Сүрө 85 Буруж, аят 1 – 10
-
وَالسَّمَاءِ ذَاتِ الْبُرُوجِ
Мен топ жылдыздар мекени – асманга ант ичип,
85:1 -
وَالْيَوْمِ الْمَوْعُودِ
Убада кылынган (Кыямат) күнгө ант ичип.
85:2 -
وَشَاهِدٍ وَمَشْهُودٍ
(Ошол күнгө) күбө болгондорго жана күбө болунган(окуялар)га ант ичип (айтамын):
85:3 -
قُتِلَ أَصْحَابُ الْأُخْدُودِ
Чуңкур ээлерине – өлүм болсун!
85:4 -
النَّارِ ذَاتِ الْوَقُودِ
(Ал чуңкур) отундуу жалын!
85:5 -
إِذْ هُمْ عَلَيْهَا قُعُودٌ
Ошондо, алар (отко ыргытылган ыймандуулардын күйгөнүнөн ырахат алып) чуңкурдун жээгинде олтурушкан!
85:6 -
وَهُمْ عَلَىٰ مَا يَفْعَلُونَ بِالْمُؤْمِنِينَ شُهُودٌ
Алар(дын желдеттери) ыймандууларга жасап жаткан (азаптуу) иштерге күбө болуп турушкан!
85:7 -
وَمَا نَقَمُوا مِنْهُمْ إِلَّا أَنْ يُؤْمِنُوا بِاللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ
(Каапырлар) аларды Жеңүүчү, мактоого арзыган Аллахка ыйман келтиргендери үчүн гана азапка салышты!
85:8 -
الَّذِي لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ
Ал асмандар жана жер мүлкүнүн (жалгыз) Ээси! Аллах ар бир нерсеге Күбө!
85:9 -
إِنَّ الَّذِينَ فَتَنُوا الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ ثُمَّ لَمْ يَتُوبُوا فَلَهُمْ عَذَابُ جَهَنَّمَ وَلَهُمْ عَذَابُ الْحَرِيقِ
Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды динден кайтарууга аракеттенип, кийин тообо кылбагандарга тозок азабы бар! Жана аларга күйдүрүүчү азап бар!
85:10
Котормо: Шамсуддин Хакимов