Катталуу, бет 127

  1. قَالَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا أَنْزِلْ عَلَيْنَا مَائِدَةً مِنَ السَّمَاءِ تَكُونُ لَنَا عِيدًا لِأَوَّلِنَا وَآخِرِنَا وَآيَةً مِنْكَ ۖ وَارْزُقْنَا وَأَنْتَ خَيْرُ الرَّازِقِينَ

    Мариямдын уулу Иса айтты: “О, Раббибиз! Бизге асмандан дасторкон түшүр! Ал бизге: абалкыларыбызга да, акыркыларыбызга да майрам жана Сенден бир мужиза-керемет болуп калаар! Бизге ырыскы бере көр! Өзүң эң жакшы ырыскы берүүчүсүң!”

    5:114
  2. قَالَ اللَّهُ إِنِّي مُنَزِّلُهَا عَلَيْكُمْ ۖ فَمَنْ يَكْفُرْ بَعْدُ مِنْكُمْ فَإِنِّي أُعَذِّبُهُ عَذَابًا لَا أُعَذِّبُهُ أَحَدًا مِنَ الْعَالَمِينَ

    Аллах айтты: “Мен аны силерге түшүрөмүн. Бирок, андан кийин ким каапыр болсо, Мен аны, ааламда эч кимди азаптабаган азап менен азаптаймын!

    5:115
  3. وَإِذْ قَالَ اللَّهُ يَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ أَأَنْتَ قُلْتَ لِلنَّاسِ اتَّخِذُونِي وَأُمِّيَ إِلَٰهَيْنِ مِنْ دُونِ اللَّهِ ۖ قَالَ سُبْحَانَكَ مَا يَكُونُ لِي أَنْ أَقُولَ مَا لَيْسَ لِي بِحَقٍّ ۚ إِنْ كُنْتُ قُلْتُهُ فَقَدْ عَلِمْتَهُ ۚ تَعْلَمُ مَا فِي نَفْسِي وَلَا أَعْلَمُ مَا فِي نَفْسِكَ ۚ إِنَّكَ أَنْتَ عَلَّامُ الْغُيُوبِ

    «Бир кезде Аллах айтты: “О, Мариямдын уулу Иса! Сен адамдарга: “Аллахты таштап, мени жана апамды кудай кылып алгыла” - деген белең?! (Иса) айтты: “О, Раббим! Сен (шериктен) Аруу-Тазасың! Менин акым жок нерсени айтуу мага туура келбейт! Эгер айтканымда, Сен аны билмексиң. Сен менин жүрөгүмдөгүнү билесиң. Бирок, мен Сенде болгон нерсени биле албаймын. Сен - кайыптарды да эң жакшы Билүүчүсүң!»

    5:116
  4. مَا قُلْتُ لَهُمْ إِلَّا مَا أَمَرْتَنِي بِهِ أَنِ اعْبُدُوا اللَّهَ رَبِّي وَرَبَّكُمْ ۚ وَكُنْتُ عَلَيْهِمْ شَهِيدًا مَا دُمْتُ فِيهِمْ ۖ فَلَمَّا تَوَفَّيْتَنِي كُنْتَ أَنْتَ الرَّقِيبَ عَلَيْهِمْ ۚ وَأَنْتَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ

    Мен аларга Өзүң буюрган (төмөнкү) сөздөрдү гана айткамын: “Менин жана силердин (жалгыз) Раббиңер - Аллахка гана ибадат кылгыла!” Мен алардын ичинде турган (ар бир) мезгилде алардын үстүндө (Сенден башкага сыйынышпасын деп) күбө болуп турдум. Ал эми, Сен мени(н жердеги жашоо мөөнөтүмдү бүтүрүп, Өзүңө көтөрүп) алганыңда аларга Өзүң күзөтчү болуп калгансың. Өзүң бардык нерселерге Күбөсүң.

    5:117
  5. إِنْ تُعَذِّبْهُمْ فَإِنَّهُمْ عِبَادُكَ ۖ وَإِنْ تَغْفِرْ لَهُمْ فَإِنَّكَ أَنْتَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

    Эгер аларды азаптасаң - Өзүңдүн пенделериң. Эгер кечирсең - Өзүң Кудуреттүү, Даанышмансың!”

    5:118
  6. قَالَ اللَّهُ هَٰذَا يَوْمُ يَنْفَعُ الصَّادِقِينَ صِدْقُهُمْ ۚ لَهُمْ جَنَّاتٌ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۚ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ ۚ ذَٰلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

    Аллах айтты: «Ал Күндө ыйманы чын адамдарга чынчылдыгы пайда берет. Аларга, түбөлүк кала турган жана астынан дарыялар агып турган бейиштер бар! Аллах алардан, алар Аллахтан ыраазы болушат. Бул - эң улуу жеңиш!

    5:119
  7. لِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا فِيهِنَّ ۚ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    Асмандарда, Жерде жана экөөсүнүн арасындагынын баары Аллахтын мүлкү! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!»

    5:120

Котормо: Шамсуддин Хакимов