Сүрө 67 Мулк

  1. تَبَارَكَ الَّذِي بِيَدِهِ الْمُلْكُ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    (Бүткүл ааламдардын) мүлк(ү) Өз Колунда болгон Аллах Ыйык! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.

    67:1
  2. الَّذِي خَلَقَ الْمَوْتَ وَالْحَيَاةَ لِيَبْلُوَكُمْ أَيُّكُمْ أَحْسَنُ عَمَلًا ۚ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْغَفُورُ

    Ал силердин кимиңер эң мыкты (сооптуу) иш жасай алышыңарды сыноо үчүн өлүм менен өмүрдү жараткан. Жана Ал – Кудуреттүү, Кечиримдүү!

    67:2
  3. الَّذِي خَلَقَ سَبْعَ سَمَاوَاتٍ طِبَاقًا ۖ مَا تَرَىٰ فِي خَلْقِ الرَّحْمَٰنِ مِنْ تَفَاوُتٍ ۖ فَارْجِعِ الْبَصَرَ هَلْ تَرَىٰ مِنْ فُطُورٍ

    Ал жети асманды кабат-кабат жараткан. Сен Рахмандын жаратканында эч кандай кемчилдик таба албайсың. Эми дагы бир кара! Кемчилдик көрөөр бекенсиң?!

    67:3
  4. ثُمَّ ارْجِعِ الْبَصَرَ كَرَّتَيْنِ يَنْقَلِبْ إِلَيْكَ الْبَصَرُ خَاسِئًا وَهُوَ حَسِيرٌ

    Анан дагы кайра-кайра үңүл! Көз(үң) сага тунарган, чарчаган бойдон кайта берет!

    67:4
  5. وَلَقَدْ زَيَّنَّا السَّمَاءَ الدُّنْيَا بِمَصَابِيحَ وَجَعَلْنَاهَا رُجُومًا لِلشَّيَاطِينِ ۖ وَأَعْتَدْنَا لَهُمْ عَذَابَ السَّعِيرِ

    Биз дүйнө асманын жылдыз-чырактар менен кооздоп, аларды шайтандар үчүн атылуучу таш кылдык. Жана Биз алар (шайтандар) үчүн (Акыретте) тозок азабын даярдап койдук.

    67:5
  6. وَلِلَّذِينَ كَفَرُوا بِرَبِّهِمْ عَذَابُ جَهَنَّمَ ۖ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ

    Жана Раббисине каапыр болгон адамдар үчүн тозок азабы бар! Ал эң жаман кайтуу!

    67:6
  7. إِذَا أُلْقُوا فِيهَا سَمِعُوا لَهَا شَهِيقًا وَهِيَ تَفُورُ

    Качан алар анын (тозоктун) ичине ташталганда, коркунучтуу добушун угушат! Ал кайнап турган!

    67:7
  8. تَكَادُ تَمَيَّزُ مِنَ الْغَيْظِ ۖ كُلَّمَا أُلْقِيَ فِيهَا فَوْجٌ سَأَلَهُمْ خَزَنَتُهَا أَلَمْ يَأْتِكُمْ نَذِيرٌ

    (Тозок өзүнө ташталган каапырлардан) каардангандан улам жарылып кеткидей болот! Ар качан ага бир жамаат (каапырлар) ташталганда, анын (периште) кароолчулары: «Эмне силерге (ушул тозок жөнүндө) кабар берген пайгамбар келбеди беле?» – деп сурайт.

    67:8
  9. قَالُوا بَلَىٰ قَدْ جَاءَنَا نَذِيرٌ فَكَذَّبْنَا وَقُلْنَا مَا نَزَّلَ اللَّهُ مِنْ شَيْءٍ إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا فِي ضَلَالٍ كَبِيرٍ

    Алар айтышат: “Ооба, ырас бизге эскертүүчү-пайгамбар келген. Бирок, биз аны жалганчыга чыгарып: «Аллах (силерге) эч нерсе түшүргөн эмес! Силер эң чоң адашуудагы адамсыңар!» дегенбиз”.

    67:9
  10. وَقَالُوا لَوْ كُنَّا نَسْمَعُ أَوْ نَعْقِلُ مَا كُنَّا فِي أَصْحَابِ السَّعِيرِ

    Жана айтышат: «Эгер биз (ошол пайгамбарды) угуп, акылыбызды иштеткенде (бүгүн) тозок «ээлери» болуп калбайт элек!».

    67:10
  11. فَاعْتَرَفُوا بِذَنْبِهِمْ فَسُحْقًا لِأَصْحَابِ السَّعِيرِ

    Ошентип күнөөлөрүн мойнуна алышат. Тозокулар (Аллахтын ырайымынан) алыс!

    67:11
  12. إِنَّ الَّذِينَ يَخْشَوْنَ رَبَّهُمْ بِالْغَيْبِ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَأَجْرٌ كَبِيرٌ

    Кайыптагы Раббисинен корккон адамдарга (Аллах таала тарабынан) кечирим жана чоң сыйлык (бейиш) бар.

    67:12
  13. وَأَسِرُّوا قَوْلَكُمْ أَوِ اجْهَرُوا بِهِ ۖ إِنَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ

    Жана (оо, адамдар) силер сөзүңөрдү сыр тутасыңарбы же ашкере кыласыңарбы, Ал көкүрөктөрдү ээлеген нерселерди Билүүчү!

    67:13
  14. أَلَا يَعْلَمُ مَنْ خَلَقَ وَهُوَ اللَّطِيفُ الْخَبِيرُ

    (Көкүрөктөгү сырларды) Жараткан билбей калат бекен?! Ал Латийф (жана бардыгынан) Кабардар го!

    67:14
  15. هُوَ الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ ذَلُولًا فَامْشُوا فِي مَنَاكِبِهَا وَكُلُوا مِنْ رِزْقِهِ ۖ وَإِلَيْهِ النُّشُورُ

    Ал силер үчүн жерди моюн сунуучу кылып койду. Эми, анын чар тарабында жүрүп, (Аллахтын) ырыскыларынан жей бергиле! Кайра тирилип баруу – анын Өзүнө гана!

    67:15
  16. أَأَمِنْتُمْ مَنْ فِي السَّمَاءِ أَنْ يَخْسِفَ بِكُمُ الْأَرْضَ فَإِذَا هِيَ تَمُورُ

    (Эй, каапырлар) асмандагы Зат силерди жерге жуткуруп жиберүүсүнөн (тап-такыр) тынчсыңарбы?! Капысынан ал (жер) чайпалып кетсечи?!

    67:16
  17. أَمْ أَمِنْتُمْ مَنْ فِي السَّمَاءِ أَنْ يُرْسِلَ عَلَيْكُمْ حَاصِبًا ۖ فَسَتَعْلَمُونَ كَيْفَ نَذِيرِ

    Же болбосо, силер, асмандагы (Аллах) үстүңөргө таш учурган катуу шамал жиберишинен амансыңарбы!? Жакында (Менин) эскертүү(м) кандай экенин билип аласыңар!

    67:17
  18. وَلَقَدْ كَذَّبَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَكَيْفَ كَانَ نَكِيرِ

    Алардан мурунку (каапыр) пенделер дагы (өздөрүнө жиберилген пайгамбарды) жалганчыга чыгарышкан. Анан (Менин) четке кагуу(м) кандай болду?!

    67:18
  19. أَوَلَمْ يَرَوْا إِلَى الطَّيْرِ فَوْقَهُمْ صَافَّاتٍ وَيَقْبِضْنَ ۚ مَا يُمْسِكُهُنَّ إِلَّا الرَّحْمَٰنُ ۚ إِنَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ بَصِيرٌ

    Алар төбөсүндөгү канатын (бир) жайып (бир) жыйнап турган кушка карашпайбы?! Аны (ободо ырайымдуу) Рахман гана кармап турат! Ал - ар бир нерсени Көрүүчү!

    67:19
  20. أَمَّنْ هَٰذَا الَّذِي هُوَ جُنْدٌ لَكُمْ يَنْصُرُكُمْ مِنْ دُونِ الرَّحْمَٰنِ ۚ إِنِ الْكَافِرُونَ إِلَّا فِي غُرُورٍ

    (Эй, каапырлар! Ойлонгула:) Силерге Рахмандан башка жардам бере ала турган аскериңер (жардамчыңар) ким экен?! Каапырлар адашуунун гана ичинде!

    67:20

Котормо: Шамсуддин Хакимов