Катталуу, бет 132
-
إِنَّمَا يَسْتَجِيبُ الَّذِينَ يَسْمَعُونَ ۘ وَالْمَوْتَىٰ يَبْعَثُهُمُ اللَّهُ ثُمَّ إِلَيْهِ يُرْجَعُونَ
(О, Мухаммад, чакырыгыңа) уга турган адамдар гана жооп беришет. Ал эми, (жүрөгү) өлүктөр болсо, (бул дүйнөдө динди кабыл албайт) Аллах аларды кайра тирилтет. Анан Өзүнө кайтарылышат.
6:36 -
وَقَالُوا لَوْلَا نُزِّلَ عَلَيْهِ آيَةٌ مِنْ رَبِّهِ ۚ قُلْ إِنَّ اللَّهَ قَادِرٌ عَلَىٰ أَنْ يُنَزِّلَ آيَةً وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Жана (мушриктер): “Ага (Мухаммадга) Раббисинен бир далил-моожиза түшсө экен” - дешет. Айткын: “Аллах (силер тилегендей) далилди түшүрүүгө да Кудуреттүү”. Бирок, алардын көпчүлүгү (акыйкатты) билишпейт.
6:37 -
وَمَا مِنْ دَابَّةٍ فِي الْأَرْضِ وَلَا طَائِرٍ يَطِيرُ بِجَنَاحَيْهِ إِلَّا أُمَمٌ أَمْثَالُكُمْ ۚ مَا فَرَّطْنَا فِي الْكِتَابِ مِنْ شَيْءٍ ۚ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّهِمْ يُحْشَرُونَ
Жерде жүргөн - сойлогондун жана эки канаты менен асманда учкандын баары силер сыяктуу эле үммөт. Биз Китепте (тагдырын жазбастан) эч нерсени калтырып койгон эмеспиз. Кийин (адамдардын бардыгы) Раббисине чогултулат.
6:38 -
وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا صُمٌّ وَبُكْمٌ فِي الظُّلُمَاتِ ۗ مَنْ يَشَإِ اللَّهُ يُضْلِلْهُ وَمَنْ يَشَأْ يَجْعَلْهُ عَلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Биздин аяттарыбызды жалган дегендер (наадандык) караңгылыгында калган сокурлар жана дүлөйлөр. (Алар акыйкатты көрө да, уга да алышпайт) Аллах Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаган пендесин туура жолго салат.
6:39 -
قُلْ أَرَأَيْتَكُمْ إِنْ أَتَاكُمْ عَذَابُ اللَّهِ أَوْ أَتَتْكُمُ السَّاعَةُ أَغَيْرَ اللَّهِ تَدْعُونَ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
(Мушриктерге) айткын: “Эгер чынчыл болсоңор айткылачы, силерге Аллахтын азабы же Кыямат келип калса, Аллахтан башкага (жардам сурап) дуба кыласыңарбы?!”
6:40 -
بَلْ إِيَّاهُ تَدْعُونَ فَيَكْشِفُ مَا تَدْعُونَ إِلَيْهِ إِنْ شَاءَ وَتَنْسَوْنَ مَا تُشْرِكُونَ
Жок! Ага гана дуба кыласыңар! Ал эгер кааласа силер дуба кылып сураган нерседен (азаптан) арылтат. Ал эми, Аллахка шерик кылган “кудайыңарды” (башыңарга азап түшкөндө) унутуп койосуңар.
6:41 -
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا إِلَىٰ أُمَمٍ مِنْ قَبْلِكَ فَأَخَذْنَاهُمْ بِالْبَأْسَاءِ وَالضَّرَّاءِ لَعَلَّهُمْ يَتَضَرَّعُونَ
Биз (о, Мухаммад!) сенден мурунку элдерге да пайгамбарларды жибергенбиз. (Бирок, пайгамбарларды «жалганчы» дешкенден) кийин аларды тообо кылып, баш ийүүлөрү үчүн балээ - зыяндар менен кармадык.
6:42 -
فَلَوْلَا إِذْ جَاءَهُمْ بَأْسُنَا تَضَرَّعُوا وَلَٰكِنْ قَسَتْ قُلُوبُهُمْ وَزَيَّنَ لَهُمُ الشَّيْطَانُ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Аларга биздин балээ - зыяныбыз келгенде тообо кылышса болмок! Бирок, жүрөктөрү таш болуп калган жана шайтан аларга (күнөө иштерин) кооздоп көргөзгөн!
6:43 -
فَلَمَّا نَسُوا مَا ذُكِّرُوا بِهِ فَتَحْنَا عَلَيْهِمْ أَبْوَابَ كُلِّ شَيْءٍ حَتَّىٰ إِذَا فَرِحُوا بِمَا أُوتُوا أَخَذْنَاهُمْ بَغْتَةً فَإِذَا هُمْ مُبْلِسُونَ
Анан, өздөрүнө эскертилген нерселерди (балээ-зыяндарды) унутуп (шайтанга жетеленип) калышканда, Биз аларга бардык нерселердин эшигин ачык койдук. Өздөрүнө берилген нерселер менен сүйүнүп турганда, капыстан, (күтпөгөн балээ менен) кармап койдук эле, дароо үмүтсүз абалда калышты.
6:44
Котормо: Шамсуддин Хакимов