَدَكُمُ الْمَوْتُ تَوَفَّتْهُ رُسُلُنَا وَهُمْ لَا يُفَرِّطُونَ

    Ал пенделеринин үстүнөн Өкүмдар. Жана Ал силерге Өзүнүн “хафаза” периштелерин жиберет. Качан силердин бирөөңөргө өлүм (убактысы) келгенде, Биздин (жан алгыч периштелерден турган) элчилерибиз өз убактысынан кечиктирбей анын жанын алышат.

    6:61
  3. ثُمَّ رُدُّوا إِلَى اللَّهِ مَوْلَاهُمُ الْحَقِّ ۚ أَلَا لَهُ الْحُكْمُ وَهُوَ أَسْرَعُ الْحَاسِبِينَ

    Кийин алар (өлгөн пенделер) чыныгы кожоюндары – Аллахка кайтарылышат. Уккула! Өкүм Өзүнө гана таандык! Ал өтө тез эсептешүүчү.

    6:62
  4. قُلْ مَنْ يُنَجِّيكُمْ مِنْ ظُلُمَاتِ الْبَرِّ وَالْبَحْرِ تَدْعُونَهُ تَضَرُّعًا وَخُفْيَةً لَئِنْ أَنْجَانَا مِنْ هَٰذِهِ لَنَكُونَنَّ مِنَ الشَّاكِرِينَ

    (Мушриктерге): “Кургактагы жана деңиздеги апааттарда жалбарып жана ичиңерден: “Эгер ушунан куткарса, сөзсүз шүгүр (ибадат) кылуучулардан боломун” - деп кимге дуба кыласыңар жана силерди (ошол балээден) ким куткарат?” - деп айткын.

    6:63
  5. قُلِ اللَّهُ يُنَجِّيكُمْ مِنْهَا وَمِنْ كُلِّ كَرْبٍ ثُمَّ أَنْتُمْ تُشْرِكُونَ

    Айткын: “Силерди ал апааттардан жана башка бардык кайгылардан Аллах гана куткарат. Кийин силер дагы эле (Ага башка “кудайларды”) шерик кыла бересиңер”.

    6:64
  6. قُلْ هُوَ الْقَادِرُ عَلَىٰ أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عَذَابًا مِنْ فَوْقِكُمْ أَوْ مِنْ تَحْتِ أَرْجُلِكُمْ أَوْ يَلْبِسَكُمْ شِيَعًا وَيُذِيقَ بَعْضَكُمْ بَأْسَ بَعْضٍ ۗ انْظُرْ كَيْفَ نُصَرِّفُ الْآيَاتِ لَعَلَّهُمْ يَفْقَهُونَ

    Айткын: “Ал силерге үстүңөрдөн, бутуңардын астынан азап жиберүүгө же болбосо, силерди ар түрдүү топторго аралаштырып жана бириңердин азабыңарды бириңерге таттырууга кудуреттүү!” (Оо, Мухаммад, адамдар акыйкатты) түшүнүп алышсын деп, далилдерди ар кандай ыкмада тизмектеп жатканыбызды көрүп кой.

    6:65
  7. وَكَذَّبَ بِهِ قَوْمُكَ وَهُوَ الْحَقُّ ۚ قُلْ لَسْتُ عَلَيْكُمْ بِوَكِيلٍ

    Сенин (Меккедеги) коомуң аны (Куранды) “жалган” - деди. Чынында, ал - акыйкат. Аларга: “Мен силерге кароолчу эмесмин - деп айт.

    6:66
  8. لِكُلِّ نَبَإٍ مُسْتَقَرٌّ ۚ وَسَوْفَ تَعْلَمُونَ

    Ар бир кабардын өз убактысы бар. Тез арада анын чындык экенин билип аласыңар.

    6:67
  9. وَإِذَا رَأَيْتَ الَّذِينَ يَخُوضُونَ فِي آيَاتِنَا فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ حَتَّىٰ يَخُوضُوا فِي حَدِيثٍ غَيْرِهِ ۚ وَإِمَّا يُنْسِيَنَّكَ الشَّيْطَانُ فَلَا تَقْعُدْ بَعْدَ الذِّكْرَىٰ مَعَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

    Эгер сен Биздин аяттарыбыз жөнүндө чындыкка каршы сүйлөгөн адамдарды көрсөң, качан алар башка сөзгө чумкуп кирмейинче, алардан алыс бол. Эгер шайтан унуттурган болсо, (эсиңен чыгып алар менен отурган болсоң) эстегениңден кийин залым коомдор менен отурба!

    6:68

Котормо: Шамсуддин Хакимов