Сүрө 76 Инсан, аят 20 – 22
-
وَإِذَا رَأَيْتَ ثَمَّ رَأَيْتَ نَعِيمًا وَمُلْكًا كَبِيرًا
Назар салсаң ал жерде (түгөнгүс) нээматарды жана өтө чоң дөөлөттү көрөсүң.
76:20 -
عَالِيَهُمْ ثِيَابُ سُنْدُسٍ خُضْرٌ وَإِسْتَبْرَقٌ ۖ وَحُلُّوا أَسَاوِرَ مِنْ فِضَّةٍ وَسَقَاهُمْ رَبُّهُمْ شَرَابًا طَهُورًا
Алардын (бейишке түшкөн ыймандуулардын) үстүндө жашыл жибектен жана (алтын-күмүш, асыл таштар кадалган) баркут-кымкаптан кийимдер… (Эркек-аялынын баарынын колдоруна) күмүш билериктер тагылган… Раббилери аларды тунук-пакиза шарап менен сугарган…
76:21 -
إِنَّ هَٰذَا كَانَ لَكُمْ جَزَاءً وَكَانَ سَعْيُكُمْ مَشْكُورًا
(Оо, ыймандуу пенделер!) Булар – силер үчүн сыйлык! Жана силердин (дүйнөдөгү аз гана) аракетиңер ченемсиз нээматтар менен төлөндү!
76:22
Котормо: Шамсуддин Хакимов