Сүрө 1 Фатиха

  1. بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَٰنِ الرَّحِيمِ

    Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).

    1:1
  2. الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ

    Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

    1:2
  3. الرَّحْمَٰنِ الرَّحِيمِ

    Ал - Ырайымдуу, Мээримдүү.

    1:3
  4. مَالِكِ يَوْمِ الدِّينِ

    Кыямат Күндүн падышасы.

    1:4
  5. إِيَّاكَ نَعْبُدُ وَإِيَّاكَ نَسْتَعِينُ

    Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!

    1:5
  6. اهْدِنَا الصِّرَاطَ الْمُسْتَقِيمَ

    (О, Жараткан!) Бизди туура жолго баштагын!

    1:6
  7. صِرَاطَ الَّذِينَ أَنْعَمْتَ عَلَيْهِمْ غَيْرِ الْمَغْضُوبِ عَلَيْهِمْ وَلَا الضَّالِّينَ

    Өзүң жакшылык берген адамдардын жолуна (баштагын). Каарыңа учурагандардын жана адашкандардын жолуна эмес.

    1:7

Котормо: Шамсуддин Хакимов