Сүрө 36 Ясин
-
اتَّبِعُوا مَنْ لَا يَسْأَلُكُمْ أَجْرًا وَهُمْ مُهْتَدُونَ
Өздөрү туура жол үстүндө болуп (силерди ошол жолго чакырганы үчүн) акы сурабаган кишилерди ээрчигиле!» – деди. (Мушриктер аны курчап алып: «Сен жалгыз кудайга сыйынып калдыңбы?» - деп кыйнаганда, мындай жооп берди:)
36:21 -
وَمَا لِيَ لَا أَعْبُدُ الَّذِي فَطَرَنِي وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
«Эмне үчүн мен өзүмдү (жоктон) бар кылган Кудайга ибадат кылбайт экенмин?! Силер дагы Ага кайтарыласыңар!
36:22 -
أَأَتَّخِذُ مِنْ دُونِهِ آلِهَةً إِنْ يُرِدْنِ الرَّحْمَٰنُ بِضُرٍّ لَا تُغْنِ عَنِّي شَفَاعَتُهُمْ شَيْئًا وَلَا يُنْقِذُونِ
Андан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Рахман бир зыян (жеткирүүнү) кааласа, мага алардын шапаат-ортомчулуктары эч кандай пайда бербейт жана алар мени куткара да алышпайт!
36:23 -
إِنِّي إِذًا لَفِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
(Эгер Аллахтан башканы кудай кылып алсам) анда мен анык адашууда болуп каламын!
36:24 -
إِنِّي آمَنْتُ بِرَبِّكُمْ فَاسْمَعُونِ
Мен силердин (чыныгы) Раббиңерге ыйман келтирдим, мени уккула!». (Анан мушриктер аны өлтүрүп коюшат. Шейит болуп, Раббисинин алдына барганда, ага)
36:25 -
قِيلَ ادْخُلِ الْجَنَّةَ ۖ قَالَ يَا لَيْتَ قَوْمِي يَعْلَمُونَ
айтылды: «Бейишке Кир»! Ал киши айтты: «Кана эми, менин коомум билсе,
36:26 -
بِمَا غَفَرَ لِي رَبِّي وَجَعَلَنِي مِنَ الْمُكْرَمِينَ
Раббим мени кечиргенин жана урматтуу адамдардан кылганын!»
36:27 -
وَمَا أَنْزَلْنَا عَلَىٰ قَوْمِهِ مِنْ بَعْدِهِ مِنْ جُنْدٍ مِنَ السَّمَاءِ وَمَا كُنَّا مُنْزِلِينَ
Анын (өлтүрүлгөн мусулмандын) артынан Биз (каапыр) коомдун үстүнө асмандан (периштелерден куралган) аскерлерибизди түшүрбөдүк. Түшүрбөйт да болчубуз.
36:28 -
إِنْ كَانَتْ إِلَّا صَيْحَةً وَاحِدَةً فَإِذَا هُمْ خَامِدُونَ
(Себеби): Бир гана ач айкырык болду! Анан ..., бардыгы (өлүп, кыйрап) тынып калышты.
36:29 -
يَا حَسْرَةً عَلَى الْعِبَادِ ۚ مَا يَأْتِيهِمْ مِنْ رَسُولٍ إِلَّا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
Кайран гана пенделер! (Айып өздөрүндө!) Аларга бир пайгамбар келсе эле (дароо) шылдыңдай башташат.
36:30 -
أَلَمْ يَرَوْا كَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُمْ مِنَ الْقُرُونِ أَنَّهُمْ إِلَيْهِمْ لَا يَرْجِعُونَ
Көрүшпөйбү, Биз алардан мурун нечендеген (каапыр) муундарды кыйратып салдык! Эми алар өздөрүнө (бул дүйнөгө) кайтып келишпейт!
36:31 -
وَإِنْ كُلٌّ لَمَّا جَمِيعٌ لَدَيْنَا مُحْضَرُونَ
Албетте, алардын (кыйрагандардын) бардыгы (кыяматта) Биздин алдыбызда (суроо-жооп үчүн) даяр турушат.
36:32 -
وَآيَةٌ لَهُمُ الْأَرْضُ الْمَيْتَةُ أَحْيَيْنَاهَا وَأَخْرَجْنَا مِنْهَا حَبًّا فَمِنْهُ يَأْكُلُونَ
Аларга (кудуретибизден дагы бир) белги – өлүк жер. Биз аны (жамгыр менен) тирилттик жана андан данды (өндүрүп) чыгардык. Эми, ошондон жеп жатышат.
36:33 -
وَجَعَلْنَا فِيهَا جَنَّاتٍ مِنْ نَخِيلٍ وَأَعْنَابٍ وَفَجَّرْنَا فِيهَا مِنَ الْعُيُونِ
Жана Биз жерде курмалардан, жүзүмдөрдөн бак-бостондорду жараттык. Жана анын боорун жарып, булактарды чыгардык,
36:34 -
لِيَأْكُلُوا مِنْ ثَمَرِهِ وَمَا عَمِلَتْهُ أَيْدِيهِمْ ۖ أَفَلَا يَشْكُرُونَ
ошол бактардын мөмөсүнөн жесин деп. Ал мөмөлөрдү алардын колу жасаган жок! Шүгүр кылышпайбы, эми?!
36:35 -
سُبْحَانَ الَّذِي خَلَقَ الْأَزْوَاجَ كُلَّهَا مِمَّا تُنْبِتُ الْأَرْضُ وَمِنْ أَنْفُسِهِمْ وَمِمَّا لَا يَعْلَمُونَ
Жер өстүрүп чыгарган нерселерден, өздөрүнөн жана өздөрү да билбеген (көп) нерселерден бардык жуп-жубайларды жараткан Аллах – Аруу,Таза!
36:36 -
وَآيَةٌ لَهُمُ اللَّيْلُ نَسْلَخُ مِنْهُ النَّهَارَ فَإِذَا هُمْ مُظْلِمُونَ
Аларга (дагы бир) белги – түн. Биз андан күндүздү сыйрып алаарыбыз менен, алар караңгыда калышат.
36:37 -
وَالشَّمْسُ تَجْرِي لِمُسْتَقَرٍّ لَهَا ۚ ذَٰلِكَ تَقْدِيرُ الْعَزِيزِ الْعَلِيمِ
(Дагы бир белги –) Күн, өзүнө белгиленген орунда гана (айланып) жүрөт. Бул – Кудуретүү, Билүүчүнүн тагдыр кылганы.
36:38 -
وَالْقَمَرَ قَدَّرْنَاهُ مَنَازِلَ حَتَّىٰ عَادَ كَالْعُرْجُونِ الْقَدِيمِ
Биз Айга да, курманын эски шиңгили сыяктуу болуп (ийрейип) калганга чейин бир нече орундарды белгилеп койгонбуз.
36:39 -
لَا الشَّمْسُ يَنْبَغِي لَهَا أَنْ تُدْرِكَ الْقَمَرَ وَلَا اللَّيْلُ سَابِقُ النَّهَارِ ۚ وَكُلٌّ فِي فَلَكٍ يَسْبَحُونَ
Күн (өз айлануусунда) Айга жетиши мүмкүн эмес, түн дагы күндүздөн озуп кете албайт. Бардыгы асманда сүзүп жүрүшөт.
36:40
Котормо: Шамсуддин Хакимов