Сүрө 25 Фуркан

  1. وَقَالَ الَّذِينَ لَا يَرْجُونَ لِقَاءَنَا لَوْلَا أُنْزِلَ عَلَيْنَا الْمَلَائِكَةُ أَوْ نَرَىٰ رَبَّنَا ۗ لَقَدِ اسْتَكْبَرُوا فِي أَنْفُسِهِمْ وَعَتَوْا عُتُوًّا كَبِيرًا

    Бизге жолугууну үмүт кылбаган (ыймансыз) адамдар «Эгер бизге периште түшсө же Раббибизди (өз көзүбүз менен) көрсөк (ошондо гана ыйман келтирмекпиз)» - дешет. Алар өздөрүнчө текеберленип жана аябай таш-жүрөк болуп кетишкен.

    25:21
  2. يَوْمَ يَرَوْنَ الْمَلَائِكَةَ لَا بُشْرَىٰ يَوْمَئِذٍ لِلْمُجْرِمِينَ وَيَقُولُونَ حِجْرًا مَحْجُورًا

    Периштелерди көргөн ошол (кыямат) күнү, күнөөкөр адамдарга жакшы кабар болбойт. (Аларга периштелер:) «(Силер үчүн бейиш) тап-такыр арам!» – дешет.

    25:22
  3. وَقَدِمْنَا إِلَىٰ مَا عَمِلُوا مِنْ عَمَلٍ فَجَعَلْنَاهُ هَبَاءً مَنْثُورًا

    Жана Биз алар (сооп деп ойлоп) жасаган (кайрымдуулук) иштерге келдик жана аны күндүн нуруна чагылышып көрүнгөн жеңил сапырылган чаңдай кылып таштадык!

    25:23
  4. أَصْحَابُ الْجَنَّةِ يَوْمَئِذٍ خَيْرٌ مُسْتَقَرًّا وَأَحْسَنُ مَقِيلًا

    Ошол Күнү (Аллахка ыйман келтирип, жакшы амал кылган) бейиш ээлери эң сонун орундарда, эң мыкты эс алуу жайларында болушат.

    25:24
  5. وَيَوْمَ تَشَقَّقُ السَّمَاءُ بِالْغَمَامِ وَنُزِّلَ الْمَلَائِكَةُ تَنْزِيلًا

    Жана ак булуттуу асман жарылган жана периштелер түшүп келген Күнү,

    25:25
  6. الْمُلْكُ يَوْمَئِذٍ الْحَقُّ لِلرَّحْمَٰنِ ۚ وَكَانَ يَوْمًا عَلَى الْكَافِرِينَ عَسِيرًا

    Дал ошол (Кыямат) Күнү чыныгы мүлк-бийлик чексиз Ырайымдууга (Аллахка) гана таандык болот. Жана ал күндө каапырларга оор болот.

    25:26
  7. وَيَوْمَ يَعَضُّ الظَّالِمُ عَلَىٰ يَدَيْهِ يَقُولُ يَا لَيْتَنِي اتَّخَذْتُ مَعَ الرَّسُولِ سَبِيلًا

    Ал күнү залымдар (каапырлар) эки колун(ун манжаларын) тиштеп: «Атаганат, (дүйнөдө) пайгамбар менен (бир) жолду кармаган болсом кана!

    25:27
  8. يَا وَيْلَتَىٰ لَيْتَنِي لَمْ أَتَّخِذْ فُلَانًا خَلِيلًا

    Шорум курусун-ай! Баланчаны дос кылбай эле койсом болмок экен!

    25:28
  9. لَقَدْ أَضَلَّنِي عَنِ الذِّكْرِ بَعْدَ إِذْ جَاءَنِي ۗ وَكَانَ الشَّيْطَانُ لِلْإِنْسَانِ خَذُولًا

    Ал мени, мага келген зикирден (Курандан) адаштырды! Шайтан инсанды жардамсыз таштап коёт турбайбы!» дешет.

    25:29
  10. وَقَالَ الرَّسُولُ يَا رَبِّ إِنَّ قَوْمِي اتَّخَذُوا هَٰذَا الْقُرْآنَ مَهْجُورًا

    Пайгамбар (Мухаммад) айтты: «Оо, Раббим! Менин коомум (Курайш) мына бул Куранды (арттарына) таштап коюшту.

    25:30
  11. وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَا لِكُلِّ نَبِيٍّ عَدُوًّا مِنَ الْمُجْرِمِينَ ۗ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ هَادِيًا وَنَصِيرًا

    Ошондой. Биз ар бир пайгамбарга күнөөкөр адамдардан душман кылып койдук. Бирок, жол башчы жана жардамчы болууга Раббиңдин Өзү жетиштүү!

    25:31
  12. وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْلَا نُزِّلَ عَلَيْهِ الْقُرْآنُ جُمْلَةً وَاحِدَةً ۚ كَذَٰلِكَ لِنُثَبِّتَ بِهِ فُؤَادَكَ ۖ وَرَتَّلْنَاهُ تَرْتِيلًا

    Каапырлар «Эгер Куран (Мухаммадга бөлүк-бөлүк болбой) бир бүтүн болуп түшсө экен» - дешет. Биз сенин жүрөгүңдү кубаттандыруу үчүн (аны бөлүп-бөлүп түшүрдүк) жана аны (Курандын түшүүсүн) бөлүк-бөлүк кылдык.

    25:32
  13. وَلَا يَأْتُونَكَ بِمَثَلٍ إِلَّا جِئْنَاكَ بِالْحَقِّ وَأَحْسَنَ تَفْسِيرًا

    Алар (мушриктер өз пикирин тастыктоо үчүн кайдагы бир) мисалдарды сага келтирчү болсо, Биз сага Акыйкатты (Куранды) жана (анын аяттары үчүн) эң жакшы түшүндүрмөлөрдү келтиребиз.

    25:33
  14. الَّذِينَ يُحْشَرُونَ عَلَىٰ وُجُوهِهِمْ إِلَىٰ جَهَنَّمَ أُولَٰئِكَ شَرٌّ مَكَانًا وَأَضَلُّ سَبِيلًا

    (Периштелер тарабынан) жүздөрү менен (сүйрөлүп) тозокко чогултула турган адамдар..., ошолор гана эң жаман орундагы, эң адашкан жолдогу адамдар!

    25:34
  15. وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ وَجَعَلْنَا مَعَهُ أَخَاهُ هَارُونَ وَزِيرًا

    Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик жана бир тууганы Харунду аны менен бирге: ага жардамчы кылдык.

    25:35
  16. فَقُلْنَا اذْهَبَا إِلَى الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا فَدَمَّرْنَاهُمْ تَدْمِيرًا

    Анан: «Экөөң Биздин аяттарыбызды жалган деген (каапыр) коомго бар(ып аларды динге чакыргыла)» дедик. (Экөө буйрукту аткарып, Фараон жана анын коомуна барып, аларды ыйманга чакырды. Бирок алар текеберленип, акыйкатты жалганга чыгарганда) аларды (деңизге чөктүрүп) бирин калтырбай кыйраттык.

    25:36
  17. وَقَوْمَ نُوحٍ لَمَّا كَذَّبُوا الرُّسُلَ أَغْرَقْنَاهُمْ وَجَعَلْنَاهُمْ لِلنَّاسِ آيَةً ۖ وَأَعْتَدْنَا لِلظَّالِمِينَ عَذَابًا أَلِيمًا

    Нухтун коомун дагы пайгамбарларды «жалганчы» дешкенде (топон суу жиберип) чөктүрүп, адамдар үчүн ибарат-сабак кылып койдук.Биз залимдерге жан ооруткан азапты даярдап койдук.

    25:37
  18. وَعَادًا وَثَمُودَ وَأَصْحَابَ الرَّسِّ وَقُرُونًا بَيْنَ ذَٰلِكَ كَثِيرًا

    Аад, Самуд (элдерин), «кудук ээлерин» жана ушулардын аралыгындагы (башка) көп муундарды (каапырчылыгы себептүү кыйраттык).

    25:38
  19. وَكُلًّا ضَرَبْنَا لَهُ الْأَمْثَالَ ۖ وَكُلًّا تَبَّرْنَا تَتْبِيرًا

    Биз алардын баарына мисал-далилдерди келтиргенбиз (моюн толгогондон кийин гана) бардыгын кырып-жоюп жибердик! (Кырылган элдерден бири Лут пайгамбардын коому болчу. Алардын башына таш жамгыры жаап кыйраган).

    25:39
  20. وَلَقَدْ أَتَوْا عَلَى الْقَرْيَةِ الَّتِي أُمْطِرَتْ مَطَرَ السَّوْءِ ۚ أَفَلَمْ يَكُونُوا يَرَوْنَهَا ۚ بَلْ كَانُوا لَا يَرْجُونَ نُشُورًا

    Алар (Мекке мушриктери) балээ (таш) жамгыры жаадырылган шаарга келген эле го! Эмне, аны(н кесепеттерин) көрбөй жатышабы?! Жок, (көрүшкөн, бирок) алар кайра тирилүүгө ишенишпейт.

    25:40

Котормо: Шамсуддин Хакимов