Сүрө 9 Тауба, аят 1 – 3

  1. بَرَاءَةٌ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ إِلَى الَّذِينَ عَاهَدْتُمْ مِنَ الْمُشْرِكِينَ

    (Бул –) Аллах жана (Анын) пайгамбары тарабынан силер убада-келишим түзгөн (бирок кыянат кылган) мушриктер үчүн (келишим милдетинен) кутулуу (жарыясы)!

    9:1
  2. فَسِيحُوا فِي الْأَرْضِ أَرْبَعَةَ أَشْهُرٍ وَاعْلَمُوا أَنَّكُمْ غَيْرُ مُعْجِزِي اللَّهِ ۙ وَأَنَّ اللَّهَ مُخْزِي الْكَافِرِينَ

    (О, мушриктер!) Төрт ай (мөөнөттүн) ичинде Жер бетинде (тынч-аман) жүрө бергиле. (Силерге тынчтык мөөнөтү берилсе да) силер эч качан Аллахты алсыз калтыра албайсыңар, мына ушуну билип алгыла. Аллах (ширк иштерин уланткан) каапырларды шерменде кылуучу.

    9:2
  3. وَأَذَانٌ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ إِلَى النَّاسِ يَوْمَ الْحَجِّ الْأَكْبَرِ أَنَّ اللَّهَ بَرِيءٌ مِنَ الْمُشْرِكِينَ ۙ وَرَسُولُهُ ۚ فَإِنْ تُبْتُمْ فَهُوَ خَيْرٌ لَكُمْ ۖ وَإِنْ تَوَلَّيْتُمْ فَاعْلَمُوا أَنَّكُمْ غَيْرُ مُعْجِزِي اللَّهِ ۗ وَبَشِّرِ الَّذِينَ كَفَرُوا بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

    (Бул) Аллах жана (Анын) пайгамбары тарабынан, чоң ажы күнү (Курман майрамы) болгондо адамдарга, Аллах жана пайгамбары мушриктерден таза (б.а. алардын алдында убада-милдеттенмеси жок) экенин жарыялап коюу! (О, мушриктер!) Эгер тообо кылсаңар, өзүңөргө жакшы (мал-жаныңарды сактап каласыңар). Эгер жүз бурсаңар, билип койгула, силер Аллахты алсыз калтыруучу эмессиңер. Ошондой эле (О, Мухаммад,) каапырларга жан ооруткан азаптын кабарын берип кой!

    9:3

Котормо: Шамсуддин Хакимов